"Заноза" сайты боюнча соттук иштер уланды

Нарын Айып журналисттер угуп, көргөнүн гана айтууга аргасыз болуп, талдап ой жүгүртүүгө мүмкүн болбой баратканын айтып сөз эркиндигинин абалына тынчсызданууда Сүрөттүн автордук укугу istock
Image caption Нарын Айып журналисттер угуп, көргөнүн гана айтууга аргасыз болуп, талдап ой жүгүртүүгө мүмкүн болбой баратканын айтып сөз эркиндигинин абалына тынчсызданууда

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда "Заноза" сайтынын негиздөөчүсү "ПроМедиа" фондунун Октябрь райондук сотунун чечими боюнча доо арыздарын кароону улантууда. 16-августта эки иш боюнча апеляциялык арыз каралып, анда шаардык инстанция райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Мурдагы "Заноза" сайтына байланышкан беш башка соттук териштирүүнүн экөө каралды. Бул ишке Башкы прокуратура апрель айында президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп сотко кайрылганы негиз болгон. Жоопкер сөз эркиндиги кысымга кабылганын айтса, доогер тарап негизсиз ушак жазылган деп келет.

"Соттошууга негиз болду деп жаткан макаланын биринде президент тарабынан кайрымдуулук иретинде тапшырылып жаткан акчалар кайдан келип жаткандыгы тууралуу суроо көтөрүлгөн. Соттук иштер саясий куугунтук деп эсептейм. Анткени "Занозада" саясий, аналитикалык көптөгөн макалалар чыккан. Ошолорду жабыш керек болгон. Табылган шылтоонун да эч кандай салмагы жок. Мисалы бир макалда президенттин аты, жөнү бир да жолу аталган эмес. Ал жерде "начальник", "бийлик" деген гана сөздөр колдонулган. Бирок ошого карабай президенттин аброюна шек келтирет деп жатышат",-деп айтты айыпталуучулардын бири журналист Нарын Айып.

Сүрөттүн автордук укугу President
Image caption Март айында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев дагы журналисттерди калыс, так болууга чакырган

Бирок март айында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев дагы журналисттерди калыс, так болууга чакырган. Атамбаев " "Заноза" каратып туруп чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратты, биз калпычыларга тойдук" деп айткан эле.

Аталган соттук иштер коомдо ар кайсы өңүттө талкууланып, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу түрлүү пикирлерге жем таштап келет. Анда сөз эркиндиги начарлап кетти дегендер менен катар эле журналисттерди кесипкөйлүккө чакыргандар да бар.

"Мен кыргызстанда сөз экриндиги бар деп эсептейм. Менин көз карашымда бүгүнкү күнү бул боюнча маселе көтөрүүгө негиз жок. Ким калыс, такталган маалыматка ээ болсо интернет, теле же радиого жарыялоого эч кандай тоскоолдук жок. Маалымат так, негиздүү болушу керек. Эгер ачыктан-ачык эле жалган малымат чыгарып, ким бирөөнүн кадыр баркына доо кетире турган болсо андай маалыматты тараткан адам жооп бериши керек. болбосо ага факт, негиз бар экенидигин далилдеп бериши керек",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов.

Ал ошондой эле жөн гана кысымга албастан маселени сот аркылуу чечүү аракетинин өзү да калыстык деп кошумчалады.

Бирок журналист Нарын Айып журналисттер угуп, көргөнүн гана айтууга аргасыз болуп, талдап ой жүгүртүүгө мүмкүн болбой баратканын айтып, сөз эркиндигинин абалына тынчсызданууда.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Нарын Айып

"Эч бир мамлектте, эч качан жүз пайыз сөз эркинидиги деген болгон эмес, болбойт. Кээ биринде сексен, токсон дагы биринде кырк, элүү пайыз десе болот. Бизде сөз эркиндиги абдан төмөн. Кошуна мамлекеттерге салыштырганда балким 5-6 пайыз жогору. Бул Өзбекстан, Түркмөнстандын мисалында алганда ошондой. Биздин бийлик ошону бетке кармап, көрүнгөн жерде "бизде сөз эркиндигине кепилдик бар" деп айта беришет. А башкаларга караганда биздики 30-40 пайызга төмөн да. Он пайыз болсо деле Түндүк Кореяда дагы сөз эркиндиги бар. Ошол он пайыз менен мактанган жакшыбы же токсон пайызга жеткирүү абзелби?",- дейт журналист Нарын Айып.

Өткөн жазда Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева "Заноза" сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген.

Кийинчерээк "Фергана" порталы Кыргызстанда сот чечими менен токтотулган. Ал эми Коопсуздук комитети порталдын журналисти Улугбек Бабакуловго чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялады деп кылмыш ишин козгоп, журналист мындай аракети менен чет элден саясий башпаанек алууну көздөгөн деп айыптаган. Журналист жана маалыматтык портал дооматтарды четке кагып, бийликтин аракетин сынга алган.

Тектеш темалар