Текебаев соту боюнча кайчы пикирлер

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылат
Image caption Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылат

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылат. Алар мунапысты эске алганда, жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскарат дешүүдө.

"Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайкүл Токтакунованын айтымында, Текебаев менен Чотонов УКМКнын убактылуу кармоо жайында алты айга жакын отурду. Анын ар бири эки күндөн эсептелип, бир жылга чукул деп саналат.

Соттун өкүмүндө айтылгандай, кабыл алынган мыйзамга ылайык аларга дароо мунапыс колдонулду. Ага жараша жаза мөөнөттүн үчтөн бирин кыскарып, беш жыл үч айдай мөөнөтү калат. Андан алдын ала өтөгөн бир жылга жакын убактысы кемитилип, анык өтөлчү жаза 4,5 жылга чукул болот.

Ал тапта 5-июндан бери уланып келаткан бул соттук ишке, анын биринчи инстанциядагы жыйынтыгы боюнча пикирлер ар түрдүү.

Мамлекеттик ишмер, академик жана убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаев мамлекеттик үлкөн адамдардын чыр-чатактарды чече албай, соттошууга чейин жеткенине абдан өкүнөт.

-Мен бул ишке күбө катары барып катыштым. Бир эле Текебаевдин эмес, азыр болуп жаткан бардык соттук процесстерге өкүнөм. Буга чейин Талгарбеков, Асанов, Сарыгуловдун процесттери болду. Өтө оор өкүмдөрдүн чыгып жатканы мени абдан өкүндүрөт. Анткени бул жеке адамдардын тагдыры гана эмес, Кыргызстандагы саясий процессти көрсөтүүдө. Мен мыйзамды сыйлаган кишимин, ошондуктан буга чейин кызыма калп жерден иш козголгондо да кийлигишкен эмесмин. Өмүрбек Чиркешович менен 1990-жылдан бери чогуу иштеп жүрсөк да, соттук, укуктук эрежелерди сыйладык. Айыптоочу өкүм абдан өкүндүрөт. Бирок бул иш сөзсүз келечекте кайра каралат.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Мамлекеттик ишмер, академик жана убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаев мамлекеттик үлкөн адамдардын чыр-чатактарды чече албай, соттошууга чейин жеткенине абдан өкүнөт

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова өлкөдө көп соттор кантип өтүп жатканы ачык эмес экенин, ушул өңдүү коомчулуктун көңүл чордонундагы соттук иш жалпы сот системасынын жүзүн көрсөтөрүн белгиледи.

-Күнөө коюлуп жаткандан кийин ал далилдениш керек. Кылмыштын эч бири далилденген жок. Соттун өкүмү адилетсиз болуп калды. Бул соттук иштин таасири эки гана кишиге тийбейт, жалпы коомго терс таасир этчү соттук иш болуп калды. Анткени сот реформасынын негизги көрсөткүчү адамдардын сотко болгон ишеними. Төмөн ишеничти азыркы процесс ого бетер түшүрдү. Сот жараяндары кандай өтүп жатканын күнүгө эле билбейбиз. Бирок коом бул сот процессине көз салып турду.

Мурдагы элчи Тилектеш Ишемкулов мамлекетке эмгеги сиңгенине, саясаттагы чоң ордуна карабай, коррупцияга аралашкандар тегиз жазасын алыш керек деген оюн айтууда.

-Муну Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетип, өз алдынча түтүн булата баштагандан бери өтө чоң коррупцияга каршы бөгөт катары кабыл алышыбыз керек. Ар бир адам өзүн сактап калууга аракет кылат. Бирок Москвадагы эки күбөнүн айтканы далилдери менен так, даана. Алар мисалдары, суммалары менен айтып жаткандан кийин качып кутула албайт да. Андыктан алардыкына ишенгенге туура келет. Ушу тапта эки чоң маселе бар. Биринчиси, Текебаевдин тегерегиндеги тепкилешүүлөр. Экинчиси, алдыдагы ажобузду шайлоо. Бул экөө бири бирине байланыштуу. Соттун өкүмү чыккан менен президенттик шайлоого чейин бул талаш-тартыш улана берет.

Image caption Ал эми саясат боюнча эксперт, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев бул соттук иште суроолор көп экенине көңүл бурду

Ал эми саясат боюнча эксперт, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев бул соттук иште көп жагдайлар жабык боюнча калганын, жеке өзүндө суроолор көп экенине көңүл бурду.

-Алтын чакырылыштагы парламент жаңы эле келген кезде Өмүрбек Абдрахманов ушул окуя боюнча мага "Текебаев ушундай иштерди кылыптыр" деп айткан. Эми ал күбө катары да көрсөтмөсүн берди. Ал парламентте деле билдирген. А эмне үчүн ошол кезде көңүл бурулган жок. Жок дегенде депутаттык комиссия текшерүүгө алган жок. Жакында Азимбек Бекназаров дагы "Бабановду соттотом дегенде Роза Исаковна экөөбүз алып калганбыз" деп айтты. Бизде эмне бийлик текшер десе текшерип, текшербе десе токтотуп коё турган укуктун үстөмдүгүбү барбы? Муну Бекназаровдун сөзү далилдеди. Алган киши албетте танат, пара алуу фактысын далилдөө ошол жерден кармап албаса өтө оор. Бирок кыйыр далилдер болдубу жокпу, күмөн болуп калды. Бул резонанстуу иш болгондон кийин прокуратура далилдерди көрсөтүп, элге кенен түшүндүрмө, маалымат бериш керек.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева аталган соттук ишти саясий иш деп, сотторду люстрация кылыш керектигин айткан.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев сот акыйкатсыз чечим чыгарарына өзү камалганда билгенин айтып, кызматта жүрүп, сот реформасын баштаганда ага кабинеттик көз караш менен караганын мойнуна алган.

Оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, министр Дүйшөнкул Чотоновго16-августта сот өкүмү чыгып, сегиз жылдан кесилишти. Үй-мүлкүн конфискациялоо менен үч жыл мамлекеттик кызматка жолотпоо чечими чыкты. Өкүм күчүнө кире элек. Соттолуучулар ири суммадагы пара алууга айыпталууда. Алар оппозициялык көз карашынан улам куугунтукка кабылып жатабыз деп эсептешет. Прокуратура кылмыштар толук далилденгенин билдирген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар