"Текебаевден тест ал дешти, алдык"

Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюуга аракет кылып жатат
Image caption Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюуга аракет кылып жатат

Тил комиссиясы Текебаевден эмне үчүн азыр тест алынганын талапкерлерден тест алган эксперттик комиссия гана айта алат деди. БШК Текебаевдин кол тамгасын чогултуудагы чекиликтерди бир күн мурда өкүлдөрүнө эскерткенин, алар бир күн ичинде кемчиликтерди жойбогондуктан 17-августта кол тамга кагаздарын кабыл албоону чечкенин билдирди.

Тергөө абагындагы Өмүрбек Текебаев кыргыз тили боюнча тест тапшырганын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сайтына жазган.

Талапкерлерден тест алуу боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев алар аткаруучу экенин, адистерден түзүлгөн комиссия катары гана жобого ылайык тест алышканын айтууда.

Убактылуу кармоо жайына “Кыргызтест” борборунун мүчөсү Батма Топоева-Ставинская барып тест алган. Ал дагы мыйзамга ылайык, жабык жайдагы талапкерден тестти аткаруучу катары алып келип бергенин айтуу менен чектелүүдө.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Топоева, Акматалиев: Текебаевден тест ал дешти алдык

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин көпчүлүк добуш менен Өмүрбек Текебаевдин тил сынагын тапшыруусу үчүн атайын шарт түзүп берүүдөн баш тарткан. Ошол эле учурда бул маселенин тегерегинде көп талаш-тартыш жүрүп жатканда БШК сот жүрүп жаткандыктан, Текебаев жабык жайда болгондуктан ага киришүүгө мыйзамда эч нерсе каралбаганын айткан.

Мына ошондуктан азыр БШКнын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов Текебаевдин сынакка киришине бөгөт да койгон эмеспиз деп жатат.

“Сынак тууралуу мен да кечинде эле ЖМКдан уктум. Сынакты өткөрүүнүн жол-жоболору БШКнын укуктарына кирбейт. Соттун чечимин бардык органдар аткарганга милдеттүү, ошого байланыштуу Текебаев соттун чечимине ылайык, жабык жайда болгондуктан БШК аны өзгөртө албайт. Биз чечимди Текебаевди сынакка катыштыруу боюнча кабыл алган жокпуз. Бизге шартты камсыздап бергиле деп кайрылган, а биз камсыздап бере албайбыз деген чечим кабыл алганбыз”, - деп деталдарын түшүндүрүүдө Бекматов.

Image caption Өмүрбек Текебаев жабык жайда болгон үчүн тест тапшыруу маселеси чыкканын БШК айтып келет

Тил сынагы алынаар менен Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин топтолгон колдорун жараксыз деп тапты. Алардын жүйөөсүндө, кол тамга топтоого каражаты көрсөтүлгөн эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта Текебаевди тестке киргизүүдөн баш тарткан чечим кабыл алган күнү “Ата Мекен” партиясынын юристти Канат Азиз БШК атайын соттун чечимин күтүп жатканын Би-Би-Сиге айткан эле.

Ал эми БШК талапкерлердин кол тамгаларын кароо графигине ылайык караганын жүйөө келтирүүдө.

Текебаевдин юристтери кол тамга топтоо үчүн кагаздын каражаты өңдүү чыгымдарды штабдан гана каржыланганын, ага өзүнчө көп акча кетпегенин айтууда.

Убактылуу камактагы Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюуга аракет кылууда. Ал үчүн негизги шарттар кыргыз тилден тест тапшыруу, кеминде 30 миң адамдын кол тамгасын чогултуу.

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев 26-февралдан бери камакта. Ага жана партиялашы Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомго" байланыштуу бир миллион доллар пара алган деп айып тагылууда. Алар муну саясий куугунтук дешет. Райондук сот аларды сегиз жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал күчүнө кире элек.

Тема боюнча башка макалалар