Р. Момбеков: 21-августта Жээнбеков кызматын тапшырат

Момбеков: 21-август күнү Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт
Image caption Момбеков: 21-август күнү Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт

Айрым маалымат каражаттары жазып, социалдык тармактарга тараган кабарларга караганда 21-август күнү Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция кезексиз жыйынга чогулат. Ага улай эле болочок өкмөт башчы ким болоору аныкталганы тууралуу жазылып, бир нече адамдын аты жөнү көрсөтүлгөн.

Ким, кандай жол менен өкмөт башчы болушу мүмкүн деген суроо интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууланып, ар кандай пикирлер тарап жаткан чак. Президенттин кеңешчиси Калыкбек Султановдун да кызматтан кетиши ар кандай жоромолдорго негиз болгондой. Ал тургай Султановду өкмөт башчыга талапкерлердин бири деген көз караштар да бар экенин байкоого болот. Буга байланышкан дагы башка ысымдарды да атоого болот. Алар Сапар Исаков жана Бишкек мери Албек Ибраимов.

"21-август күнү Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт. Мен билген маалымат боюнча Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн чоң жыйынын чакырып, президенттикке койгондугуна байланыштуу кызматынан кеткендиги тууралуу маалыматты киргизет. Отставкага бергени - кызматынан кеткени. Президентибиз Алмазбек Шаршенович ошол күнү өкмөттүн отставкасын кабыл алып, коалициялык көпчүлүккө жаңы өкмөттүн курамын түзүү үчүн мандатын тапшырат. Көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттүн курамын түзүү боюнча бир пикирге келгенден кийин аны комитеттин кезексин жыйынын чакырып, анда карагандан кийин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакыраары күтүлүүдө. Бул ошентип 25-августка барып такалат. Өкмөт башчылыкка Сапар Жумакадыровичтин талапкерлиги каралат деп болжоп жатам",- дейт Жогорку Кеңештин дептутаты, КСДП мүчөсү Рыскелди Момбеков.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Буга чейин президенттик шайлоого аттангандардын кээ бири, талапкерлер арасында бирдей мүмкүнчүлүк болушун айтып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшыруусу зарыл деп келишкен.

Буга чейин президенттик шайлоого аттангандардын кээ бири, талапкерлер арасында бирдей мүмкүнчүлүк болушун айтып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшыруусу зарыл деп келишкен. Тил сынагынан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жээнбеков өзү да кызматын качан өткөрүп берээрин так айткан эмес. Өкмөт башчынын мындай жообу ал талкууларды ого бетер күчөткөндөй болгон.

"Биринчи вице-премьер-министр Абулгазиев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп калат. Жээнбеков болсо шайлоого байланыштуу эмгек өргүүсүнө кетиши мүмкүн. Бийлик жана Жээнбековдун өзү да кызматын биротоло тапшырып, мындай чоң тобокелге барбайт. Себеби шайлоодо башка бирөө жеңип чыкса, кайра эс алуудан келип кызматын улантуу мүмкүндүгү бар да",- дейт саясат таанучу Табылды Акеров.

Бирок өкмөт башчынын кызматын активдүү үгүт иши башталганга чейин улантканы туура, ага мыйзам да жол берет дегендер да бар.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Турсунбек Акун

"Баш мыйзамдын отуз жетинчи жана кырк экинчи беренелеринде так жазылып турат. Премьер-министр шайлоого катыша турган болсо биринчи орун басарына кызматын убактылуу тапшырып, өтпөй калса кайра келип иштей берет деп турат. Өткөн күндө деле ант берүү аземине чейин ишти уланта алат. 2011-жылы 25-сентябрда үгүт башталмак, ага бир күн калганда Алмазбек Шаршенович кызматын тапшырып берип, агитацияга кеткен. Ким гана премьер-министр болбосун өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн жуп гана үгүт иштери башталаарда кызматын убактылуу тапшырышы керек",- дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.

Ошентип өкмөт башчы кандай жол менин кимге, качан кызматын өткөрүп берээри азырынча так белгисиз. Бийлик президенттик шайлоого талапкер катары чыккандардын баардыгына мыйзамга ылайык бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн убада кылган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар