БШК Сооронбай Жээнбековду талапкер катары каттады

Сооронбай Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу official

Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтеги КСДП партиясынын талапкери, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке үчүнчү талапкер катары каттады.

Бүгүн БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага талапкерлигин тастыктаган күбөлүк тапшырып, шайлоодо ийгилик калаады.

"Кудайым колдоп, мекендештерим ишенип добуштарын берсе менин максатым - жеңишке жетиш. Жеңишке ишенбей туруп, мен бул шайлоого барбайт болчумун. Мага болгон ишеничти акташ үчүн толук мүмкүнчүлүгүмдү, күч аракетимди жумшайм", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал буга чейин ага премьер-министрликтен толук кетпей, убактылуу ыйгырым укуктарын токтото туруу кеңеш берилгенин, бирок башка талапкерлер менен бирдей шартта шайлоого баруу ниети болгондуктан кызматын толук тапшырып жаткандыгын белгиледи.

Журналисттердин анын ордуна ким өкмөт башчы болот суроосуна, ал азырынча маалымат жоктугун айтты. Буга чейин айрым ММКлары Сооронбай Жээнбековдун ордуна президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков келерин каңкуулашкан.

Өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев дагы келиши мүмкүндүгү айтылган.

Жээнбеков учурда өкмөттө жыйын өткөрүудө, бүгүн түштөн кийин президент Атамбаевдин кабылдоосунда болуп, отставкага кетүү тууралуу арызын тапшырарын ачыктады.

58 жаштагы бийлик талапкери "Кыргызтесттен" 94,6 балл алып, 49 миң 700дөн ашык тарапкерлеринин кол тамгасын тапшырган. БШК бүгүн алардын 45 миң 959үн жарактуу деп табылганын билдирди.

Тектеш темалар