Жээнбеков талапкер мандатын алып, премьерлик кызматын тапшырды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого байланыштуу отставкага кетти Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого байланыштуу отставкага кетти

Бийликтеги КСДП партиясынын талапкери, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттикке үчүнчү талапкер катары катталды. Бүгүн БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага талапкерлигин тастыктаган күбөлүк тапшырып, шайлоодо ийгилик каалады.

Буга чейин талапкер макамын БШКга арыз бергендерден Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов алган.

Жээнбеков отставкага кетти

“Кудайым колдоп, мекендештерим ишенип добуштарын берсе менин максатым - жеңишке жетиш. Жеңишке ишенбей туруп, мен бул шайлоого барбайт болчумун. Мага болгон ишеничти акташ үчүн толук мүмкүнчүлүгүмдү, күч аракетимди жумшайм”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал буга чейин ага премьер-министрликтен толук кетпей, убактылуу ыйгарым укуктарын токтото туруу кеңеши берилгенин, бирок башка талапкерлер менен бирдей шартта шайлоого баруу ниети болгондуктан кызматын толук тапшырып жаткандыгын белгиледи.

“Мен дагы отурсам болмок 10-сентябрга чейин. Бирок бардык талапкерлерге бирдей шарт болсун деп кетип атам”,- деди Жээнбеков.

58 жаштагы бийлик талапкери буга чейин “Кыргызтесттен” 94,6 балл алып, Боршайкомго 49 миң 779дөн ашык тарапкерлеринин кол тамгасын тапшырган. БШК бүгүн алардын 45 миң 969ү жарактуу деп табылганын билдирди.

Журналисттердин анын ордуна ким өкмөт башчы болот суроосуна, Жээнбеков азырынча бул тууралуу маалыматы жоктугун айтып кутулду.

Бирок буга чейин айрым ММКлары Сооронбай Жээнбековдун ордуна президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков келерин каңкуулашкан.

Өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин дагы келиши мүмкүндүгү айтылган.

Атамбаев: Жээнбековдун өкмөтү эң мыктысы болду

Жээнбеков талапкер мандатын алгандан кийин өкмөттө журналисттер суроосуна жооп берип, түштөн кийин президент Атамбаевдин кабылдоосунда болуп, отставкага кетүү тууралуу арызын тапшырды .

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков премьер-министр катары өкмөт мүчөлөрү менен акыркы жыйынын да курду. Анда ал жетектеген өкмөт өлкөдөгү социалдык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү кыйла көтөрө алганын айтты. Жогорку Кеңеш 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун жактырып бергенин да эскерип өттү.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жээнбеков премьер-министр катары өкмөттө акыркы жыйынын өткөрдү

“Эң негизгиси кылган ишибиздин практикалык жыйынтыгын элибиз көрүп, өз турмушунда сезип, аракетибиз калкыбыздын жактоосуна ээ болду. Муну ачык айтсак болот”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал баштаган өкмөт 2016-жылы өлкөдө ички дүң продуктынын чыныгы өсүшүн 3,8% га көтөрүп, номиналдык көлөмү 458 млрд. сомго жеткире алганын айтууда. Былтыр айыл чарбада өсүш 3%, кызмат көрсөтүү тармагында 2,9%, өнөр жайда 4,8%, курулушта 7% жеткени өкмөттүн отчетунда келтирилет.

Быйыл 27-апрелде өкмөт парламентте отчет берип жаткан чакта, оппозиция аны сынга алып талкууга чогулган. Эсеп палатасынын мурунку мурунку төрайымы Элмира Ибраимова "Эмне үчүн Кыргызстан жакыр?" мазмунунда доклад жасап жатып, буларды айткан эле:

“Статистика өлкөдө экономикалык абал жакшырып жатканын көрсөткөнсүйт. Бирок 2016-жылдын бюджетин карай турган болсок, кирешенин өсүшү 2015-жылга салыштырмалуу 0,1% эле болуп атат. Бардык жерде өсүш, бирок киреше жок. Акчалар кайда анан?",- деген болчу Ибраимова.

Анткен менен президент Атамбаев бүгүн Жээнбековдун отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл алып жатып, ал президент болгон мөөнөттөгү эң мыкты өкмөт Жээнбековдуку болгонун баса белгиледи.

Жээнбеков президент болсо, Атамбаевдин саясатын улайт

Соңку бир жылда Сооронбай Жээнбеков эки жолу премьер-министр болгонго үлгүрдү.

Биринчи жолу былтыр мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин (президенттикке дагы бир талапкер) Балыкчы-Корумдун жолунун курулушу боюнча тендерде кытай инвесторунун кызыкчылыгын сүрөгөн деген айыптардан кийинки чулгандуу отставкасынан соң 13-апрелде президент тарабынан дайындалган эле.

Конституциялык реформа маселесинде парламентте тиреш күчөп, былтыр 24-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП, ''Кыргызстан'', ''Өнүгүү-Прогресс'' жана ''Ата-Мекенден'' турган көпчүлүк ыдырап, өкмөт да тараганга туура келген.

''Ата Мекен'' сыртта калтырылып, 3-ноябрда КСДП, ''Кыргызстан'' жана ''Бир Болдон'' турган жаңы көпчүлүк коалиция түзүлүп, өкмөт башчылыкка 11-ноябрда кайрадан эле Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлүп, бекиген.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев: Президенттик мөөнөт тушумда өкмөттөрдундүн эң мыктысы Жээнбековдуку болду

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылып жүрөт. Президент өзү да аны такай кайталап келет.

“Буйруса, президент болуп шайланып калсам, Алмазбек Шаршенович баштаган чоң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү багытын улантам. Жетишкен жетишкендиктерди кармап калууга аракет жасаймын”, -деди бүгүн өкмөт жыйынында Сооронбай Жээнбеков.

Тектеш темалар