Пенсия инфляция менен айлыкка жараша жогорулайт

Image caption Бул жолу пенсиянын негизги бөлүгүнө 280 сом кошулат, камсыздоо бөлүмү катыш менен эсептелет

Октябрдан тарта пенсия орточо болжолдуу 500 сомго жогорулайт. Социалдык фонд орточо пенсия жашоо минумумунан ашты деген менен пенсионерлер пенсияга бир ай жашоо реалдуу эмес экенин дагы баса белгилешүүдө.

Биринчи октябрдан тарта пенсия көбөйөт деген жаңылыкты пенсионерлердин баары уккандай, бирок бул аларды кубанттыбы?

Бишкекте жашаган 64 жаштагы Бурма Турусбекова жолдошу экөөнүн пенсиясы канчага көбөйөөрүн эсептеп отурушат. Жолдошунуку 200 сомдон ашык суммага өсөт экен.

Image caption Кыргызстанда пенсионерлер октябрда 627 миң болот

“Беш миң сом пенсия алам, эгер жакшы тамактансак ал үч күнгө жетет. Жолдошум экөөбүздүкү сегиз миң сом. Абдан үнөмдөгөндө да он күнгө жеткиресиң. Биздин балдарыбыз жардам берет, алар болбогондо кандай жашамакпыз билбейм. Балдары жок, пенсияга гана жанын баккандар нан, чай менен отурушат го. Менин бул жердеги пенсионер кошунам нандан башка нерсе сатып алып келгенин көрбөйм”, - деди Турусбекова Би-Би-Сиге.

Ошондо Бурма Турусбекованын пенсиясы орточо пенсия сабына киргендиктен 500 сомдун тегерегинде кошулат. Акчанын эң көп бөлүгү тамак-ашка кетсе, коммуналдык кызматтар, дары-дармек, эки жака чыгуу өңдүү чыгымдар бар экенин белгилей өттү пенсионер:

“Көп дары колдонбогонго аракет кылабыз. Бирок өтө зарыл учурда алабыз. Жолдошум кан басымын түшүрүү үчүн такай дары ичет, ал абдан кымбат эле, эми бир аз арзандап калды. Эки жака барыш керек дегенди айтпай эле коёюн. Мамлекеттин бизге бир берген жардамы бул жол кире, акысыз жүрө аласың”.

Пенсия бул жолу пайыз менен эмес, анын суммасына жараша көтөрүлөт. 1500 сомду түзгөн негизги бөлүгү эми 1700дөн ашыгыраак болот, камсыздоо бөлүгү катыш менен мурунку жылдагы инфляциянын жана айлык акынын өсүшүнө жараша эсептелип, көбөйтүлөт, бирок ал 240 сомдон аз болбойт.

Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров орточо пенсия жашоо минумумунан ашканын жана мамлекет пенсияны колундагы акчасына жараша көбөйтөрүн айтууда.

Image caption Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров орточо пенсия жашоо минумумунан ашканын

“Улуттук статистика комитети пенсионердин жашоо минумумун чыгарат. Ал былтыры 4306 сом болгон. Биздин орточо пенсиябыз октябрда көбөйтсөк, 5517 сомду түзүп, жашоо минимумунан көп болуп жатат. Биздин эң негизги максатыбыз пенсионерлердин пенсиясын ошол жашоо минимумунан ашыруу”, - деди Теңизбек Абжапаров.

Пенсия көтөрүлгөн убакка Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 627 миң болот. 2018-жылы пенсия үчүн 50 млрд сом керектелет.

Эл аралык эмгек фондунун эсебинде, бир пенсинердин пенсиясы камсыздалыш үчүн үч эмгек курагындагы жаран төлөмдөрдү берип туруш керек. Кыргызстанда бир пенсионерге 1,2 иштеген жаран туура келет. Андыктан пенсия төлөөнүн келечегинен кооптонгондор бар.

Ал эми өкмөт өкүлдөрү реформалар аркылуу пенсия системасын жакшыртып, улам көтөрүп турабыз дешти.

Тектеш темалар