Ак илбирсти изилдөөгө жаңыча мамиле

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Тоо башындагы ак илбирстер

Кыргызстанда ак илбирске аңчылык кылгандарга салынган айып пул беш жүз миңден бир жарым миллион сомго көбөйтүлдү. Мындай чечим Бишкекте өтө турган ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумдун алдында кабыл алынды.

Бишкектеги эл аралык форумда ак илбирстер байырлаган он эки өлкөнүн жетекчилери жана өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана донор уюмдардын лидерлери, илимий мекемелердин кызматкерлери чакырылган.

Ак илбирске жаңыча мамиле

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Кыргыз баласы илгертен ак илбирсти ыйык санап, аяр мамиле кылып келгени менен турмушунда, айталы бардар, бийлиги бар кишилер сөөлөт күтүп, илбирстин терисинен ичик, тебетей кийген, бири-бирине ушундай тартуу берген учурлары боло келген эмеспи. Совет мезгилинде зоопарктар үчүн ак илбирсти Кыргызстандан алдырып кеткен мисалдар болгон. Бирок эми мамиле өзгөрүп, ак илбирсти коргоо чакырыктары катуу айтыла баштады. Маселен быйылкы жылы ак илбирске аңчылык кылган бир дагы учур катталган эмес.

Өлкөдөгү жаратылышты коргоочулар мурда-кийин анчейин маани берилбей келген бул маселеге өкмөттүк мамиле жакшырды деп мүнөздөп жатышат.

"2010-жылга чейин ак илбриске аңчылык кылгандарга салынган айып пулдун көлөмү абдан аз болчу. Кайтаруу иштерине да жакшы көңүл бурулчу эмес. Азыр акчасын да көбөйтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамдарды алып чыгып жатышат. Өлкөдө он жаратылыш коругу болсо, ошонун баарынан ак илбирстерди кездештирдик. Саны боюнча айырмасы бар, эң көп Сары-Чат-Ээр-Таш коругунда азыркы учурда 22 ак илбирс бар деп санап жатышат. Ал эми Нарын коругунда 20нын тегерегинде деген маалыматтар бар. Ысык-Көл облусунда дагы жаңы «Хан-Теңири» коругу ачылды. Жаңы ачылып жатканда эле бир ак илбирсти көрдүк",-дейт Улуттук илимдер академиясынын биологиялык жер кыртышы институтунун башкы илимий кызматкери, биолог Аскар Давлетбаков.

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan
Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Кыргызстандагы ак илбирстердин так саны боюнча маалымат жок. Болжолу 300дөн 500гө чейин деп айтылып жүрөт. Соңку жылдарда ак илбирстерди иликтөө иштери жанданган. "Пантера" деп аталган жапайы жаратылышты сактоо жана илимий изилдөөлөрдү өткөрүү максатында иш алып барган фонд сүрөт капкандарды коюп, илбирстердин моюнуна каргы тагып, спутник аркылуу алар байырлаган аймактардын аянтын, жан багуу айласы кандай экенин иликтеп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

"Кыргызстандан беш ак илбирстин моюнуна каргы тактык. Тажикстанда аңчылар кармап алган ак илбирсти ал өлкөнүн коопсуздук кызматы колго түшүрүп, бизге кабарлап, анан биз ага дагы каргы тактык. Спутник аркылуу алар байырлаган жердин аянттарын байкоого алып жатабыз. Тажикстандагы ак илбирстин байырлаган аянты чоң экен, ал Ооганстан аймагына чейин кирип-чыгып турат. Ал эми биздеги ак илбирстер коруктун айланасынан чыккан жок. Бул аркылуу биз алар байырлаган аймакты изилдеп жатабыз. Экинчиден бири-бири менен байланыштарын иликтенүүдө. Канчалык бийик жерлерде жүрөт? Ак илбирстер эмне жандыктарды жеп жатканын алар калтырган калдыктар аркылуу иликтөө алынууда",-деди аталган фонддун өкүлү Рахим Куленбеков.

Изилдөөчүнүн айтымында, Кыргызстандагы ак илбирстер көбүнесе тоо текелер менен азыктанып, кар оор түшкөн мезгилде төмөн көздөй түшүп аркар-кулжага аңчылык кылышат. Маселен, былтыры кар оор түшүп, ак илбирстер төмөн көздөй жылышкан.

"Кыргызстан жаратылышты сактоодо жана аны өнүктүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуп жатат. Маселен, ак илбирсти көбөйтүүгө жакшы шарт түзүүгө умтулууда",-деп баалады Кыргызстандагы аракеттерди Жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонддун жетекчиси Марко Ламбертини.

Кыргызстанда ак илбирстер саны көбөйүп жатабы?

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Ак илбирстер жер шарынан тукуму кыскарып, жоголуп бараткан жапайы жаныбарлардын бири. Алар деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктиктеги Гималай жана Тибеттин бийик-аска-зоолорун байырлашат.

Кыргызстандагы ак илбирстер 3 миң метрден кем эмес бийик жерлерди байырлайт дейт иликтөөчүлөр.

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Так саны белгисиз болгону менен көзгө көп урунуп жатканын эске алганда алардын саны мурдагыдай көбөйдү деп айтса болот-деди иликтөөчү Аскар Давлетбаков.

"1996-жылдары алгач ирет иликтеп баштаган учурда, айталы адам буту баспаган Жагалмай жакта бир ай издеп жүрүп бир эле изди көргөмүн. Азыр эми ак илбирс бар деп айтылган кайсыл тоого барба кышындасы сөзсүз изин көрөсүн. Эгерде саны көбөйбөсө биз издерди көрбөйт элек да".

Азыркы күндөрдө алардын көбөйүшүнө толук шарттар түзүлүп калганын айткан "Пантера" фондунун өкүлү Рахим, биз азыр мурунку маалыматтар менен эле сүйлөп жатабыз жаңы жагдайларда өзгөрүү болушу мүмкүн деп болжоп жатат.

"Ак илбирс жей турган жандыктар саны көбөйдү. Бул деген тамагы кенен, корукта жүрөт, бүт шарттар түзүлгөн. Демек, бул алардын санын өстүрүүгө сөзсүз таасир этиши керек".

Дүйнөдөгү абалы кандай?

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Дүйнөдөгү 12 өлкөнүн аймагында - Ооганстан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Ɵзбекстан , Кыргызстанда ак илбирс байырлайт.

Дүйнө жүзү боюнча төрт миңден алты миңге чейин ак илбирстер бар экени айтылып жүрөт. Соңку иликтөөлөргө караганда 2008-жылдан бери дүйнө жүзүндө 221ден 450гө чейинки ак илбирстер адамдын колу менен өлтүрүлгөн.

Браконьерчиликтин 90 пайызы беш өлкөгө таандык - Кытай, Монголия, Пакистан, Индия жана Тажикстан.

Ушул жылдын башында Кытайдын Тибет аймагынан тартылган ак илбирс менен бул тукумдагы башка жер шартына ылайыкташып жашаган кабыландар аралашып жүргөнү чагылдырган сүрөт жана тасма жартылыш коргоочулары катуу тынчсыздандырды.

Сүрөттүн автордук укугу Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик тоолорго чыгып ак илбирс менен бир аймакта байырлап калуусунан иликтөөчүлөр кооптонуп жатышат.

Январдагы Непалда өткөн ак илбирстер боюнча жыйында так ушул маселе каралган эле.

Кабыландар глобалдык жылуулуктан улам жогору карай жылып, Азиянын айрым бийик тоолуу аймактарын ээлеп баратышат. Мындай абалдан улам ак илбирстер байырлаган аймактар кыскарып, жан багууда атаандаштык жаралып, алардын тукуму кыскарып, жок болуп кетүү коркунучу пайда болду.

Тектеш темалар