Талас Бегалиев: “Көкпар”чемпионатынын финалына Назарбаев өзү келет экен
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Талас Бегалиев: “Көкпар” чемпионатынын финалына Назарбаев өзү келет экен

Астанада “Көкпар” боюнча дүйнөлүк чемпионта өтүп жатат. Кыргызстандык улакчылар бүгүн түркиялык улакчылар менен таймашып 13:3 эсебинде утуп алышты.

Буга чейин Монголия жана Өзбекстандын курама командалары менен оюн өткөрүп, чоң айырма менен жеңишке жетишкен. Алдыда Тажикстан жана АКШ командалары менен да күч сынашат.

Бул мелдеште башкы атаандаштар Кыргызcтан менен Казакстандын улакчылары экени айтылууда.

Оюндар Астанадагы “Казанат” ат майданында өтүп жатат. Көкбөрү күйөрманы Максат Чакиев Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Талас Бегалиев менен болгон маегин Би-Би-Сиге жолдоду.