Ерлен Оспанов: Манас Ниязовдун келбей калышында эч кандай саясат жок

Астанада "Көк пар" оюну уланууда Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Астанада "Көк пар" оюну уланууда

Астанада "Көк пар" оюну уланууда. Бүгүн кыргызстандык көк бөрүчүлөр Түркиядан келген улакчылар менен беттешип 13:3 эсебинде утуп алды. Социалдык тармактарда өзгөртүлгөн эрежелер жана улакчы Манас Ниязовдун Казакстанга барбай калганы боюнча талкуулар токтой элек.

Кабарчыбыз Абдыбек Казиев Казакстандагы "Улуттук оюндар" ассосациясынын вице-президенти Ерлен Оспановго кайрылып, чемпионатка канча мамлекет катышып жатат деп сурады.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Ерлен Оспанов: Жалпы 12 мамлекетке чакыруу жиберилген. Бирок азыр он бир мамлекеттин улакчылары ойноп жатат. Азербайжан келбей калды. Монголия, Кытай, Орусиядан келген улакчылардын басымдуусу казактар. Алар ошол мамлекттердин жарандары. Ал жактарда дагы этникалык казактар жашайт. Ошолор келип ойноп атат.

Би-Би-Си: Элдин маанайы кандай, оюндар кандай өтүп жатат?

Ерлен Оспанов: Элдин маанайы жакшы, стадион толо болбосо да бир топ эле келип жатат. Эгер Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары күч сынаша турган болсо абдан көп келет деп күтүп жатабыз.

Би-Би-Си: Тай казанды желим тегерек менен алмаштырууга чындап эле эмне себеп болду?

Ерлен Оспанов: Тай казанды биз өз алдыбызча эле алып салган жерибиз жок. Башка өлкөлөрдөн сунуш болду. Аны башкалар менен кеңештик, ортого салып талкуулдаык. Талкууга катышкан мамлекеттер аны алууга сунуш берди.

Би-Би-Си: Өзүңүз жакшы билгендей 2001-жылы эл аралык "Көк-бөрү" федерациясы түзүлүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Кытай, Россия жана Афганистан мүчө болгон эле. Анда жалпыга бирдей эреже кабыл алынды эле. Эмне себептен бул жолу "Көк пар" болуп өзгөртүлдү? Бул эмнени түшүндүрөт?

Ерлен Оспанов: Бул жерде Кыргызстанда ойнолуп жаткан көк бөрүгө эч кандай каршылыгыбыз жок. Казакстанда бул көк пар деп аталат. Сиз айткандай 2001-жылдан бери он алты жыл өткөн экен. Ушул узак убакытта казак, кыргыздан башка эч ким тай казанда ойноону өздөштүрүп кете алган жок. Жаңыртууга мезгил жетти деп ойлоп ушундай чечим кабыл алдык. Бул өз жыйынтыгын берсе, дагы талкуулап дагы бир чечимге келебиз деп ойлойм.

Сүрөттүн автордук укугу youtube
Image caption Ерлен Оспанов

Би-Би-Си: Эгер оюн учурунда улакчы аттан жыгылса анын ордуна башка улакчы оюнга кире алабы? Кире албаса эмне себептен кире албайт?

Ерлен Оспанов: Ооба. Эгерде жыгылып ат оюн талаасынан чыгып кеткени менен оюнчу аянттан чыга элек болсо башка оюнчу кире албайт. Эреже ошондой. Себеби бизге адамдын коопсуздугу маанилүү. Негизи жыгылган учурда оюнчунун абалына карайбыз. Ал өзү басып чыгып баратса анда оюн токтбойт. Кокус жатып калып же бир нерсе болсо медициналык жардам көрсөтүлүп, оюн токтотулат.

Би-Би-Си: Аттарды ошол жактан убактылуу алып оюнга кирүүгө болобу? Себеби күнүгө ойногон аттар чарчайт эмеспи

Ерлен Оспанов: Ошол маселе көйгөйлүү суроо деп айтууга болот. Азыр бир аттын абалы начар, өлүп калабы деп да кооптонуп атабыз. Биз калыстар кеңеши менен чогулуп, бул маселени талкулайбызбы деп турабыз. Бирок жалпы аттарды алмаштырууга уруксат берилбейт. Балким абалы начарлап кеткен 1-2 ат болсо мүмкүн алмаштырууга болот.

Би-Би-Си: Оюнга кимдер калыстык кылууда?

Ерлен Оспанов: Калыстар боюнча баардык мамлекттерге билирүү таратканбыз. Ар бир мамлекттен бирден калыстын келүүсүнө уруксат берилет деп айтылган. Башка өлкөдөн келген калыстар дагы бар.

Би-Би-Си: Кыргызстандык көк бөрүчүнүн оюндан чыгып калышы аябай кызуу талкууга жем таштады. Сиздер буга кандай коментарий берет элеңиздер?

Ерлен Оспанов: Дал ушул боюнча пикир айтууга убакыт жетти го деп ойлойм. "Көчмөндөр оюнунда" биздин улакчыбыз жаракат алып, түнкү он экиге чейин реанимацияда жатканына карабай оюнду уланттык. Ошондой жагдай болгон учурда "Көк бөрү" федерациясы Манас Ниязовду оюндан четтетүү керек эле. Четтетип эле тим болбой анын маселесин кароо керек эле. Ал эрежени одоно бузду. Себеби алыстан келип ат менен урдурууга болбойт. Адам мертинип калат. Буга байланыштуу менин расмий билдирүүм болсун деп айтат элем. Анын ушул жолу Казакстанга келбешин федерациядан өтүндүк. Анткени бул анын коопсуздугу үчүн. Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз анын эреже бузуусун туура эмес деп эсептейбиз.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Манас Ниязов

Би-Би-Си: Оюн учуранда эреже буза турган болсо улакчыга айып катары беш мүнөт оюндан чыгуусу керек экен. Бул убакыт өтө көп эмеспи? Себеби футболдуку сыяктуу азыраак берсе болбойт беле?

Ерлен Оспанов: Бул алдын ала бекитилген эреже. Эми аны андай же мындай деп өзгөртүүгө болбойт. Мен учурдан пайдаланып кыргыз туугандарга айтаарым, баардык жерде талкуулар жүрүп жатат. Биз көк пар аркылуу эки элди уруштуралы деген жерибиз жок. Биз көк парды ааламга таанытуу аркетин көрүп жатабыз. Бул оюнду дүйнөгө таанытууга кызыкдар мамлекеттер бири Казакстан болсо дагы бири Кыргызстан.

Тектеш темалар