Социал-демократтар өкмөттүн жаңы курамын кеңешүүдө

Сапар Исаков Сүрөттүн автордук укугу official

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы ушул тапта премьер-министрликке сунуштала турган талапкери Сапар Исаковдун программасы менен таанышып жатканы айтылууда.

Жабык эшик артында өтүп жаткан фракция жыйынында өкмөттүн жаңы курамы боюнча да сөз болот деп күтүлгөн. Андан кийин парламенттеги көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттү түзүү маселесин талкууламакчы. Ал эми жалпы парламенттин кезексиз жыйыны 25-августта өтөт.

Жергиликтүү басылмалар өкмөттүн курамы бир топ өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн экенин жазып жатышат. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин ордун Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ал эми коргонуу жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун ордун Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Темир Жумакадыров ээлеш мүмкүн деп жазды АКИpress сайты.

Башынан эле премьерлик кызматка президенттик апараттын жетекчиси Сапар Исаковдун аты аталган эле. Айрым эксперттер башкаруучу коалициядагы социал-демократтар өкмөттүн курамын шайлоодон кийин дагы өзгөртпөй сактап калгандай курайт деп болжоп жатышат.

Социал-демократтар алып келген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер катары катталып, отставкасын жарыялаган. (AbA)

Тектеш темалар