Шайлоо 2017: Талапкерлер саны суюлууда

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Президенттикке арызын берген УКМКнун мурунку төрагасы Марат Иманкулов жана КСДП партиясынын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов талапкерлигин чакыртып алышты. Алар шайлоо таза өтөрүнө көздөрү жетпегендиктен ушундай чечимге келгенин айтышып, “Ак Шумкар” лидери Темир Сариевди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Мурунку УКМК төрагасы жана КСДП өкүлү жарыштан чыгышты

“Мындан ары бул шайлоо процессине катышууга мүмкүн болбой калды. Эмне себептен? Биринчиси азыркы шайлоо таза болбосуна көзүм жетти. Мен эле эмес, командам да түшүндү. Шайлоо процессин уюштуруучу мамлекеттик орган – БШК мыйзам бузууда, Конституцияны бузууда. Мисалга, Текебаевди эле алалы”,- деди маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Марат Иманкулов.

Ал шайлоого аттанган башка талапкерлерге кайрылып бир лидер айланасында чогулууну жана өлкөдөгү кырдаалды талкуулоону сунуштады.

Иманкулов талапкерлер арасынан Темир Сариевди колдоого ниети бар экендигин билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption КСДПнын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов шайлоого баруу ниетин билдиргенден кийин партия катарынан чыгарылган.

Бүгүн ошондой эле Социал-демократтар партиясынын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов да маалымат жыйынында президенттикке баруудан расмий баш тартты. Журналисттердин бул чечим күрөө акыга коюлчу 1 миллион сомго байланыштуу эмеспи суроосуна ал деп жооп берди:

“Президенттике же депутаттыкка олигархтар эле бара турган кылып күрөөнү көтөрүлгөнү туура эмес. 1 миллион сомдук күрөөнү төгүүгө менде, Марат Иманкуловдо да мүмкүнчүлүк бар. Биз ал күрөөдөн качкан жокпуз. Бирок аны адам укугун тебелегендик деп эсептейбиз. Эки айдан бери кол топтоп жүрүп түшүндүк, таза шайлоо өтпөйт, ошон үчүн талапкерлигибизди алып атабыз”,- деди Абдрахманов.

Бийликтеги КСДП партиясы президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүнө карабастан партия мүчөсү болуп туруп, жалпы чечимге баш ийбей президенттикке арызын бергендиги үчүн буга чейин Сагынбек Абдрахманов партия катарынан чыгарылган эле.

Дагы үч киши президенттикке талапкерликтен баш тартышты

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришкендей, бүгүнкү күнгө президенттик шайлоого катышуу максаты менен кайрылган 59 кишинин алтоосу БШК тарабынан жарыштан четтетилди.

Үчөөсү өз каалоосу менен баш тартышты.

24-августта: Марат Иманкулов менен Сагынбек Абдрахмановдон тышкары дагы үч киши - Мукар Чолпонбаев, Алмазбек Каримов, жана Замира Муратбекова шайлоого катышпай турганын жарыялашты.

Алар бул кадамын президенттик жарыш таза өтөрүнө ишене албастыгы менен жүйөөлөшүүдө. Бирок азырынча алардан жарыштан четтегендиктери боюнча БШК дарегине расмий арыз келип түшө элек.

Келдибеков менен Ташиев кол тамгаларын тапшырды

Ал арада президенттикке талапкер “Ата Журт” партиясынын лидерлери Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев Борбордук шайлоо комиссиясына тарапкерлеринин кол тамгаларын тапшырды.

Келдибековдун ыйгарым өкүлдөрү 45 миң 498, ал эми Ташиевдики 53 миң 827 миң адамдын кол тамгасын тапшырган.

БШК мыйзамдар боюнча 10 күн ичинде аларды текшерип бүтүүсү керек. Талапкерлер үчүн кол тамгаларды тапшыруу мөөнөтү 26-августта жыйынтыкталат.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Соттолгону жоюла элек президенттикке талапкер Акматбек Келдибеков да БШКга тарапкерлеринин кол тамгаларын тапшырды.

Эки саясатчы мурда соттолгондуктан шайлоо жарышына кое берилери же жогу кызык тартууда.

2012-жылы күзүндө Бишкекте Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин соттолгон Ташиевдин соттуулугу жоюлган менен, ошол эле жылы коррупция үчүн айыпталган мурунку парламент төрагасы Акматбек Келдибековдун соттолгону быйыл 8-ноябрда гана алынат.

Тектеш темалар