Электрондук паспорт жеке турмуштун купуялыгын сактайбы?

Электрондук паспорт
Image caption Электрондук паспорт

Индиянын Жогорку Соту адамдын жеке турмушунун купуялыгы жарандардын Конституция кепилдеген негизги укуктарына кирет деп чечим чыгарды. Бул чечим өкмөттүн биометрикалык паспортторду киргизүү программасын узгүлтүккө учуратышы мүмкүн болууда.

Кыргызстанда дагы 1-майдан тарта биометрикалык паспортторду берүү башталган. Жаңы электрондук паспортто жарандын үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери, улуту, үй-бүлө курамы так-даана көрсөтүлүшү керек. Бул маалыматтардын биометрикалык паспортто жазылышы Конституцияда каралган адамдын жеке купуялык укуктарын бузбайбы? Биометрикалык паспорт алып жаткан жарандардын жеке жашоосунун купуялыгын өкмөт камсыздап берүүсү тууралуу маселе көтөрүлгөнбү?

Би-Би-Си бул суроо менен укук коргоочу Рита Карасартовага кайрылды:

Image caption Рита Карасартова

"Кыргызстанда көпчүлүк жарандардын биометрикалык маалымат бербегенинин негизги себеби- маалыматтын коопсуздугу. Анткени, баарыбыз билгендей, биометрикалык база жаңы башталып жатканда маалыматты чогулткан флешкалар, компьютерлер жоголду деп айтылган. Ошондо бул маалыматтарды башка бирөө алып алса бизге кандай залака тийет деген ой келген. Ошон үчүн эч ким кол тамгасын бергиси келген эмес. Бир учурда биздин IT технологиянын алдында жургөн адистер Кыргызстанда коопсуздук маселеси такыр чечилген эмес деп чыгышкан. Андан кийин мага окшоп каршы чыккандарды басмырлап, күчкө алгандан кийин таштап койдук. Суроо көп, жооп жок.

Экинчи маселе, азыр биометрикалык паспортко деп берилген маалыматтар кайсыл жерден окулат? Башка өлкөнүн тажрыйбасын карасак, эгер биз Европага барып шектүү көрүнүп калсак, күч органдары колубузду карап туруп эле кайдан, кайсы дарек менен келгенибизди билип алат. Өзгөчө издеп убара тартпайт. Ал эми Кыргызстанда кандай? Биз кол тамганын баарын тапшырсак дагы мамлекеттик тиешелүү органдар бири-бири менен иштешпейт. Мисалы, пенсияга чыкканда документ чогултпай эле барып кол тамгабызды көрсөтсөк, пенсияга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөбү? Кайсы бир справканы кол тамгабызды көрүп эле, чуркатпай эле алышабы? Жок, болбойт. Органдар өз ара иштешпей эле жарандарды ар кимиси ар кандай убара тарттырат."