Жаңы өкмөттүн башына жаш жетекчи келди

Сапар Исаков 40 жашта, ал Кыргызстан тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калды Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сапар Исаков 40 жашта, ал эгемен Кыргызстан тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калды

Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен президенттик аппараттын мурдакы жетекчиси Сапар Исаковду премьер-министр кызматына бекитип, анын сунуштаган жаңы өкмөт курамын колдоп берди. Президенттик шайлоонун так алдында келген жаңы премьер шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирди.

40 жаштагы Сапар Исаков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 28-өкмөт башчы болуп калды. Оппозициядагы "Ата Мекенден" тышкары, "Республика-Ата-Журт" жана "Өнүгүү-Прогресстен" Исаковдун талапкерлигине катуу деле каршылык болгон жок.

Сапар Исаковдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралардын алдында аны жаманатты кылган он мүнөттүк фильм коомдук сайттарда жарыяланды. Анда аталган саясатчы президенттин тышкы саясатын туура эмес жүргүзүп, таза эмес иштерге аралашкан деп айтылат.

Сапар Исаков өз кезегинде парламент жыйынында аны президенттикке талапкер болуп бараткан саясатчылардын бирөөсүнүн жаманатты кылуу аракети деп белгилеп, анын атын ачыктоодон баш тартты.

«Жаңы доорго кырк кадам» программасы

Сапар Исаков Жогорку Кеңешке "Жаңы доорго 40 кадам" программасы менен келди.

«Биз өзүбүздүн программабызда үч максат коюп атабыз. Биринчиси - элдин экономикалык бакубаттуулугу, экинчиси - калктын социалдык бакубаттуулугу, үчүнчүсү - коопсуздук жана жагымдуу чөйрө. Ушул үч максатты ишке ашыруу үчүн тогуз улуттук реформалоо программасын силерге алып келебиз. Андан тышкары тогуз улуттук өнүгүү программасын алып келебиз», - деди Исаков.

"Таза коом" долбоору жаңы өкмөттүн тогуз улуттук реформалоо программасынын ичине кирери айтылды.

Жаңы өкмөт кыйла жашарды

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Жаңы өкмөттүн курамынын үчтөн бири жаңырды

Сапар Исаков өкмөт курамынын үчтөн бирин жаңыртты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов (41 жашта) биринчи вице-премьер, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетти башкарып жаткан Дүйшөнбек Зилалиев (44 жашта) экономика боюнча вице-премьер, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров (38 жашта) коопсуздук боюнча вице болгону жатат.

Ошондой эле экономика министрине буга чейин президенттик аппараттын экономика бөлүмүн жетектеп турган Артем Новиков тандалды.

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетке бул мекеменин жетекчи орун басары Улан Рыскулов (44 жашта), Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетке «Улуттук электр түйүнү» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абасканов коюлду.

Мурунку өкмөттүн калган мүчөлөрү өз ордуларын сактап калышты.

Жаңы премьер-министрдин бийлиги чоң

2016-жылы 11-декабрда Баш мыйзамга кирген жаңы өзгөртүүлөр боюнча өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейип, Жогорку Кеңештин позициясы, тескерисинче, алсызданды.

Премьер-министр парламентке таасир этүүчү күчтүү рычагдарга ээ болуп калды. Мисалы: Жогорку Кеңеш депутаттары демилгелеп жаткан мыйзам долбоорлору чыгымды талап кылса, анда алар демилгелерин алгач өкмөт башчы менен макулдашышы шарт, акыркысы каалаган убакта ал долбоорлорго бөгөт кою укугуна ээ.

Өкмөт жана парламент ортосунда конфликт чыга турган болсо, күч премьер-министр тарапка өттү. Эгер буга чейин өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ишеним көрсөтпөө укугунан бир жылда бир гана жолу колдонууга мүмкүн болсо, эми каалаганча пайдалануу укугу берилди.

Ошондой эле премьер-министр бир эле убакта өкмөт башчы жана Жогорку Кеңеш депутаты болуп, пленардык жыйындарда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алды.

Президент тарабынан өкмөттү бекитүү жаңы Баш мыйзам боюнча формалдуу эле мүнөзгө ээ болуп калат, себеби өлкө башчысы 5 күн ичинде өкмөт башчы сунуштап Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген талапкер боюнча буйрук чыгарбаса, ал автоматтуу түрдө дайындалып калат.

Ошондой эле тартипте премьер-министр өкмөт курамындагы коргоо жана улуттук коопсуздук боюнча мүчөлөрдөн башкасын иштен ала алат.

Жаңы премьер-министр, жаңы өкмөт 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында келип жатат. Бийликтеги партия талапкери шайлоодо жеңбей калса, Сапар Исаков кызматын сактай алабы деген дагы суроо турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар