Президент турак-жайды камсыздандырууга чакырды

Алмазбек Атамбаев "кырсык болгон учурда катуу айтсам таарынбагыла, бирок мал-мүлк дебей көчүш керек" болчу деди Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Алмазбек Атамбаев "кырсык болгон учурда катуу айтсам таарынбагыла, бирок мал-мүлк дебей көчүш керек" болчу деди

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндө жер көчкүдөн жоготууларга учураган айылдын эли менен жолугуп, “мал-мүлк табылат, ден соолукка, балдарга көңүл бургула” деди. Анын бүгүнкү күн тартибинде табигый кырсык катталган Чоң-Алайга сапар да камтылган.

Президент Өзгөндөгү Ынтымак айылында жашоочулардын алдында сүйлөп жатып, учурунда келбегенине кечирим сурады. Ал мөөнөтүнүн акыркы жылы да жумушу күтүлгөндөн көп болгонун, адегенде жардам чогултуп, анан келүүнү туура көргөнүн билдирди.

Жергиликтүүлөргө Курман айтка деп 200 миң сом берди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Аюу айылындагы жер көчкү

Өзгөн: жер көчкү алдындагы эки кыздын сөөгү табылды

Ѳзгөндө жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алды

Атамбаев жашоочуларды турак-жайды камсыздандырууга чакырды.

“Мыйзам кабыл алынганына эки жылдан ашып кетти. Кээ бир айыл өкмөттөр дагы деле болгондо болот деп күтүп отурат. Эми бул туура эмес, уят нерсе негизи. Ар бир үй-бүлө 50 сомдон төлөп турса, бир жерде кырсык болсо акчанын баары ошол жерге бармак. Кыш келгенче бүтөбү, бүтпөйбү деп камырабай, шак эле бүтүп калмак. Ошондуктан, урматтуу бир туугандарым күзүндө той-топур көп болот, бардык жерде айткыла. 50 сомду аябаш керек мындан ары”, - деди Атамбаев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Апрелде Өзгөндө 24 адам көчкү алдында калган

Ал сөзүн улантып, малды-мүлктү ойлобой, бала-чаканы ойлош керек деди. Кооптуу деп эскертүү берилгенине карабай, он жылдан бери жашап келатышса, балдардын өлүмүнө ата-энеси жооптуу деди президент.

Өзгөндө 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкү жүргөн учурда президенттин барбаганына сын айтылган үчүн, анын бул сапарына байкоочулар көз салууда.

Саясат таануучу Марс Сариев президенттин Ошко бааруусун шайлоо алдындагы үгүт иши катары баалайт.

“Түштүк жактагы электорат көйгөйлүү болуп жатат жана шайлоодо ал тарап чечүүчү ролду ойнойт. Президенттикке башка талапкерлер биригип, ар кандай комбинация жүрүп жатат, ошондуктан анын алдын алыш үчүн барды деп ойлойм. Ансыз да түштүктөгү лидерлер менен Икрамжан Илмиянов иш алып барып жатат, ага карабай президенттин барганы, шайлоо алдындагы кырдаал курчуп жатканын көрсөтсө керек”, - деген байкоолорун бөлүштү Марс Сариев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Өзгөндөгү Ынтымак айылында жашоочулардын алдында сүйлөп жатып, учурунда келбегенине кечирим сурады

Ал эми саясий ишмер Эдил Байсалов табигый кырсык болгон учурда президенттин элге барбаганы нааразылык жаратканын эстеп, периздент аны өзү да билип, бүгүн кечирим сураганын белгиледи. Ал ошол эле учурда Атамбаевдин “ишим көп болуп келе албадым” деген жүйөөсү суу кечпейт деп, адам өлүп жатса, президент экинчи маанидеги иш-чараларды уюштуруп жатты деди.

“Жер көчкү түшкөндө “эл” деп жети жолу эскерсе, “мал эле мал, силерге мал эле керек” деп 21 жолу көчкү алдында калгандарды айтканы эсибизде. Ошондуктан бул шайлоо алдындагы үгүтү. Өзү да менин досум президент болуп калат, кол балам премьер-министр болду деп жатат. Ага деле укугу бар, болсун. Бирок убагында барыш керек болчу”.

Байсалов Алмазбек Атамбаев алты жылда сыртка да көп чыкпаганын, өлкө аймактарына да көп барбаганын баса белгилеп, энергиясы аз президент экенин көрсөттү деди Би-Би-Сиге.

Ал эми башка саясат таануучу Бакыт Бакетаев кеч да болсо барганын президенттин эрктүүлүгү деп баалайт.

"Кеч да болос президентибиздин барып, элге жолугуп, кечирим сураганы - бул саясий эрк, ыймандуулук деп эсептесе болот. Жетекчилер колунан келбей калса же ката кетирсе кечирим сураш керек, муну эл күтөт. Атамбаевдин Ошко барганы абдан туура болду деп ойлойм", - деди Бакетаев Би-Би-Сиге.

Өзгөндөгү Аюу айылында апрелдин аягында жер көчүп, жети үйдү басып калган, 24 киши мерт кетип, саналуусунун гана сөөгү табылган. Ал айылдын элине жер бөлүнүп, учурда Ынтымак жаңы конушуна чатырларга көчүрүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ошко сапарына жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алай району камтылган. Ал жерде жер титирөөдөн ондогон адамдардын үйү жараксыз болуп, чатырларга чыгарылган.

Эки райондо тең турак-жайлар курулуп бүтө элек.