Борбор Азия: Кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык коом өкүлдөрү чогулуп, аймактагы коопсуздук жана көйгөйлөр боюнча пикир алышты. Сүрөттүн автордук укугу vestikavkaza
Image caption Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык коом өкүлдөрү чогулуп, аймактагы коопсуздук жана көйгөйлөр боюнча пикир алышты.

Бүгүн Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык коом өкүлдөрү чогулуп, аймактагы коопсуздук жана көйгөйлөр боюнча пикир алышты. Талкууда дүйнөдө коркунучу күн сайын өсүп жаткан экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн аймакта саясий биримдик түзүп, жарандык коом желесин түптөө сунушталды.

Жарандык коом терроризмге каршы

“Борбор Азия: Кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?” форумунун катышуучулары Сирия жана Ооганстандагы согушчандардын аймакка агылып келүү коркунучун эске алып жана аймактагы диний, конфессия аралык конфликттердин алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү муктаждыгын белгилешти.

Талкуунун уюштуручууларынын бири, укук коргоочу Токтоайым Үметалиева мамлекет, өкмөт аралык ар кандай уюмдардын астындагы терроризмге каршы жана экологиялык коркунуч менен чакырыктарга каршы иш алып баруу эффективдүү болбой жаткандыгын айтты.

“Шанхай кызматташтык уюму деле, керек болсо Бириккен улуттар уюму деле аморфтук уюмдар болуп калды. Алар мобилдүү болбой калды. Үстү жакта отуруп, астында эмне болуп атат көрбөй калышты. ШКУ деп атасыздар, ал жакта деле бийлик өкулдөрү иштеп атышпайбы. А биздин өзгөчөлүк – жарандык коом көтөрүлүп, бириксек деп атабыз”,- деди Үметалиева.

Форумда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички коопсуздугу үчүн учурда диний экстремизм коркунучу өтө опурталдуу болуп жаткандыгы белгиленди. Жарандык коому күчтүу Кыргызстанда барган сайын ислам саясатташтырылып, дин күнүмдүк турмушка катуу сиңгип жатканы айтылды. Өзгөчө ишмердиги көп суроо жараткан Таблиги-Жамаат кыймылынын өлкөдөгү орду тууралуу да сөз болду.

"ИМ" катарында 2 мин 600 борбор азиялык бар

Расмий маалымат боюнча, Жакынкы Чыгыштагы террордук топтордун катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат.

Бирок эл аралык уюмдардын эсептөөсүндө соңку жылда бул статистика кескин өстү. Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык анти-террористтик борборунун маалыматы боюнча 2016-жылдын башында “Ислам мамлекети” уюмунда Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген согушкерлер саны 2 миң 600 адам делет. Кыргызстандан баргандар саны 860 делип жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Credit: HAIDAR HAMDANI / Stringer
Image caption "Ислам мамлекети" уюмунда Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген согушкерлер саны 2 миң 600 адам делет.

Тегерек стол үстүндөгү талкууга катышкан УКМКнын мурунку төрагасы Марат Иманкулов аймактагы өлкө лидерлери көбүрөөк ички саясатка көңүл буруп, коопсуздук, коргоонууга артыкчылык бербөө саясаты жүрүп жаткандыгына токтолду:

“Мамлекеттер аралык кызматташуу коомдогу коопсуздукту камсыздай алышына жарандык коом өкүлдөрүнүн көзү жетпей турат. Коопсуздук, коргоону эмне экенин билген адамдар бийликте отурса, бул багытта иш алдыга чыкмак. Бирок аймактагы өлкө жетекчилери саясатка кирип кетишти да, кантип бийликке келсем же аны колдо сактап калсам деген менен алек. Коопсуздук маселесине артыкчылык берилбей, ал артта эле калып атат, андыктан жарандык коом өзү демилгелеп чыгып атат ”, - деди атайын кызматтын отставкадагы генерал-майору Иманкулов.

Классикалык исламга кайтаруу аракети

Эксперттик талкууда Борбор Азия аймагы Россия, Кытай, АКШ жана европа өлкөлөрүнүн геосасий кызыкчылыктарын кесилишинде турганы, бирок алардын аймакка карата айрым, бир тараптуу чечимдеринин саясий жана экономикалык жыйынтыктары болуп калыш мүмкүндүгү белгиленди.

Евразиялык эл аралык изилдөөлөр ассоциасынын төрайымы Светлана Кожирова терроризм маселесинде Борбор Азия өлкөлөрү ири державалар эле оозун карабастан, өздөрү жол табуу, маселе чечүү үчүн биригүү зарылдыгын сунуштады :

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында эле терроризмге каршы аракеттенүү механизмдери бар. Бирок ал аракеттер постфактум болуп жатат. Биз руханиятты өнүктүрүппү же улуттук салт-санаа, үрп-адаттарга басым жасаппы, же жок дегенде классикалык исламга кайтууну алдыга сурөппү, айтоор деструктивдүү кыймылдарга каршы чогуу-чаран аракеттениш үчéн биригишибиз керек”,- деди саясий илимдеринин доктору Кожирова.