Жаңы окуу жылында англис тил сабагы көбөйтүлөт

Маалыматтарга караганда өлкө боюнча 1 миллиондон ашуун бала мектеп жашында.
Image caption Маалыматтарга караганда өлкө боюнча 1 миллиондон ашуун бала мектеп жашында.

Кыргызстанда жаңы окуу жылынан тарта англис тили үч саатка көбөйтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлоодо. Бул аракет глобалдашуу доорунда көпчүлүк жаштардын көйгөйү болуп келаткан тил үйрөнүү маселесин жеңилдете алабы?

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды. Маалыматтарга караганда өлкө боюнча 1 миллиондон ашуун бала мектеп жашында. Расмийлер быйылкы окуу жылындагы негизги жаңылык катары мугалимдердин таңкыстык маселесинин чечилгенин, электрондук китепкана түзүлүшүн белгилөөдө.

"Буга чейинки жылдары 3-4 миң мугалим жетишсиз болуп келсе, бүгүнкү күндө төрт жүздөй эле мугалим жетишпей жатат. 2011-жылы мугалимдердин айлык маянасы көбөйгөндөн бери бул кесипке кызыкдар болгондордун саны дагы өстү. Мындан сырткары 2200 мектепке экиден телевизор коюп бердик, электрондук библиотеканы ишке киргиздик", - деди Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев.

Image caption Марат Үсөналиев

Быйылкы окуу жылындагы дагы бир жаңылык англис тилинин көбөйтүлүшү. Атап айтканда, өлкө боюнча бешинчи класстан жогорку бардык класстарга англис тили үч сабакка көбөйтүлдү деп кошумчалады Үсөналиев.

Деген менен айрым байкоочулар билим берүү министрлигинин бул аракетин сынга алууда. Англис тили сабагынын көбөйтүлүшү глобалдашуу доорунда миңдеген жаштардын көйгөйү болуп келаткан тил үйрөнүү маселесин чечип бере албайт дегендер бар.

Социолог Самар Сыргабаевдин айтымында, 11 жыл англис тилин окуп, бирок ал тилде эркин суйлөй албаган окуучулардын көйгөйү сабакты көбөйтүп коюу менен чечилбейт:

"Орто мектептерде англис тили сабагы буга чейин эле окутулуп келген. Бирок, белгилүү болгондой тиешелүү майнап чыкпай, окуучулар атайын курстарга барып тил үйрөнүүгө мажбур болуп жатат. Билим берүү министрлигинин кылганы жакшы, бирок алар экстенсивдүү стратегия аркылуу ишке ашырып жатат. Башкача айтканда, сааттардын санын, көлөмүн көбөйтүп жатышат. Практика өзү көрсөткөндөй биз азыр интенсивдүү стратегияга өтүшүбүз керек. Бул деген билим берүү тармагын жогорулатыш үчүн биринчи кезекте, мугалимдердин сапатын көтөрүү керек.

Былтыр жаңы окуу жылында жаңылык катары пилоттук негизде өлкөдөгү он мектепте «Диний маданият тарыхы» деген сабак киргизилген болчу. Бул чечим Коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынып, негизги максаты диний агартуу аркылуу диний радикализмге бөгөт коюуга басым жасалат деп айтылган. Бир жылдан кийин жакшы жыйынтык болсо, бардык жогорку класстарга киргизүү сунушу да болгон. Жыл айланып жаңы окуу жылы кайрадан башталуу алдында турат, бирок дин маданиятынын тарыхы сабагы быйыл өтүлөбү жокпу расмийлер ооз ача элек.

Ал эми жаңы окуу жылында кийилчү мектеп формасына келсек, билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылында мектеп формасына өзгөчө талап жок. Атап айтканда, ар бир мектеп ата-энелер коомчулугунун макулдугу менен бекиткен форманы кийүүсүн окуучулардан талап кыла алат.