Антитеррордук операция талкуу жаратты

Кылмыштуу топтун жанынан табылган курал, буюмдар. Сүрөттүн автордук укугу kabar
Image caption Кылмыштуу топтун жанынан табылган курал, буюмдар.

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Жайыл районунда атайын операция жүргүзүлүп, террордук аракеттерди ишке ашырууга даярданып жаткан деген шек менен эки жаран жок кылынды. Дагы бирөө жарадар абалында ооруканага жеткирилди.

"Кылмыштуу топтун жанынан колдо жасалган жардыргычтар, ок атуучу куралдар табылды. Алар эгемендүүлүк күнү Чүйдө жана Бишкекте колдо жасалган жардыргычты колдонуу менен ар кандай акцияларды уюштурууну пландап жатышкан. Бир күн мурда бул кылмыштуу топтун бир мүчөсү кармалды. Анын унаасын жана жашаган жерин тинтүү учурунда ар түркүн ок-дарылар табылган", - деди Би-Би-Сиге атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Ал арада атайын операция учурундагы сүрөттөр дароо интернетке тарап, жок кылынган жарандардын денеси, аларга таандык делген курал-жарактардын сүрөтү айрымдардын үрөйүн учуруп турган кез. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Улуттук коопсуздук кызматынын бул аракетин туура эмес деп, кескин сынга алгандар болууда.

"Биринчиден, бизде кандай шек жаралбасын ал жарандар сөзсүз түрдө жок кылынып жатат. Эмне үчүн тирүү кармашпайт? Эмне үчүн УКМК соттун, прокурордун ролун өзү жалгыз аткарып, өлтүрүлгөн кишилерге "террорист" деген түшүнүктү тага салып туруп атып салып жатышат? Алардын террорчулукка байланышы бар экени кандайдыр бир иликтөөнүн негизинде, соттун чечиминин негизинде далилдениши керек да", - дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Деген менен айрым байкоочулар жок кылынган жарандар чын эле өлкөдө теракт уюштурууну пландап жатканын айтууда. Маалыматарга ылайык, окуянын башаты 24-августта башталып, анда Бишкектин негизги көчөлөрүнүн биринде Жол кайгуул кызматкерлери "Ниссан" үлгүсүндөгү унааны токтоткондо, анын ичиндеги топ милиция кызматкерлерин курал менен коркутуп, качып кеткен. Муну улай күч органдары үч күн текшерүү жүргүзүп, шектүү делгендер Кыргызстандын эгемендик майрамы күнү террордук аракетке камынып жатканын аныктаган.

"Негизи террористтер маасалык иш-чара учурунда, эл көп чогулган жайларда теракт уюштурат. Андыктан бул майрамга пландалганы толук мүмкүн. УКМК абдан натыйжалуу иштеп жатат. Бул биринчи жолу алдын алуу эмес. Буга чейин дагы бир нече ирет шектүү делгендердин кармап, террордук аракеттердин жолун бууган", - деди юрист, серепчи Кайрат Осмоналиев.

Сүрөттүн автордук укугу kabar
Image caption Теракт жасоого даярдык көргөн деп жыл башынан бери онго жакын адам кармалды.

Ал эми "Альфа" тобунун мурдагы жетекчиси, генерал Артур Медетбеков атайын операция учурундагы айрым эрежелерди эске салып, шектүүлөрдү тирүү кармоого аракет көрүү керек дейт:

"Негизи террордук акт уюштурууга ким шектелип жатса дагы аларды тирүү кармоо керек. Алгач шектүүлөргө куралдарын таштап, тынч жол менен кармалууга эскертүү бирилет. Эгерде алар ээ-жай бербей, күч органдарына каршы ок атып атса, анда атууга атайын өкүм болот. Экинчиден, эгер шектүүлөр жанкечти болсо аларды тирүү кармоо мүмкүн эмес, андыктан жок кылынат".

Теракт жасоого даярдык көргөн деп жыл башынан бери онго жакын адам кармалды. Алардын төртөө июнь айында чек аралаш аймактарда террордук аракеттерди ишке ашырууга даярданып жаткан шек менен кармалган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кармалгандардын төртөө тең кыргыз жараны болуп, эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү экени аныкталган.

Ал эми Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган соңку террордук окуя былтыр 30-августта Кытай элчилигинин алдында болгон. Элчилик алдында жанкечти өзүн өзү жардырып, анда өкүлчүлүктүн үч кызматкери жараат алган болчу.

Тектеш темалар

Би-Би-Синин тегерегиндеги жаңылыктар