Кыргызстан: Сөз эркиндигин коргоо чакырыгы

Бишкекте март айында сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш өтүп, бир нече киши кармалган
Image caption Бишкекте март айында сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш өтүп, бир нече киши кармалган

Айрым коомдук ишмерлер, жарандык активисттер менен оппозициялык маанайдагы саясатчылар шайлоонун тушунда сөз эркиндигин калыбына келтириш керек дешүүдө. Алар “Сентябрь” телеканалынын жабылышы, айрым ЖМКлардын үстүнөн соттук иштери, кишилерге козголгон кылмыш иштеринен улам сөз эркиндиги кескин чектелди деп эсептешет.

Сөз эркиндигин куткарыш керек деген жарандык активисттер, коомдук жана саясий ишмерлер экинчи форумга чогулду. Алар акыркы бир-эки жыл ичинде ЖМКларга жана жарандарга чабуул жүрүп жатканын белгилеп, чара көрүүгө өтүш керек дешти.

“Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин түзүүчүлөрүнүн бири, журналист Замира Сыдыкова форумда айтылган түрдүү сунуштарга жараша кайрылуу документи кабыл алынат деди.

“Резолюция элге кайрылуу маанисинде болот. Жазда биринчи форумду өткөргөндө биз тынчсыздануубузду билдиргенбиз. Азыркы максатыбыз болуп жаткан, ЖМКларды жабуу, журналисттерди аңдуу өңдүү фактыларды көрсөтүп, ага каршы иш-аракеттерди иштеп чыгуу. Эгер президенттик шайлоо ачык жана адилет өтсө, жагдай өзгөрүп калышы мүмкүн. Андыктан абал ага да көз каранды”, - деди Сыдыкова Би-Би-Сиге.

“Бардык укуктар чектелүүдө”

Image caption Айрым эксперттер Кыргызстанда журналисттерге кысым болуп жатат десе, башкалары мыйзам бузган журналисттер гана жоопко тартылууда деп эсептейт

Көпчүлүк ишмерлер сөз эркиндигине чектөөлөр алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу киргизилүүдө деп эсептейт. Ошондой эле 1-августтан тарта 20-октябрга чейин мамлекеттик органдардын алдында митинг өткөрүүгө болбойт. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова шайлоо таза өтүш үчүн тынч митингдердин, пикир билдирүү эркиндигинин ролу чоң деди. Абдирасулова Кыргызстанда бардык укуктар бузулуп, анын эч бир түрү корголбой калагынын айтууда.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун башчысы Айнура Усупбекова парламентаризмди муунтуу процесси башталганын адегенде “Ата Мекендин” мурдагы чакырылыштагы депутаты, маркум Эркин Алымбеков айтып, ишинен кетип калган деди. Усупбекованын белгилешинче, унчукпоо процесси мына ошондо башталган.

“Ошондон тарта парламенттин баш ийүүсү уланып келатат. Ушу тапта сөз эркиндиги, көз карандысыздык, митинг өткөрүү укугунун абалы үн ката албаганга чейин түштү. Бул жерде абдан күчтүү түрткү, демократия менен эркиндиктин күчү керек. Элге, президенттикке талапкерлерге кайрылам, биздин чөгүп бараткан кемебизди куткарууга дагы да болсо мүмкүнчүлүк бар”. – деди Айнура Усупбекова жыйындын катышуучуларына.

Сөз эркиндиги – негизги укуктардын бири

Image caption “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимов

Сөз эркиндиги чексиз эмес экени белгилүү. Пикир билдирүү мыйзам жана адамдын же журналисттин моралдык нормалары менен тескелет.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору, сөз эркиндиги – бул саясий категория деген Турат Акимов журналист сөз эркиндигинин куралдарын жакшы билиш керек деген оюн айтты.

“Бийлик менен оппозиция журналисттерди курал катары эле колдонот. Бирок журналист сөз эркиндигинин маанисин катуу түшүнүш керек. Хирург өзүнүн куралдарын, операциясын мыкты билген сыяктуу журналист да куралын, ишин жакшы билиши шарт. Болбосо журналист менен редакция “эки дөөнүн ортосундагы чымын” болуп кала берет. Ар бир фактыга көңүл буруп, материалдарды текшерип, журналисттерди өнүктүрүш керек. Сөз эркиндиги ичке кылдай болгон көпүрө экен, аны кылдаттык менен баспаса, соттон сотко кайрыла бересиң”, - деди Акимов Би-Би-Сиге.

Турат Акимов кыргыз журналистикасынын тарыхында салыштырмалуу сөз эркиндиги сакталган учур Акаевдин мезгили болгон деди. Ал сөз эркиндиги бар мамлекер өнүккөн мамлекеттер экенин кошумчалады.

Ошол эле учурда журналисттер өздөрү мыйзам бузган учурда гана соттолуп жатат деп эсептегендер арбын.

Жогорку Кенеште КСДПдан депутат Марат Аманкулов өлкөдө баарынын маалымат жарыялоо укугу бар дейт.

“Мен Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейм. Менин көз карашымда, бүгүнкү күнү бул боюнча маселе көтөрүүгө негиз жок. Ким калыс, такталган маалыматка ээ болсо, интернетке, телеге же радиого жарыялоого эч кандай тоскоолдук жок. Маалымат так, негиздүү болуш керек. Эгер ачыктан ачык жалган маалымат чыгарып, кимдир бирөөнүн кадыр баркына доо кетире турган болсо, ал жооп бериш керек же ага фактылар бар экенин далилдеп бериши зарыл”, - деди Аманкулов.

Журналист, мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен мурунку учурдай эмес, азыр ЖМК кыйла эркин деп санайт:

“Президент ар бир маалымат жыйынында сындасаңар жүйөлүү сындагыла, ар бир материалыңардын алдында жооп кайтарбагандай далилдер, фактылар болсо, жазсаңар болот деп келет. Сөз эркиндиги бийик деңгээлге жеткендиктен жоопкерчиликти унутуп калганын өздөрү байкабай, бир топ маалымат каражаттары чектен ашып кетип жатат”.

Ушул айда райондук сот оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалынын ишин экстремизм беренеси боюнча токтотуу чечимин чыгарып, Жогорку Сотко арыздануу укугун гана калтырды. Андан сырткары “Заноза” сайты жабылып, аны Башкы прокуратура президенттин аброюна шек келтирген деп миллиондогон сомдук доого жыкты. “Азаттык” медиасына да ушундай эле кине тагылып, кийин ал иш токтотулган. Журналист Нарын Айыптын үстүнөн да сот уланууда.

Кыргызстанда сөз эркиндиги менен жоопкерчилигин журналисттердин ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам, Конституция жана башка мыйзамдар көзөмөлдөйт.