Төрөттөн ажал тапкан келиндин окуясы

Расмийлердин тараткан маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери төрөт учурунда көз жумган энелередин саны 22ге жетти.
Image caption Расмийлердин тараткан маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери төрөт учурунда көз жумган энелередин саны 22ге жетти.

Бишкектеги 4-төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөндөн кийин көз жумган келиндин окуясын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт дегени менен, маркумдун жакындары дарыгерлерди айыптап, жакшы карашкан эмес деп жатышат.

26 жаштагы бишкектик Мээрим Дайырбекова 28-августта №4 төрөтканада көз жумган. Анын жакындарынын айтымында, буга дарыгерлердин көңүл кош мамилеси себеп болгон. Маркумдун сиңдиси Сезим Дайырбекованын ырасташынча, Мээримдин саламаттыгы төрөгөндөн кийин начарлап кеткен.:

"Дарыгерлик катачылыктан улам көз жумду. Өз убагынан мурда толгоо болуп, тез жардам менен барды. Төрөтү жакшы өттү, андан кийин эле дене табы кыркка чыгып, болжол менен бир күн түшпөй турду. Төрөгөндөн кийин ичи катуу ооруганын дарыгерлерге айтса, түңкү кезектегилер эч нерсе жардам кылган эмес".

Анткени менен ак халатчандар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Окуя болгон 4-төрөт үйүнүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын ишендиришинче, Мээрим ооруканага абдан кеч кайрылып, тогуз ай бою бир эле жолу дарыгер көзөмөлүндө болгон:

"Негизи ал аял Орусияда жашап, боюндагысына 27 жума болгондо келип тизмеге турган. Башкача айтканда 9 ай бою дарыгерге бир эле жолу келген. Эгерде ал Кыргызстанда жашаган жаран болсо он, он эки жумалыкта текшерүүгө келиш керек эле. Ичинде кандай дарттары бар экени бир эле жолу көрүп кантип аныкталмак эле? Бул миграциялык көйгөй болуп жатпайбы".

Image caption Саламаттыкты сактоо министрлиги эненин өлүмү боюнча атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө иштерин баштады.

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги эненин өлүмү боюнча атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө иштерин баштады. Аталган министрликтин башкы адиси, акушер-гинеколог Раиса Асылбашева Би-Би-Сиге буларды билдирди:

"Беш-алты кишиден турган, мыкты дарыгерлер мүчө болгон комиссия түзүлдү. Азыркы учурда биз документтер менен таанышып жатабыз. Келин келген учурдан тарта акыркы окуяга чейинкилери иликтөөгө алынды. Иликтөө иштери бүткөндөн кийин так маалымат беребиз".

Image caption Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору бойдон калууда

Расмийлердин тараткан маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери төрөт учурунда көз жумган энелередин саны 22ге жетти. Дарыгерлер бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу алда-канча аз дегени менен, эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө ылайык, Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору бойдон калууда.

"Кыргызстанда энелердин ден-соолугуна чоң маани беришибиз керек. Анткени бизде эне өлүмдөрү башка өкмөттөргө, өлкөлөргө салыштырмалуу бийик болуп жатат. Колдон келсе социалдык жардамды көтөрүп, апаларга жардам берүүбүз шарт. Ооруканада мыкты шарттар, үйдө жакшы жашоо болсо өлүм азаймак", - дейт БУУнун калк фондунун аткаруучу өкүлү Медер Омурзаков.

Төрөт учурундагы энелердин өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү негизинен тоолуу облустарда орун алууда. Көз жаруу учурундагы өлүмгө алып келген себептер Кыргызстанда негизинен сапатсыз же жетиштүү эмес тамактануу, тамеки чегүү, алкоголизм сыяктуу зыяндуу адаттар менен байланышкан. Талаптагыдай тамактанбагандыктан боюндар бар энелердин ар бир экинчисинде аз кандуулук менен ооруйт.

Кыргызстанда жылына 150 миңдей бала жарык дүйнөгө келет. 100 миндей төрөттөн орточо 39 эне каза табат