Алмазбек Атамбаевдин алты жылы

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап баратат Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап баратат

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап баратат. Бүгүн өлкө башчысы 31-август Эгемендик күнүнө карата сүйлөп жатып, бул кызматтагы алты жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Өз сөзүндө президент 1-декабрга чейин анын ыйгарым укуктары бар экенин эскертип, шайлоодон кийин башаламандык уюштурууну каалагандарга карата жаза катаал болоорун баса белгиледи.

Атамбаев майрамдык иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө ал башкарган соңку алты жылда өлкөдө ондогон жылдар чечилбей келген көйгөйлөр чийини чечилип жатат деди.

Атамбаев экономикалык жана саясий реформалар тууралуу

“Буга чейин Кыргызстан десе митинг, жолдорду бууган, башаламандык орун алган, жарыгы жок өлкө деп таанышса, бүгүн мамлекетти таза шайлоолор, "Дүйнөлүк көчмөндөр оюну" өткөн, экономикалык жана саясий ири реформалар жүргөн, туристтерге коопсуз жана ишеничтүү өлкө боло алдык. Биз булардын баарына болгону 5-6 жылда эле жетиштик. Бирок ачыгын айтыш керек ал жылдар абдан оор жылдардан болду”,- деди Ала Тоо аянтындагы президент катары Эгемендик майрамына карата акыркы куттуктоо сөзүндө Алмазбек Атамбаев.

Ал 2015-жылы 31-августта “Датка-Кемин” (узундугу 405 км) жана кубаттуулугу 500 кВТ “Кемин” подстанциялары ишке кирип, өлкө толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болгонун баса көрсөтүүчү ийгилик атады.

Президенттин майрамдык куттуктоо сөзүндө россиялык “Газпром” ишканасы менен болгон кызматташтык Кыргызстанды газ жана күйүүчү майды ташуу жагынан коңшу өлкөлөрдүн көзүн кароодон куткарды делет.

Ошондой эле өлкөдө транспорттук инфраструктура жаңыланып, Кыргызстан жакын арада туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланары айтылды.

Фермерлерге насыя берүүдөгү үстөк пайыз 22%дан 6-10%га түшүрүлүп, жеткиликтүү болуп, мугалимдер маянасы соңку 25 жылда биринчи жолу өлкөдөгү орточо айлык акы менен теңелди.

Эл аралык финансылык институттар шилтеме берип өлкө башчысынын куттуктоосунда Кыргызстан жакыр өлкө катарынан чыгып, соңку 5-6 жылда кедейчилик 4,5 эсеге кыскарды делди.

Коррупция менен айыгышкыс күрөш жүрүп, жети миңге жакын жемкорлук иштердин бети ачылды, бийликтин бийик сересиндеги адамдарга чейин кылмыш козголду.

Тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктарыбызды корголуп, кошуна өлкөлөр менен мамиле жакшырып, жыйынтыгында чек ара көйгөйү чечилип жатат дейт Атамбаев.

Президент шайлоону таза өткөрүүгө убада берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Эгемендик күнүнө карата салтанатта сүйлөп жатып, кыргызстандыктарды келерки президенттик шайлоодо добушун сатпоого чакырды.

Ал бийлик КСДПдан талапкерди жеңишке жеткирүү үчүн административдик ресурсту колдонуп жатат деген сөздөрдү четке какты. “Ким болсо да, социал-демократтардан президент болбосун деген ураан”, бийликке Атамбаевдин саясатын улантуучу келсе, коррупционерлерге каршы күрөш уланат деген коркунучтан жасалып жатат деди президент.

Эгерде бийлик талапкери өтсө, ал тышкы саясатта анын жолун улап Россия менен Кытайга артыкчылык берери айтылды.

Image caption Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт.

Шайлоодо бийлик талапкерине админ ресурс иштейт деген чочулоолор негизсиз деген Атамбаев:

"Административдик ресурс азыр эч нерсе чечпейт. Мен андан эмес, финансылык ресурстан кооптоном. Айрым талапкерлер добуш сатып алууга жүздөгөн, а балким миллиондогон сом акчалар даярдап жатат. Элди да күнөөлөгөнгө болбойт, себеби буга чейинки шайлоолордо алар добуш берүү таза өтпөйт деген ойго келишкен. Ал эми айрымдар аны бизнес кылып алышкан. Алар 100 долларга добуш сатып алып, кайра аны өндүрүү үчүн жүздөгөн миллион доллар уурдайт, алат",- деди.

Ошондой эле президент шайлоодон киийн абалды курчутам дегендерге жаза катаал болорун эскертти:

“Конституцияга ылайык менин ыйгарым укуктарым 1-декабрда токтойт. Ага чейин Кыргызстандын президентимин. Шайлоодон кийин абалды курчутуп, башаламандыктарды уюштуруу аракеттери катаалдык менен чектелет. Ал үчүн менин убактым жетиштүү. Бул жолу эч кимге кечирим болбойт”,- деди өлкө башчысы.

Атамбаев президенттиктен кетет, бирок саясатта калат

Президенттик мөөнөтү соңуна чыгып жаткан Алмазбек Атамбаев февраль айында Кыргызстанга келген орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп жатып, быйыл өлкө башчысы катары ыйгарым укуктары бүткөндөн кийин деле саясатта кала берерин айткан. Бирок саясаттагы анын орду тууралуу ачык чечмелеген эмес.

Ага чейин өлкө башчысы, президент, премьер-министр, парламент спикери да болуу ниети жоктугун, кызматын тапшыргандан кийин бизнес же чыгармачылык менен алектенерин айтып келген.

Эксперттер Атамбаев президенттик тапшырса дала саясатка таасир эткиси келип жаткандыгын ар кандай чечмелешүүдө.

Image caption Ногойбаева: Бизде бийлик жана саясий институттардын дисбалансы бар.

“Эгерде ал президент болбосо анан кандайча саясатка таасир эте алат деген суроо жаралат. Бул бийликти өткөрүүнүн үзгүлтүксүз жолу болобу? Анда кандай болуп калат? Бир эле адам бийликти колдон кое бергиси келбей, саясий процесстер жана институттар андан ары өнүгүүсүн каалабайбы? Бизде бийлик жана саясий институттардын дисбалансы бар. Өкмөт, сот системасы президент институтуна катуу баш иет. Бул өтө олуттуу дисбаланска алып келип, биз кайра-кайра авторитардык системага түшүп атабыз”,- дейт саясат талдоочу Элмира Ногойбаева.

Алмазбек Атамбаев эгемен Кыргызстан тарыхындагы өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаеваны эсепке албаганда, шайлоо жолу менен Акаев жана Бакиевдердин кийинки үчүнчү президент.

Мурунку өлкө башчыларынан айырманып ал экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого барган жок.

Тектеш темалар