Октябрь революциясынан кийинки агартуу жараяны

Алгачкы агартуучулардын бири Касым Тыныстанов кыргыз тили боюнча китептерди чыгарган Сүрөттүн автордук укугу old.unesco.kz
Image caption Алгачкы агартуучулардын бири Касым Тыныстанов кыргыз тили боюнча китептерди чыгарган

Кыргызстандыктардын жапырт кат таануусу совет бийлигине туш келген менен ага чейин эле окуганды, жазганды билгендер, мектептер болгон. Октябрь революциясы тушунда сабаттуулар калктын 7,8 пайызын түзгөн деген жаңы маалыматтар бар.

Ал эми эски булактарда ал учурда кыргыздардын сабаттуулугу 0,6 пайызды гана түзгөн деп айтылчу.

Социалисттик өлкөнүн ургалдуу иштеринин бири элди агартуу, сабатсыздыкты жоюу болчу. Совет бийлиги орногондон кийин бул иш системага салынып, башка нукта жүрдү дешет окумуштуулар, болбосо ага чейин да кат тааныткан мектептер, медреселер болор эле.

1918-жылга алынган маалыматтарга ылайык, Бишкек уездинде 69 мектеп болгон жана сегиз миң чамалуу окуучу окуган. Пржевальск уездинде 56, Ош уездинде 13 мектеп болгон.

“Сабатсыздык жоюлсун” деген ыктыярдуу коом Кыргызстанда 1920-жылы түзүлгөн.

  • Бул тууралуу толугураак Кыргызстандагы агартуу жараяндарын изилдеген, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованын баянынан угуңуздар:
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Октябрь революциясынан кийинки агартуу жараяны

1925-жылдары Кыргызстан боюнча 465 мектеп болгон, алар биринчи баскычтагы билим берген мектептер эле, деп белгилейт тарых илимдеринн доктору Өскөн Осмонов өз макаласында.

Сөз жок кыргызча китеп тартыш болчу. Кыргызча китептердин чыга башташына Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов өңдүү ишмерлер салым кошту.

Арабаевдин "Алиппеси" 1924-жылы Ташкенттен чыккан. Бул биринчи алиппе деп таанылган менен андай окуу китеби 1911-жылы алгачкы ирет басылганын тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова айтууда. 1924-жылы алиппеден сырткары дагы 12 түрдүү китеп басылган. Алардын айрымдары Тыныстановдун кыргыз тили боюнча китептери болчу.

Өскөн Осмонов ал учурдун агартуучулары И.Арабаев, М. Байгазаков, Ш. Сатылганов, А. Исаева, Э. Сүтичеров, 3. Кыдырбаев, А. Койгелдиев, О. Жумалиев ж. б. экенин белгилейт.

Жыл өткөн сайын көбөйгөн адистер кайра жалпы калктын сабатсыздыгын жоюуга киришип, бул жаатта чоң салым кошушту. Башкача айтканда, сабатсыздыкты жоюуу “Сабаттуулар сабатсызды окутсун” деген ураан менен жүргөн.

Сүрөттүн автордук укугу open.kg
Image caption Алгачкы агартуучулардын бири Ишеналы Арабаев 1924-жылы жалпыга белгилүү "Алиппени" чыгарган

1925-жылы Бишкекте агартуу институту ачылган.

Кыргыз педагогикалык техникумун алгачкы бүтүргөн ондоп гана саналган бутүрүүчүлөрдүн арасында Абдылас Малдыбаев, Гапар Айтиев, Касымалы Жантөшөв, Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов жана Мидин Алыбаев болгон.

1935-жылдардан тарта жалпыга милдеттүү билим берүү башталган.

Ал эми биринчи жогорку окуу жайы - мамлекеттик педагогикалык институту 1933-жылы ачылган.

Советтик билим берүүнун негизги кемчиликтеринин бири - кыска убакыт аралыгында бир нече жолу алфавитти өзгөртүүсү деп белгиленет. Анткени окуу куралдарын толугу менен жаңылоону, элдин кайрадан үйрөнүүсүн, көп убарагерчиликти талап кылат.