Шайлоодогу негизги коркунучтар аталды

“Жарандык платформа” коомдук фондусунун байкоочулары шайлоо процесстерине 15-августтан тарта көз салууда
Image caption “Жарандык платформа” коомдук фондусунун байкоочулары шайлоо процесстерине 15-августтан тарта көз салууда

Президенттик шайлоодо негизги эки мыйзам бузуу: админстративдик ресурстун колдонушулушу жана добуш сатып алуу көбүрөөк катталары болжонууда. Байкоочулар шайлоо тууралуу мыйзамдарга кирген соңку өзгөртүүлөр добуш саткан талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну татаалдашырганын айтып жатышат.

Бийлигиңе таянба

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 15-августтан бери байкоо салып келе жаткан “Жарандык платформа” коомдук фондусунун байкоочулары маалымат жыйынын уюштуруп шайлоодогу чакырыктарга токтолушту.

Фонддун төрайымы Айнура Усупбекова буга чейинки байкоолордун жыйынтыгынан улам шайлоодогу негизги мыйзам бузуулар админресурска жана добуш сатып алууга байланыштуу болорун болжоп, президенттикке талапкерлерге кайрылды:

“Бир шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы бизге басым жасап атат деп эле ошону менен калып калып атышат. Же алар мындай эле бир-эки видео көрсөтүп коюп атышат. Бирок андай жагдайларда талапкер тарабынана сөзсүз түрдө жазуу түрүндө арыздануулар болуш керек, арыз түшүш керек. Биринчиден биз ал фактыны кылмыш иш деп далилдесек болот, себеби ал Кылмыш кодексинин 139-беренесине туура келет, экинчиден шайлоо комиссиялары ошого чара көрүшү керек”,- деди Айнура Усупбекова.

“Жарандык платформа” коомдук фондусу шайлоого баш аягы 515 байкоочу салып, анын 15и узак мөөнөттүү, 500ү кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүшөт.

Добушуңду сатпа

Байкоочулар шайлоо процессин уюштурууга, добуш берүү күнүндө мыйзамдардын сакталышына жана шайлоо жыйынтыктарын чыгарууда жооптуу ыйгарым укуктуу органдардын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүшөт.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO / STRINGER
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Өзгөчө добуштарды сатып алууга каршы көзөмөл күчтүү болот, себеби президент баш болуп келе жаткан шайлоодо талапкерлердин финансылык ресурсу чечүүчү ролду ойноп коюшу мүмкүндүгү белгилеп жатат.

“Байкоочуларыбыздан добуш сатып алуу боюнча маалыматтар келип түшөрү менен биз тартип органдарына кайрылып, алар бул процесске бөгөт койгонго чаралар көрүшөт. Бирок азыр добуш сатып алууга каршы аракет көрүү абдан оор болуп калды. Учурда иштеп жаткан мыйзамда бул үчүн жоопкерчиликке тартуу механизмдери күчтүү эмес. Бирок ИИМ жана БШК менен биргеликте бул нерсе шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчу нерсе деп таанып, бул маселени чечсе болот”,- деди Усупбекова.

Байкоочулар макамы өзгөрдү

24-майда Кыргызстандагы 20га жакын жарандык коом өкүлдөрү парламентке кайрылып, коммерциялык эмес уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүү укугун чектөө аракетине кооптонуу билдирилген.

Кайрылууда "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 10-1-беренесин өзгөртүү менен коммерциялык эмес уюмдан байкоочу болуп жаткандардын укуктары чектелип жаткандыгына наарызылык айтылган.

Бирок мыйзам долбоору 31-майда парламентте үчүнчү окууда добуш берүүгө коюлуп, жыйындагы 115 депутаттын 109у аны колдоду.

Жаңы эрежелерге ылайык көз карандысыз байкоочулар эми шайлоо комиссияларынын чечимдери үстүнөн сотко даттануу укугунан ажырады.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоого карата үгүт 10-сентябрда башталат

Байкоочуларды аккредитациялоо шарттары өзгөрүп, байкоолор жүргүзүү үчүн шайлоо комиссиясынын уруксааты керек болуп калды. Буга кошумча байкоочулар шайлоо участкасында алар үчүн берилген орундардан жылбай, эркин жүрүүсүнө чектөөлөр кирүүдө.

Тектеш темалар