Э.Абдыжапаров: “Саякбай” тасмасы элдин намысын кайрадан ойготот
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Э.Абдыжапаров: “Саякбай” тасмасы элдин намысын кайрадан ойготот

Бишкекте эки күн бою "Саякбай" көркөм тасмасынын бет ачары өттү. Ага бир катар маданий ишмерлер, саясатчылар, депутаттар жана фильм жаратуучулардын жакындары катышты. Айрым интернет колдонуучулары кино таасирдүү тартылганын байма-бай жазып жатышат.

Би-Би-Си аталган тасманын өзөгүн жана анын тартылуу тарыхын билүү үчүн студияга көркөм тасманыны режиссеру Эрнист Абдыжапаров жана башкы продюсери Саматбек Ибраевди чакырды.