Саясий төртилтик ыдырады

Саясий төртилтик ыдырады Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Саясий төртилтик ыдырады

11-сентябрга белгиленген жаңы "Кайра жаралуу" партиясынын курултайы өткөн жок. Буга бириккен төрт саясатчы президенттикке бирдиктүү талапкер маселеси боюнча бир пикирге келе алышпаганы себеп болду.

«Ѳнүгүү-Прогресс» саясый партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул тууралуу ачыгын айтты.

"Үч партия жана төрт саясатчы биригүү тууралуу кол койгонбуз. Ал жерде бирдиктүү талапкер чыгаруу боюнча бир пункт болгон. Ал ишке ашпай калды. Курултай болбойт",- деди Төрөбаев.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Өнүгүү-прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жана "Ата Журт" партияларынын тең төрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев 7- августта бириккенин жар салышкан.

Саясатчылар бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековго каршы шайлоодо бир талапкерди алып чыгуу тууралуу макулдашып жатышкан. Ал түгүл алар жетектеген үч партия биригип жаңы "Кайра Жаралуу" партиясы түптөлгөнүн да жар салышкан эле.

БШК төртилтикке кирген саясатчылардан Акматбек Келдибековдон (соттолгону жоюла электигине байланыштуу) тышкары үчөөсүн талапкер катары расмий каттаган.

Айрым маалыматтар боюнча төртилтиктин мүчөсү Камчыбек Ташиев КСДП талапкери Сооронбай Жээнбековго ыктап жатат. Саясатчы өзү Би-Би-Сиге бул маалыматтарды тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Жакында шайлоого байланыштуу атайын маалымат жыйынын курарын айткан Камчыбек Ташиев, ага чейин ашык комментарий берүүдөн баш тартууда.

Ал арада Ташиевдин расмий өкүлү Нургазы Анаркулов Ташиев КСДПнын талапкерин Сооронбай Жээнбековду колдой турганын айрым ММКларга тастыктап ийгенге үлгүрдү.

Төртилтиктин мүчөсү Акматбек Келдибеков 6-сентябрда БШК анын талапкерлигин каттабай койгондугуна байланыштуу маалымат жыйынын куруп, анда төртилтик мүчөлөрү бирдиктүү талапкер алып чыгуу боюнча күн алыс жолугуп, сүйлөшүүлөр өткөрүп жатканын айткан.

"Ар шайлоонун тактика-стратегиясы бар, ал күндө болуп жаткан шайлоо процессиндеги кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Жеңишке жетишүү үчүн ар кандай тактиканы колдонгонго милдеттүүбүз", - деген эле Келдибеков.

Бирок төртилтиктин бир да мүчөсү бүгүн Бакыт Төрөбаевдин шайлоо алдындагы программасын Улуттук филармонияда өткөргөн бет ачарына басып келбеди. "Өнүгүү-Прогресс" жакынкы күндөрү түзүлгөн кырдаал боюнча партиянын саясий кеңешинин чечимин жарыялары күтүлүүдө.

Мындан улам төртилтикке байланыштуу соңку окуялар саясий жүрүш эместей болуп калды.

9-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров маалымат жыйынында Ташиев тууралуу: "Ошондойго барышы мүмкүн болуп калды. Президенттик шайлоого байланыштуу ошондой чечим кабыл алыптыр. Чечимине сый мамиле жасашыбыз керек. Ар ким өз жолун өзү тандап алат", - деген болчу.

Кыргызстанда шайлоо 15-октябрга белгиленген. Шайлоого БШК 13 адамга талапкер расмий макамын ыйгарган.