Медеткан Шеримкулов: Шайлоодо күч колдонулса, бул туңгуюкка алып келе турган өтө коркунучтуу жол

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Легендарлуу парламенттин төрагасы, профессор Медеткан Шеримкулов менен маек.

Президенттик шайлоо өнөктүгү өлкөдө саясий чыр-чатактар ырбап, бир катар оппозиция лидерлери камалып, оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары жабылып, коомдук активисттер куугунтук күчөдү деп арызданып жаткан учурда болуп жатат. Шайлоо учурунда саясий күчтөр менен бийликтин эрегишинен чыр чыгып, саясий туруктуулук бузулбайбы деген кооптонуулар болууда.

Бийлик тарап шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт деп байма-бай билдирип жатат. Каршы күчтөр буга ишенбей турушат. Бийликтин айткан сөздөрү, кылган аракеттери саясий туруктуулукту сактоо үчүн канчалык ынанымдуу же натыйжалуу болуп жатат? Мына ушундай суроо менен кабарчыбыз Кубат Чекиров Легендарлуу парламенттин төрагасы, мурдакы элчи, саясий илимдердин доктору, профессор Медеткан Шеримкуловко кайрылды.

Медеткан Шеримкулов: Көп эле өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда эгемендикке жеткен 26 жыл ичиндеги шайлоолордо бир да жолу административдик ресурс колдонулбаган, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылбаган эч бир шайлоо өткөн эмес. Демек, быйылкы шайлоодо дагы ушулардын баары болбойт деген идея жакшы, бирок бул утопия. Административдик ресурс пайдаланылат, пайдаланылып жатат. Мына, шайлоо башталардан бир-эки ай алдын эле айрым талапкерлерди өткөрүүгө кадамдар башталган болчу. Муну эл деле билип турат, кимге приоритет берилгенин башка талапкерлер деле көрүп турат. Ошондуктан чындап эле шайлоонун тыянагы эл кабыл алгандай болсун, чатакка алып келбей тургандай болсун десек, административдик ресурс колдонууну колдон келишинче төмөндөтүш керек. Ал эми добушту сатып алууга келгенде көп нерсе шайлоочулардын өзүнөн болот. Эгерде, бул шайлоону - элдин, мамлекеттин келечеги деп ойлой турган болсок, анда абийирибиз менен, каалаган, көзүбүз жеткен, эл тагдырын чечип кете ала турган кишиге добуш берсек жакшы болот эле. Баягыдай эле "бийлик айтып жатпайбы" дегенден алыс кетишибиз керек. Чынында "менин программамды, реформаларды мындан ары" улантат деген үгүт мурдатан эле айтылып келе жатат. Ушунун өзү да үгүттөө эсептелет. Талапкер болуп элүүгө жакын киши чыкты. Эмне үчүн ошондой ишеним бир эле кишиге болушу керек? Президентибиз башка кишилер менен деле бирге иштебеди беле. Талапкерлердин арасында ушул алты жылдын ичинде президенттин жанында жүрүп, кайсыл бир мөөнөткө премьер-министр болуп, спикер болуп, жана башка кызматта жүргөндөрү да бар. Аларга эмне үчүн президент ишенбейт? Негизгиси президенттен суранарыбыз, кара кылды как жарган калыс, таза адам катары шайлоодо бирөөнү колдогонго киришпесе туура болгону турат.

Би-Би-Си: Эгер шайлоо таза өтпөсө, нааразылык чыкпай койбойт эмеспи. Нааразылыкты күч менен басуу аракети сыясый кризиске алып келген учурлар Кыргызстан тарыхында көп эле жолу болду. Мына ушул жолу дагы азыркы көрүнүштөр саясый кризиске алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар сизде жокпу?

Медеткан Шеримкулов: 2005-2010-жылдары ушундай шайлоонун жыйынтыгы менен элибиз, мамлекетибиз чоң трагедияга кабылып олтурат. Эми акыл-эсибиз, тажрыйбабыз ушуга жетиши керек да, мындай туура эмес жолго барууга болбойт экен, элдин ой-пикири менен эсептешбей коюшка болбойт экен, эл кандай ойлосо, ошону колдошубуз керек деген аракетке келишибиз керек. Болбосо кыргызстандыктар адилетсиздикке, туура эмес иштерге өздөрүнүн баасын ачык, коркпостон, керек болсо маасалык түрдө айтканга көнүп калган эл. Сиздин сурооңузга, эгерде митинг же болбосо элдин кыжырын келтирген кадамдардын арты менен ар кандай нааразылыктар чыгышы мүмкүн болсо, бийлик ага күч колдонобу дегенге айтар элем, бул туңгуюкка алып келе турган өтө коркунчтуу жол. Биз үчүнчү жолу дагы деле мурдагы кетирген кемчиликти кайталаганыбыз болбойт. Бул эл үчүн да, бийлик үчүн да сабак! Бийлик башында тургандар элди күч менен коркутам деген ой-пикирден алыс болушу керек, буга жол бербеш керек.

Би-Би-Си: Президенттик шайлоо өлкөдө бир катар оппозициялык саясатчылардын камалып, бир катар басылмалардын жабылган учуруна туш келип жатат. Саясый бөлүнүп-жарылуу, тирешүү күчөгөн ушундай шартта бийлик шайлоону чыр-чатаксыз, тынч өткөрүп алуунун бардык аракетин көрүп жатат деп ойлойсузбу?

Медеткан Шеримкулов: Оппозиция жана оппозиционерлер, оппозицияга кирген күчтөр бул жаман кишилер эмес. Тескерисинче, арасында өтө билимдүү, кесипкөй, тарбиялуу, мамлекет үчүн, эл үчүн ойлонгон, күйүп-бышкан, аракет кылган кишилер бар. Ошондуктан оппозицияны алыс кармабаш керек. Аларды жек көрбөш керек. Элдин алдында аларды "кара күчтөр" катары көрсөтүү жасалган аракет, көз караш такыр туура эмес. Бүгүнкү эле бийликте тургандар, президентибиз баш болуп кийинки бир нече жылдарда оппозицияда жүрбөдү беле. Президентибиз өзү айтып жатпайбы "эки ыңклапты мен жасадым" деп. Демек оппозициянын анабашы болуп ошол киши жүргөн экен да. Анан эмне оппозицияда жүргөндө ал киши жаман болуп, бүгүн жакшы болуп калабы? Ошон үчүн биринчиден, оппозиция менен сөсзсүз ой-пикирди, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы деген бир пикирге ошолорду алып келиши керек. Экинчиден, оппозицияны жекелей берген болбойт. Үчүнчүдөн, оппозицияга күч колдонуп, сот аркылуу, материалдык, каржылык жактан кысымга алып, ошону менен буларды алсыздандырам деген туура эмес. Канча жылдардан бери Атамбевдин жанында бирге жүрүп, аны менен бирге оппозицияда болуп, бүгүн ага оппозиция болгон кишилер менен Алмаз Шаршенович сөз табышы керек эле. Мына кетердин алдында эң бир чоң акылмандык кадамды Атамбаев жасайт, эгерде ошол оппозиционерлер менен сөз табышып, бүт баарын бирге олтуруп сүйлөшүп, мындан ары ортодогу таарынчытарды таштайлы, келечек үчүн бирге бололу, туура эмес кадамдарды унуталы деп кете турган болсо, эң чоң акылмандык ошол болот. Тескерчсинче, кетип жатып мага болгон оппозиционерлерди отургузуп кеттим дей турган болсо, бардык нерседе бумеранг бар. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Оппозицияда жүргөн кишилер деле элдин айрым катмарында кадыр-баркы бар кишилер. Элге, мамлекетке эмгеги сиңген кишилер. Анын баарын жокко чыгарып койгонго болбойт. Атамбаевдин эң чоң ишинин бири, айтып жатпайбы "мен тынч жол менен бийликти өткөрүп берем" деп. Эгер өзүнүн алдына койгон максатына жетүүгө аракет кыла турган болсо, таарынчтарды, туура эмес кадамдардын баарын азыр жоюп кетиш керек. Ошондо Атамбаевдин күчү, тарыхтагы орду башкача болот.

Тектеш темалар