"Таза шайлоосуз таза коом жок" кыймылы түзүлдү

Президенттик шайлоого карата жаңы жарандык кыймыл түзүлдү Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Президенттик шайлоого карата жаңы жарандык кыймыл түзүлдү

"Таза шайлоосуз таза коом жок" аталган уюмга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, Жогорку Кеңештин экс-спикери Медеткан Шеримкулов баштаган аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарында мурда кийин иштеген он чакты саясатчы жана жарандык коом өкүлдөрү киришти.

Жаңы жарандык кыймыл президенттикке талапкерлерге жана бийлик бутактарына карата бирдей, бейтарап позицияда боло турганы айтылды.

"Бул кыймылдын мүчөлөрүнүн талапкерлердин бирөөсүн колдоo ою же идеясы бар дегендер жаңылышат. Биз талапкерлер арасынан эч кимди колдобойбуз. Биздин максат бардыгына тең шарт түзүп берүүгө көмөктөшүү",- деди иш-чаранын бет ачаарында сөз алган мурунку өлкө башчысы Роза Отунбаева.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Отунбаева: Биз талапкерлер арасынан эч кимди колдобойбуз

"Таза шайлоосуз таза коом жок"демилгечилеринин бири мурдагы Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, кыймыл президенттик шайлоонун таза жана демократиялык маанайда өтүшүн камсыз кылуу, өлкөдөгү башкы бийликти шайлоонун жыйынтыгына ылайык тынчтык жолу менен өткөрүп берүү наркын бекемдөөнү көздөйт.

"Атамбаевдин "мен бийликти тынчтык жолу менен өткөрүм берем" дегени мени кыжырдантат. Ал эмне дегени? Ал эмне бийликти мурасы катары алды беле? Ага бийликти эл Баш мыйзамдын негизинде берген да. Мурунку жана кийинки президенттер эске алышсын, алар "Конституция негизинде иш алып барып, убактысы келгенде шайлоо өтүп, эл татыктуусун тандап алат" деши керек",- деди жыйында Медеткан Шеримкулов.

Жарандык кыймыл мүчөлөрү бекеринен өз ысымында "таза коом" сөз айкашын тандап албаганын билдиришип, азыркы бийлик сунуштап жаткан "Таза Коом" программасы таза шайлоосуз мүмкүн эместигин эскертип койгулары келгенин айтышты.

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов алгач жаңы кыймылга ШАНС (шайлоо-адилеттүүлүк-ниет-стабилдүүлүк) деген ысым берүү идеясы болгонун белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыймылга Отунбаева, Жумагулов, Шеримкулов баштаган аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарында мурда иштеген он чакты саясатчы жана жарандык коом өкүлдөрү киришти

Акаев тушунда Жогорку Кеңеш төрагасы болгон Абдыганы Эркебаев Кыргызстандын түштүк облустарында шайлоочуларга карата кайсы бир талапкер пайдасына добуш бердиртүү үчүн басымдар болуп жатканын байкап келгенине токтолду.

"Ал жакта да шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатыптыр. Ачыгын айтайын, паспортторун чогултуп алып, бийлик тарап өзүнүн таасирин көрсөтүп, күчкө салгандар бар экен. Калыстык кылгыла деп айттым", - деди Эркебаев.

Парламенттин экс-спикери Зайнидин Курманов Кыргызстанда азыр бийлик бутактарында мурда болуп көрбөгөндөй дисбаланс орун алып, конфликт чыгып кетүү коркунучу чоң экенин эскертти.

Жыйында ошондой эле мурдагы БШК төрагалары, ЖКнын азыркы мүчөлөрү сөз алышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар шайлоону таза өткөрүүгө чакырган мемомрандумга кол коюшту.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар