Кыргызстанда экспорттун көлөмү 32 пайызга өстү

Кыргызстанда экспорттун көлөмү 32 пайызга өстү
Image caption Кыргызстанда экспорттун көлөмү 32 пайызга өстү

Улуттук статистика комитети өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн сегиз айлык жыйынтыгын чыгарды. Комитеттин маалыматына ылайык, бул жылы өлкөдө экспорттун көлөмү 324,7 миллион долларды түзсө, импорттун көлөмү 977 миллион долларга жеткен.

Экпорттун көлөмү жыл сайын жогорулоодо

"Эң оболу Евразиялык экономикалык биримдиктин айланасында бизде жакшы тенденцияларды болду. Соода жүгүртүү 14,4%, экспорт 32,7%, импорт 9,8% өстү. Уюмга кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандыкы өтө эле жогорку көрсөткүч. Бизден эң көп сыртка чыгып жаткан товарлардын сап башында: сүт азыктары, айнек, кургатылган жемиштер, кийим-кече жана техникалык айрым тетиктер турат", - деди Улуттук статистика комитетинин ички соода-сатык бөлүмүнүн башкы адиси Гүлайым Шайахметова.

Буга чейин Өкмөт өлкөнүн экспортун жогорулатуу максатында жаатында жаңы мамлекеттик программа түзүлүп жатканын, ошондой эле жергиликтүү ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу пикирин билдирген болчу. Бул убадалар иш жүзүнө ашып келатат деген оюн ортого салган экономист Искендер Шаршеев, соңку кездер экспорттун өсүшү экономикага да жылыштарды алып келди дейт:

"Өкмөттүн кол астында ишкерлерди колдоо фонду бар. Учурда алар ар кандай гранттарды таратып жатат. Ал эми жазында айыл-чарба кредити ачылган. Ушул сыяктуу жакшы эле жылыштар болуп жатат. Ал эми айыл-чарба продукциялары чоң көлөмдө Евразиялык экономикалык биримдиктин мейкиндигине өттү. Буга биз документтер, өткөрмө бекеттериндеги отчёттук кагаздар аркылуу күбө болуп жатабыз".

Image caption Расмийлердин айтымында учурда Кыргызстандын товарларын экспорттоо үчүн башка дагы рыноктор каралууда.

Ишкерлерге маалымат жеткиликтүү эмес

Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү- Орусия. Статистикалык маалыматтарга таянганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү жыл сайын 5-10% жогорулап келүүдө. Өзгөчө соңку кездери кыргыз өндүрүшчүлөрү текстиль жаатында чоң өлчөмдөгү товарларды экспорттоодо.

Деген менен атамекендик өндүрүшчүлөр үчүн дале болсо айрым тоскоолдуктар болуп, экспорт жаатындагы кээ бир маалыматтар жеткиликтүү болбой жатат дешет айрым эксперттер.

"Биз ишкерлерден алган маалыматтарга таянсак, экспорттун көлөмү чын эле жогорулап жатканын айтууга болот. Маселен, быйыл Орусия жакта аба-ырайы жакшы болбой, айыл-чарба продукцияларына конкуренция аз болду дешет ишкерлер. Анын ордуна биздин өлкөдөн жиберип жатышты. Ошол эле учурда биз айыл-чарбасында иштеген фермерлер менен Айыл-чарба министрлигинин иштешкенин жакшы көрбөй жатабыз. Ишкерлерге көп учурда маалымат жетпейт, өндүргөн продукциясын экспорт кылууда кандай лабораториялык документтер керек, кантип алып чыгыш керек дегендерди билишпейт", - дейт Бизнес Ассоциация ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыров

Расмийлердин айтымында учурда Кыргызстандын товарларын экспорттоо үчүн башка дагы рыноктор каралууда. Маселен, буга чейин алакасы жок Европанын айрым өлкөлөрүнүн рыноктору иликтенүүдө.