“Центерра” экологиялык зыян үчүн миллиарддаган доодон кутулдубу?

“Центерра” компаниясына Кумтөрдө өндүрүштүк таштандыларды мөңгүлөрдүн үстүнө төгүп, мөңгүлөрдү жок кылып жатканы үчүн экологиялык доо коюлган.
Image caption “Центерра” компаниясына Кумтөрдө өндүрүштүк таштандыларды мөңгүлөрдүн үстүнө төгүп, мөңгүлөрдү жок кылып жатканы үчүн экологиялык доо коюлган.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков "Центерра" менен түзүлгөн жаңы экологиялык макулдашуунун түздөн-түз жана кыйыр экономикалык эффектиси 200 млн долларга барабар деп жатат. Ѳкмөт башчы бул жөнүндө бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди.

Кыргызстандын өкмөтү 11-сентябрда Центерра голд компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол коюшту. Макулдашуу боюнча "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн АКШ долларын которот, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 млн долларга көбөйтөт. Кыргыз тарап өз кезегинде "Центеррага" болгон экологиялык доо арызын чакырып алмай болгону айтылууда.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы

Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен түзүлгөн Стратегиялык Макулдашуу узакка созулган сүйлөшүү жана кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы болуп, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт деп билдирди.

Ошону менен катар өкмөттүн билдирүүсүндө "Центерра" биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясын сактоого багытталган жаңы милдеттемелерди алганы, "АМЕС» экологиялык консультантынын көрсөтмөсү боюнча кендин өзүндөгү экологиялык иш чараларды каржылоо кеңейтет деп айтылат.

«Долбоордун ишмердүүлүгү ачык жана таза болот. Бизге оңой эмес шарттан чыгып биргелешкен орток пикирге келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул компания "Centerra Gold Inc." Кыргызстан элинин жана бүт уюштуруучулардын кызыкчылыгы үчүн иштеп, долбоорду натыйжалуу жүзөгө ашырууда мындан ары да өз ара ишенимдин жана биргелешкен күч-аракеттердин негизинде кызмат кылат»,-деп айткан Сапар Исаков.

Бүгүнкү жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр долбоорун саясий оюндардын жемесинен чыгарып, аны мамлекет кызыкчылыгына гана иштеген экономикалык долбоор кылып иштетүү маанилүү экенин белгилеген.

Экологиялык доо

Чынында Кумтөр долбоору соңку он жылдан бери саясатташкан түйүнгө айланып, чечилбей келатат. Мурдакы үч өкмөт тең Центерра менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, ал сүйлөшүүлөр туюкка кептелген эле.

Мамлекеттик комиссия 2012-2013-жылдары Кумтөр алтын кенин текшерип, "Центерра" Кумтөрдү көбүнчө өзүнүн кызыкчылыгына иштетип, Кыргызстанга экономикалык жана экологиялык ири зыян алып келди деп отчет берген. Ошондон кийин Кыргызстандын Ѳкмөтү "Центерраны" экологиялык зыян үчүн миллиардаган акча доо коюп сотко берген.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, эколог адиси Динара Кутманова Кумтөрдө өндүрүштүк таштандылар мөңгүлөрдүн үстүнө төгүлүп жаткандыктан, Давыдов мөңгүсүнүн бир өңүрү эрип жок болуп кеткенин учурунда Би-Би-Сиге айткан болчу.

Андан бери соттошуу эмне болуп жатканы тууралуу жарытылуу маалымат деле айтылбай келди. Эми минтип жаңы макулдашуу боюнча Ѳкмөт экологиялык зыян үчүн "Центеррага" болгон доосунан баш тартканы айтылууда. Азырынча мамлекеттик тийиштүү органдар, анын ичинде Мамлекеттик экотехинспекция бул маалыматты расмий түрдө ырастабай турушат, бирок аны төгүндөшкөн да жок.

Эң спекулятивдүү тема

Азыркы шайлоо учурунда Кумтөр эң спекулятивдүү тема болуп жатат. Президенттик кызматка негизги талапкерлердин бири Ѳмүрбек Бабанов "Центерраны" Thompson компаниясын сатып алып, Кыргызстандын үлүшүн азайтып жатат деп айыптап, ага макул болгон Кыргыз өкмөтүн чыккынчы деп сындаган. "Реcпублика-Ата-журт" фракциясы Башкы прокуратурага ишти иликтеп чыксын деп кайрылган.

Эми Ѳкмөттүн экологиялык доо арыздан баш тартып жатканын дагы "Республика-Ата-журт" фракциясы туура эмес чечим деп сындап жатканын фракция мүчөсү, Кумтөрдү текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон Максат Сабиров Би-Би-Сиге билдирди.

Жаңы премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн алгачкы күндөрүндө элe Кумтөр алтын кенине барып, көрүп келгенден кийин Кумтөрдө жаңы менеджмент түзүү жөнүндө макулдашып келгенин билдирген.

Жаңы өкмөттүн кадамдары бир жагынан Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү создуккан тирешүүдөн чыгаруунун демдүү аракети катары каралууда. Бирок шайлоо өнөктүгү кызыган учурунда саясатчылардан ар кандай реакция болуп, керек болсо мурдакыдан да ого бетер саясатташып ырбап кетиши мүмкүн дешет.