Төрт жылга эркинен ажыраган журналисттин китеби эмне тууралуу?

12-сентябрда Биринчи май райондук соту Сапановду «дин аралык араздашуу чыгаруу» деген берене менен төрт жылга эркиндигинен ажыратты.
Image caption 12-сентябрда Биринчи май райондук соту Сапановду «дин аралык араздашуу чыгаруу» деген берене менен төрт жылга эркиндигинен ажыратты.

Бишкекте төрт жылга соттолгон журналист Зулпукар Сапановдун жакындары шаардык сотко кайрылганы жатат. Кечээ сот "Кыдыр санжырасы" китебинин автору Сапановду "диний кастыкты козутту" деген айып менен сот залынан камакка алган. Журналист өзү да, жубайы да бул айыпты четке кагууда.

"Кыдыр Санжырасы" китеби эмнеге нааразылык жаратты?

12-сентябрда Биринчи май райондук соту Сапановду «дин аралык араздашуу чыгаруу» деген берене менен төрт жылга эркиндигинен ажыратты. Бул өкүм менен үч айга созулган тергөө сот процессин жыйынтыкталды.

"Кечээ Биринчи май райондук соту тарабынан журналист Сапановду Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин негизинде төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Айта кетчү нерсе, эгер жабырлануучулар бул чечимге нааразы болсо, он күн ичинде шаардык сотко кайрыла алышат", -деди Жогорку Соттун маалымат кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Зулпукар Сапановдун "Кыдыр Санжырасы" китеби 2016-жылдын күзүндө жарыкка чыккан.

Өлкөдө диний кастыкты козутту деп айыпталып жаткан журналист Зулпукар Сапановдун "Кыдыр Санжырасы" китеби 2016-жылдын күзүндө жарыкка чыккан. Маалыматтарга ылайык, алты жүздөн ашык беттен турган бул китептин эки жүздөй даанасы элге таратылса, үзүндүлөрү гезит барагына жарыяланганы айтылууда. Андан көп узабай дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү аталган китеп "Динге шек жаратып, туура эмес маалыматтарды камтыйт" деген негизде кол чогултуп, жүз отузга жакын киши арыз менен УКМКга кайрылат. Арыздын негизги талабы катары журналистти камакка алууну өтүнүшкөн.

"Мен бул китепти толугу менен окуп чыктым. Динге шек келтирген жазуулар көп. Мисалы, китептин 7-бетинде Ислам, Христиан, Иудей жана башка багыттагы диний өкүлдөр албарстынын(шайтандын) эски жомогун кайталап жатышат деген. Ошондой эле "Бул үч дин коомду иритип жатат, мечитте жер сүскөндөр" деп намаз окугандарга тийишкен. Ал эми 512-бетинде "Аллах элди уурулукка үйрөткөн" деп жазылган. Булардын баары тескери, элди бузган маанайдагы маалыматтар эмеспи?", - деди Би-Би-Сиге «Акыл эс, Ыйман» уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов.

Ал арада бүгүн Зулпукар Сапановдун камалышы боюнча "Сөз эркиндигин коргоо комитети" кайрылуу таратты. Анда комитет Муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын диний чөйрөдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө үндөөдө:

"Соттун чечими одоно мыйзамсыз деп ойлойм. Сапанов кечээ эле пайда болгон журналист эмес. Ал мурдатан бери теңирчилик, дин маселеси, дүйнө тааным боюнча абдан терең ой жүгүртүүлөрүн гезит беттерине жарыялап келет. Китебин окуп чыккам. Өз ойлорун суроо иретинде жазып, эч нерсе таңуулабай, талкуу жаратайын деген негизде жазылган. Шилтемелер аркылуу ойлорун негиздеген. Менин оюмча, өздөрүн динчилмин деген адамдар бул кишини жазалоо аркылуу башкаларга мисал келтирели деди окшойт. Буга чейин сот процессине катышкам, динчилмин дегендер кыйкырып, сотко дагы басым көрсөткөн. ", - деди "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов.

«Dе-Факто» гезитинин мурдагы кызматкери, журналист Зулпукар Сапанов өзүнө коюлуп жаткан айыпты бул иш козголгон күндөн тарта эле четке кагып келатат. Анын жубайы дагы жолдошун динге карата кастык жараткан эмес деп айтууда. Ал алдыдагы күндөрү шаардык сотко доо арыз менен кайрыларын бүгүн маалымат каражаттарына айтып чыкты.

Тектеш темалар