Байлардын оюнуна айланган шайлоо

Кыргызстанда барган сайын шайлоо өнөктүгүнө чыгымдар өсүүдө Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Кыргызстанда барган сайын шайлоо өнөктүгүнө чыгымдар өсүүдө

Бул жолку президенттик шайлоодо күрөө акы эле эмес, ага карата талапкерлер чыгымдары да алда канча көбөйдү. Айрым байкоочулар шайлоо кампаниясы үчүн реалдуу талапкерлердин капчыктары бери дегенде $3 миллион, ашыгы менен дегенде $10 миллионго чейин кагыларын болжоп жатышат.

Ошентсе да шайлоо чыгымдарын бухгалтердик эсепке салып чыккандар буга чейин болгон эмес, себеби шайлоого расмийден да көмүскө көп акча коротулат.

Шайлоо баасы канча?

Чейрек кылымдык эгемен Кыргызстан тарыхындагы дээрлик бардык шайлоолорго көз салып келе жаткан байкоочу жана саясатчы Эдил Байсалов Кыргызстанда барган сайын шайлоо өнөктүгүнө чыгымдар өсүүдө дейт. Эсептөөсүндө быйылкы шайлоого сапаттуу катышуу үчүн бери дегенде $1 миллион талап кылынат. Ал эми реалдуу талаперлер үчүн баа мындан да кымбатка түшөт.

"Шайлоо чыгымдуу кампания. Көптөгөн демократиялык мамлекеттерде шайлоо чыгымдары мамлекет тарабынан камсыздалат. Бирок, тилекке каршы, бизде шайлоо чыгымдары жеке менчик булактардан болуп калып, байлардын оюунан айланып баратат. Бул шайлоодо талапкерлердин төрт-беши эң аз дегенде үч миллион доллар, ал эми көп короткону сегиз-он миллион долларга чейин каражат коротушат",- деди коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Шайлоо кампаниясындагы эң көп акча талап кылган мезгил бул - үгүт маалы. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолку шайлоодо үгүт кампаниясын 10-сентябрдан 13-октябрьга чейинки убакытка белгиледи.

Бирок талапкерлер өнөктүккө күн алыс эле даярдана башташкан. Үгүткө чейин эле жер-жерлерде ондогон шайлоо штабдарын ачышып, жүздөгөн үгүтчүлөр жалдашты.

Учурда талапкерлер шайлоочулар менен жолугуу үчүн аймактарды кыдыруу менен алек. Ал үчүн стадион, жергиликтүү клубдар ижарага алынууда.

Мындан тышкары тонналаган үгүт продукциялары: плакат, брошюра, баннерлерди басып чыгарылып, алар көрнөк жарнакка жайгаштырылып, теле-радиодо реклама кое берилүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Эдил Байсалов: Шайлоого сапаттуу катышуу үчүн бери дегенде $1 миллион талап кылынат

Ырчы-чоорчуларды үгүткө тартуу да арзан иш-чаралардан эмес, мунун баарын эсептей келгенде эле шайлоо чыгымы оңойго турбайт.

Мурунку өкмөт башчылары шайлоодо эң көп акча коротууда

Боршайком президенттик кызматка талапкерлердин шайлоо фондундагы акча каражаттары тууралуу маалымат таратып, ага ылайык, 11-сентябрга карата талапкерлердин арасынан эң көп акчаны Өмүрбек Бабановдун фонду жумшады.

Өзүн өзү жылдыруу менен шайлоого аттанган "Республика" партиясынын лидеринин шайлоо фондусуна жалпы 126 200 000 сом түшүп, бүгүнкү күндө анын 110 706 904 сому сарпталган.

Андан кийинки орунда бийликтеги партия - КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков турат. Анын шайлоо фондуна 46 300 000 сом түшсө, аны 36 778 940 сому жумшалган.

Кийинки орундагы талапкер Темир Сариевдин фондуна түшкөн 26 500 000 сомдун 24 197 069 сому коротулган.

Ошентип бул шайлоодо мурдагы өкмөт башчылар эң көп акча салгандар болууда.

Талапкерлер ичинен эң аз каражат чыгымдап жаткан Камчыбек Ташиев болууда. Анын фондундагы 1 099 125 сомдун 875и гана коротулду.

Кыргызстандагы партиялардын "кошелектору" ким?

Президенттикке талапкерлердин жарымы өзүн-өзү, жарымы партиялар тарабынан жылдырылды. Өлкө башчысын шайлоо болобу же парламенттикпи, шайлоо алдында партия ичинде мүчөлүк төлөмдөр бар экени айтылып жүрөт. Ал тургай айрым бай адамдарга партиялардын "кошелегу" деген ылакап ат жармашканы белгилүү.

"КСДПны убагында Алмазбек Атамбаев каржылачу. Андан кийин, мен билгенден, Чыныбай Турсунбеков болду. Бул каржы маселеси ачык айтылбай турган нерсе. Бул жерде бизнесмендер ич ара акча ташташып, чогултушат болуш керек, мынчадан же эченчиден деп. Шайлоого келгенде өздөрүнүн взностору бар. Анын суммасы боюнча ар кандай имиштерди угуп жүрөм, 50-100 миң доллардан дешет, кээде 200 миң, миллион дегендерге так ишене албайм",- деди Социал-демократтар партиясынын Жаштар канатынын мурунку лидери Ренат Самудинов.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Самудинов: Партиялар ичинде каржы маселеси ачык айтылбай турган нерсе

Кыргызстанда 220дан ашык саясий партиялар иш алып барат. Партиялык система өлкөдө жаңы курулуп жаткандыктан көпчүлүк партияларда туруктуу мүчөлүк деген жакшы иштебейт. Андыктан партиялар курамы тез-тезден алмашып, шайлоолорго жакын кызыкчылыктар боюнча саясий күчтөр биригишип же, текскерисинче, бөлүнүп турат.

"Партиялык финансы булактарынын ачыксыздыгы - бул өтө опурталдуу нерсе. Акча кайдан келип, кайсыл жакка сарпталып жатат эч ким билбейт. А карай келсе, бул акча мүмкүн Жогорку Кеңеш, президент же өкмөт аркылуу Кыргызстандын келечегин аныктап атат. Ошондуктан биз өлкөдөгү партиялык акчанын көзөмөлүн аныктап алышыбыз керек",- деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Пикиринде, ар бир партия жылына Эсеп палатасы аркылуу текшерилип же Каржы полициясына финансылык отчетун берип турушу абзел.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, ага 13 талапкер катышууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар