Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди талкуулады

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
ЖК Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасы боюнча келишимди талкуулады

Кыргызстандын парламенти "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун жабык эшик артында талкуулап, биринчи окуудан өткөрдү.

Чек аранын 1170 чакырымы такталганы боюнча келишимге Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда президенттер кол коюшкан эле.

Узаак жылдардан бери орток пикир табылбай келген кыргыз-өзбек чек арасын боюнча соңку келишимди эки тарап тең чоң жетишкендик катары баалады.

Талаштуу делген калган 36 участок боюнча тараптар алдыда сүйлөшүүлөр уланат деп ишендирүүдө. Чек ара боюнча эксперттер чек аранын калган тилкелери мурдатан тараптар өз позициясын бербей келген, принципиалдуу жерлер экенине көңүл буруп жатышат.

«Чек арада эң эле орчундуу бир нече тилкелер бар. Алар - Ала-Букадагы чоң аймак, Кемпир-Абад суу сактагычы, Сох анклавынын аймагындагы жерлер. Эгерде ушул жерлерди чечүүдө өзгөрүүлөр болсо, анда жылыш болот",-дейт Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара маселеси боюнча адис Саламат Аламанов.

Дал ушундай ар ким өзүнүкүн бербеген талаштан улам кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо жылыштар болбой келген.Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров, буга чейинки Би-би-сиге берген маегинде калган талаштуу тилкелер боюнча дагы орток пикир таалабыз деген ишенчин билдирген эле.

Image caption Кыргыз-өзбек чек арасындагы 2010-жылдан кийин жабылып калган өткөрмө бекеттердин экөө ачылды.

«Сохтун тегерегиндеги жерлер такталып, 1170 чакырымдын ичине кирди. Сох анклавынын айланасында дагы төрт-беш участок бар. Шахимардан, Таш-Дөбө, Чоң-Гара деген анклавы бар да, ушул маселелерди карайбыз. Анан биздин Барак эксклавы каралат. Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жерлер боюнча дагы карайбыз. Буюруса булар боюнча алдынала сүйлөшүүлөр бар. Чечкенге жолдор бар, кийинки жолугушууларда ушуга токтолобуз. Албетте, бул маселе абдан оор. Чек ара маселеси дүйнөлүк практикада татаал маселе. Кээ бир өлкөлөрдүн бир чиркөөнү 100 жылдан бери талашып чече албай жаткан мисалдарын тапсак болот. Биз болсо эки мамлекеттин ортосундагы 1379 чакырым чек араны карап, 85 пайызын такташып бүттүк. Калган 15 пайызы 209 чакырымды түзөт",-деген Курбанбай Искандаров.

2016-жылдын жаз жана жай айларында кыргыз-өзбек чек арасында кырдаалдын курчушуна себеп болгон окуялар катталган. Өзбекстан Аксы-Ала-Бука унаа жолуна аскер техникаларын алып кирип тосуп алып, кийин Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы станцияга милиция кызматкерлери кирип келген.

Бул окуялардын себептерин эксперттер Орто-Токой суу сактагычына байланыштырышкан эле. Алдыда эми ушундай тилкелерди такташуу маселеси турат.

Быйылкы жылы чек ара чатактары дээрлик катталган жок. Ушунун өзү эле мамилелердин канчалык жанданганын көрсөтүп турат.

Чек аранын калган бөлүгүн тактоо иштери президент Атамбаев өзү айткандай анын президенттик мөөнөтү бүткөнчө жыйынтыкталабы же жаңы шайланып келген президент бул ишти кайра улантабы? Ал жагы эми Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы талаштуу тилкелер боюнча позицияларынан көз каранды болмокчу.

Тектеш темалар