Шайлоо-2017: Кимдин электораты ким?

Талапкер Бабанов шайлоочулары менен жолугушууда Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Бабанов шайлоочулары менен жолугушууда

Үгүт өнөктүгү кызып, талапкерлер шайлоо алдында калктын калың катмары менен иштеп жатканы менен, ар биринин өзүнчө негизги электораты дааналанып калды. Сооронбай Жээнбековдун потенциалдуу электораты катары мамлекеттик кызматкерлер аталса, Бабановдуку - ишкерлер жана жаштар делүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы да айрым талапкерлердин тарапкерлерине талдоо салат.

Жээнбековдун электораты - мамкызматкерлер жана динчилдерби?

КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берчүлөрдү шарттуу эки топко бөлүп жатышат. Алардын биринчиси бул - мамлекеттик кызматкерлер, экинчиси - динчилдер.

Бийлик талапкеринин шайлоо штабы үгүт кампаниясында Жээнбековду аз сүйлөп, көптү кылган иштерман, чарбачыл башкаруучу катары сыпаттаган үгүт материалдарын жайылтышууда.

Ошону менен катар эле бийлик талапкеринин, кыйыр түрдө ыймандуу, адептүү, намазга жыгылган такыба бейнесин түзүп жатышкандай.

Бишкек шаарындагы мечиттердин бириндеги анын алакан жайып бата кылып жаткан сүрөттөрү социалдык желелерде тарап, динчилдер арасында упай топтоду. Анан калса мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун ага болгон үгүтү чечүүчү ролду ойноду көрүнөт.

"Маңдайы саждага тиерин бардыгыбыз билебиз", - деди Чубак ажы Жалилов шайлоочулар менен жолугушуулардын биринде.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке 15-июлда көрсөткөн

Ошондой эле бул шайлоодо бийлик талапкерин мамлекеттик кызматкерлер колдоп бериши күтүлүүдө.

Кыргызстанда ар кандай эсептөөлөр боюнча пенсия курагында 500 миңдей адам бар. Билим тармагында 100 миңден ашык мектеп, ЖОЖ окутуучулары, 40 миңдей Саламаттыкты сактоо кызматкерлери бар.

Мындан тышкары Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу орган өкүлдөрү, маяналары бюджеттен бөлүнгөн ар кандай чарба уюмдарынын кызматкерлерин кошкондо эле жоон тооп электорат чыкчудай. Бирок алардын баары эле Сооронбай Жээнбековду колдоп береби? бул дагы өзүнчө суроо.

Бирок бийликтин оппоненттери шайлоо өнөктүгү башталгандан бери эле админ ресурс колдонулбайбы деп кооптонуп келишет.

Дагы бир нерсе, социалдык желелерде Жээнбековдун электораты бири-бирине каршы келбейби деген да суроолор чыгууда.

Бабановдун электораты - ишкерлер, кыздар

Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого аттанган "Республика" партиясынын лидери Өмурбек Бабановду негизинен ишкерлер колдошу күтүлүүдө.

Борбор калаадагы жүргүнчү ташыган кичи микро автобустар, ушу күндөрү, бир гана Бабановдун постерлерин чаптап жүргөнүн байкоого болот.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабановдун штабы интернет үгүткө басым жасады

Бабановдун, ошондой эле, Кыргызстандагы түштүк облустарындагы өзбек тектүү кыргызстандыктарда колдоосу күч экени байкалат.

Шайлоо алдындагы Кара-Суу районундагы жолугушуулардын биринде Кыргызстандын туңгуч муфтийи Садыкжан Камалов Бабановду колдой тургандыгын, бирок ага жергиликтуү элдин бир талабы бар экенин айткан.

"Биздин Ошто улуттар аралык мамиле али өз калыбына келген жок. Айрыкча жаштар ичинде ошондой кемчиликтер бар. Биз өнүккөн мамлекеттер катарына кошулган менен улуттар аралык мамилени ордуна койбой турган болсок, анда биз үчүн андай өнүгүштүн кереги жок болуп калат. Бирден бир талабыбыз - улут аралык мамилени мындан да жакшы кылышка сиз көп аракет кылып берсеңиз"- деген Кыргызстандын туңгуч муфтийи, Ислам цивилизациясы борборунун президенти Садык кары Камалов.

Ал эми Араванда жаштардын атынан сүйлөгөн Мохичехра Тешабаева Бабановду колунан өөп ийгенге чейин башын ийип, бирок талапкер ага жол бербей, кучактап токтотконун көрсө болот.

Негизи бул шайлоодо Өмүрбек Бабановдун штабы интернет үгүткө басым жасап, социалдык желелердеги жаш электоратка чыга алды. Бүгүнкү күнү Бабановдун Facebook баракчасы кыргызстандык колдонуучулардын ичинде 7-орунда турат. Жаштар арасында популярдуу Инстаграмм тиркемесинде ар кандай мем сүрөттөр менен сулуу сымак талапкер, айрыкча, кыздарда симпатия ойгото алгандай.

Темир Сариевдики - интеллегенция өкүлдөрү, жаштар

"Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев бул шайлоодо интеллигенция өкүлдөрүнө таянууда.

Шайлоо кампаниясынын башында "Интеллектуалдык жүзилтик" мүчөлөрү: мурунку премьер-министр Турсунбек Чыңгышев, экс-Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова, профессор Накен Касиев баштаган он чакты адам маалымат жыйынын уюуштуруп, Темир Сариевге колдоосун билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Темир Сариев шайлоочулары менен жолугушууда

Үгүт кампаниянын жүрүшүндө талапкер өзү спорт залда эркин күрөш менен алектенген видеосун таратып, анда жаштарга жакындагысы келгени байкалат.

Талапкердин социалдык желедеги баракчаларында айрым жаш ишкерлердин ага ишеним арткан үгүтүн байкоого болот.

Өткөн шайлоодон тажрыйба

Үгүт өнөктүгү кызуу тартып, талапкерлердин айрымдары жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүп, кээ бирлери социалдык желелерде үгүт өнөктүгү менен алек болууда.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Талапкерлердин аймактарда эл менен жолугушуусу

Саясат талдоочу Эмир Кулов 2011-жылы өткөн президенттик шайлоонун мисалында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун байкоолоруна негиздеп, үгүт маалында ким стадион толтура шайлоочу чогулта алса, жеңиш ошол жакта болот деген болгоолору менен бөлүштү.

"Эл аралык уюмдар анализдеп, талдап көргөндө мурунку шайлоолордогу шайлоочулары менен жолугушууларды машстабдуу өткөргөн үч талапкер көп добуш алышканын байкаган. Алар: Атамбаев, Мадумаров жана Ташиев. Ошондо мунун байланышы бар деген тыянакка келишкен"- деди Эмир Кулов.

Саясат талдоочу социалдык медиада лайк баскан жаштар добуш берүүгө келер келбеси арсар экенин белгилейт, ал эми аймактарда жолугушууга келген улгайган ата-апалар, орто жаштан өткөн булар чындап потенциалдуу электорат болуп саналат.

Бул макалада жарышта фаворит эсептелген үч талапкердин электораттарын талдап бергенге аракет кылдык. Кийинки макалада башка талапкерлердикине токтолобуз.

Кыргызстанда шайлоо 15-октябрда өтөт, ага 13 талапкер катталган, бүгүнкү күнү алар ичинен "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев шайлоого баруудан баш тартты.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар