Үй-бүлөнү пландоо: балдардын аралыгы кыскарууда

Кыргызстанда төрөттөрдүн аралыгы кыскарууда
Image caption Кыргызстанда төрөттөрдүн аралыгы кыскарууда

Бойго болтурбоочу каражаттарды акысыз берүү токтогонуна байланыштуу, үй-бүлөнү пландоо көзөмөлгө алынбаса, эне өлүмү кайра өсүшү мүмкүн деп коңгуроо кагууда адистер. Эл аралык уюмдар өмүрдү сактоо, балдарды татыктуу тарбиялоо жана каражат үнөмдөө үчүн үй-бүлөнү пландоого чакырууда.

23 жаштагы Динара шаарда жашайт. Акыркы төрт жылда үчүнчү баласын жарык дүйнөгө алып келгени турат. Ар кош бойлуулугунда кийинки баласын пландайм деп ойлогон, бирок иш жүзүндө андай болбоду.

"Башында, турмушка чыкканда жаш болчумун. Боюмда болуп калат деп деле ойлогон эмесмин. Анын үстүндө кош бойлуулуктарым жеңил эле өтүп келатат, эч кандай кыйынчылык болгон жок, эч жерим ооруган жок. Бирок ошентсе да пландаш керек деп эсептейм. Бирок майда-чүйдөсүнө баш отум менен кирип кетким келбейм", - деген Динара ден соолугу жакшы болгон менен бала багуудан чарчап калганын мойнуна алды.

Динаранын башка келиндерге, айрыкча айыл жериндегилерге салыштырмалуу баланы камсыз кылууга шарты бар. Үй-бүлөнү пландоого тоскоолдуктардын негизгиси материалдык абал болуп эсептелет. Эл аралык изилдөөгө ылайык, ал бойго бүтүүдөн сактанууга жолтоо болгон төрт негизги себептин бири. Кийинкилери калыптанып калган терс түшүнүктөр, түгөйүнүн макулдугу, бойго бүтүүдөн сактаган каражаттын жоктугу.

Үй-бүлөнү пландоодо өкмөттүн жардамы зарыл

Эне өлүмү акыркы жылдары азайып жаткан менен Кыргызстан Чыгыш Европа жана Азияда дале эң алдыңкы орундарда турат.

Кыргызстанда төрөттөрдүн аралыгы кыскарууда. Балдардын аралыгы кеминде эки жарым жыл болуш керек дешсе, Кыргызстанда төрөгөн аялдардын 20 пайызы балдарын эки жылдан кем аралыкта төрөйт.

Image caption "Үй-бүлөнү пландоого коротулган бир доллар түгөйлөрдүн бюджетин 6 долларга үнөмдөйт"

Ал эми 9,2 пайызы же 14 миңден ашык аял бир жылдан, мисалы, жылдын башында жана аягында төрөйт. Бул бүлөнү пландоодо маселе бар экенин көрсөтөт.

Эгер үй-бүлө пландалбаса анын экономикалык, социалдык жана эң негизгиси ден соолукка байланышту кесепети чоң.

Ден соолукка таасири же өмүргө коркунуч

Үй-бүлөнү пландоодо канааттандырылбаган муктаждык деген термин бар. Бул нерсе - аялдардын үй-бүлөнү пландагысы келип, бирок аны аткара албай жаткандагы абал - акыркы жылдары Кыргызстанда өсүп жатат. Адистердин айтымында, алар көбүнесе социалдык абалы жана билимсиздигинен кош бойлуулуктарын пландай албайт.

"Үй-бүлөнү пландоо дегенде үч багытты айтабыз. Биринчиси баарын - кантип багууну, качан билим алып, качан иштөөнү пландоо. Экинчиси күткөн, каалаган бала төрөлүш керек. Үчүнчүсү төрөттөрдүн аралыгы", - деди БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун өкүлү Нургүл Сманкулова.

Image caption Коомдун аярлуу катмарына бойго бүтүрүүдөн сактоочу каражаттар донорлор тарабынан акысыз таратылып келген. Быйыл бул токтоду

Үй-бүлөнү пландоо муктаждыгы аткарылбаган аялдардын пайызын дүйнөлүк изилдөө Кыргызстанда 20% деп көрсөтүүдө. Ал Чүйдө 23, Ош менен Баткенде 30, Ысык-Көлдө 19, Жалал-Абадда 18, Нарын менен Таласта 11 пайыздан ал эми Бишкекте 14 пайыз.

Ал эми өнүгүп келаткан мамлекеттерде 225 миллион аял балалуу болууну токтотууну же жылдырууну каалап, бирок бойго бүтүүдөн сактаган эч кандай каражат колдонбойт. Ага тоскоолдуктар жогорудагылар менен катар атайын кызматтардын да жетишсиздиги болууда деп эсептешет дүйнөлүк адистер.

"Үй-бүлөнү пландоону жакшы билсек, эң биринчиден аялдардын өмүрүн, алардын ден соолугун сактап калабыз. Мисалы, Румынияда абортко тыюу салынар менен кылмыштуу аборттор жана энелердин өлүмү өстү. Мамлекет үй-бүлөнү пландоо программасын киргизгенде аборттор дароо кыскарып, эң кызыгы балдардын төрөлүүсү жогорулады. Анткени аялдар аң сезимдүү мамиле кыла башташты", - дейт "Репродуктивдүү саламаттык альянсынын" аткаруучу директору Галина Чиркина.

Экономикалык кесепеттери

Дүйнөлүк анализ көрсөткөндөй, бойго бүтүүдөн сактануу үчүн коротулган бир доллар кош бойлуулукта кеткен чыгымды 1,47 долларга үнөмдөйт.

"Үй-бүлөнү пландоого коротулган бир доллар түгөйлөрдүн бюджетин 6 долларга үнөмдөйт", - деди Сманкулова.

Image caption "Үй-бүлөнү пландоону жакшы билсек, эң биринчиден аялдардын өмүрүн, алардын ден соолугун сактап калабыз"

Эгер бойго бүтүрбөөчү каражаттын баасы аялдын айлык кирешесинин бир пайыздан ашыгын түзсө, ага аялдын чамасы жетпейт деп саналат. Кыргызстанда бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын баасы кеминде 300 сом жана үй кожойкелерин айтпаганда да, катардагы бюджеттик кызматкер ага жете албайт.

Бойго бүтүүдөн толук сактанууга дүйнө боюнча жылына 9,4 миллиард доллар зарыл. Эгер бул толук камсыздалса, адистердин эсеби боюнча капыстан бойго бүтүүнү 70 пайызга, абортту 74 пайызга, эне өлүмүн 25 жана балдардын өлүмүн 18 пайызга кыскартууга мүмкүн болмок.

Социалдык кесепеттери

Дүйнөдө 287 миң аял кош бойлуу кезинде же төрөт учурунда көз жумат. 47 миң аял аборттон оор кесепетке учурайт. Кыргызстанда быйыл бир аял аборттон көз жумду. Андыктан үй-бүлөнү пландоо өмүрлөрдү сактаары бышык.

Үй-бүлөнү пландоо түйгөйлөр каалаган санда балалуу болууга шарт түзөт. Ошондой эле балдардын арасындагы аралыкты көзөмөлдөй аласың, бул эненин жана баланын ден соолугу, саламаттык сактоо тармагы үчүн чоң жеңилдик.

Сманкулова пландалбаган, күтүлбөгөн бала төрөлгөндүктөн аны өлтүрүү, таштап кетүү Кыргызстанда көп болуп жатат деди.

Бойго бүтүрүүдөн сактоочу каражаттар ар бир аялга ылайыкталып, дарыгер тарабынан тандалат. Коомдун аярлуу катмарына ал бир нече жылдан бери эл аралык донорлор тарабынан акысыз таратылып келген. Быйыл бул токтоду. Андыктан өкмөт аярлуу катмардын ичинен да эң муктаж топко акысыз контрацептивдерди таап берип туруунун үстүндө иштеп жатат. Ага көбүнесе ооруулуу, инвалид энелер кирет.

Дүйнөдө сактануунун 35 түрү бар. Бирок Кыргызстанга азырынча презерватив, таблеткалар, спираль жана башка болуп, беш-алты ыкмасы гана жеткен.

Тема боюнча башка макалалар