Биометрикалык маалымат тапшыруу эртең токтойт

Биометрикалык маалымат тапшыруу токтойт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Биометрикалык маалымат тапшыруу токтойт

Биометрикалык маалыматты тапшыруучу жайларда чоң кезектер пайда болду. Анткени 29-сентябрда шайлоого байланыштуу аны топтоо убактылуу токтойт. Жарандар шайлоочулар тизмесинен өзүн тактоо күнү да эртең аяктайт.

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун биринде эл жыкжыйма. Биометрикалык маалыматты тапшырууга кезектин алды көрүнбөйт.

Шаар тургуну Аида шайлоо үчүн шашылып биометрикалык маалыматын тапшырганы келген.

“Мурунку парламенттик шайлоого катышкан деле эмесмин. Президенттик шайлоо маанилүү деп келдим. Биометрика жок добуш берүүгө болбой турганын билбей калыпмын. Кичинекей баламы таштап коюп келдим. Кезек узун экен, бир сыйра алдыдан сүрүлүп, кайра аркага келип калдык”, - деди Аида Би-Би-Сиге.

Image caption Биометрикалык маалымат тапшырууга кезек. Бишкек. 28.09.2017

Шаардын дагы бир Мидхат аттуу тургуну да акыркы күндөрдүн биринде биометрика тапшырууга аракет кылып узун кезекте турат.

“Президентибизди шайлап алуу үчүн биометрика тапшырууга келдим. Менин добушумду бирөө каалагандай колдонуп коюшун каалабайм. Кезегим жеткиче күтөм”, - деди жашоочу.

Аида шайлоочулар тизмесинде бар экенин билет, биометрикалык маалыматты тапшырса жетет. Ал эми Мидхат тизмеден өзүн тактоо, ага жетишүү санаасы менен турат.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси шайлоого он беш күн калганда чыгат.

Image caption Шайлоо алдында калкты тейлөө жайлары элге толду

Биометрикалык маалыматты чогултууну убактылуу токтотуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов айтып берди:

“Негизи биометрикалык маалыматтарды топтоо үзгүлтүксүз процесс болуп эсептелиш керек жана ошондой жүргүзүлөт. Бирок БШКга, Мамлекеттик каттоо кызматына жана шайлоо комиссияларына шайлоочулардын акыркы тизмесин түзгөнгө убакыт керек. Аны токтото туруу ушуга байланыштуу. Мыйзамда шайлоого он беш күн калганда арыз берүү, тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү токтойт деп көрсөтүлгөн”.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов 29-сентябрдын жыйынтыгы менен азыркы эсеп бир аз көбөйөт дейт:

“Республика боюнча биометрикалык маалыматын тапшыргандар үч миллион 58 миң кишиден ашты. Анын ичинен эки миллион 978 миң жаран шайлоочулар. Ушу тапта өлкө боюнча бардык паспорт берүү жайларында, калкты тейлөө борборлорунда, жарандык актыларды каттоо бөлүмдөрүндө жана райондук администрациялардын имараттарында биометрикалык маалымат чогултулууда”.

Image caption Добуш берүү үчүн ар ким өзүн shailoo.srs.kg сайтынан тактаса болот

Биометрикалык маалымат тапшырган жаран шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кирет. Болгону алдыда калган бир күн ичинде башка жерде катталгандар болсо, арыз жазып, жашаган жеринен шайлоого катышуу укугун алууга жетишиш керек.

Добуш берүү үчүн ар ким өзүн shailoo.srs.kg сайтынан тактаса болот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.