Э.Жумакунов: Кыргызстанда паранжа кийгендер сейрек

Жумакунов Кыргызстанда бетин кошо жапкандар сейрек деди Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY/REUTERS
Image caption Жумакунов Кыргызстанда бетин кошо жапкандар сейрек деди

Австрия бийликтери паранжага өздөрүнүн нарк-дөөлөтүн сактоо жүйөөсү менен тыюу салып жатат. Маалымат булактары ал жакта 150 чамалуу паранжачан аял бар экенин жазды. Кыргызстанда мусулман аялдардын басымдуусу кандай кийинет жана кайсы эрежени карманышат?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Эсенгелди Жумакунов ушул боюнча оюн бөлүштү. Би-Би-Си ага адегенде Кыргызстандагы мусулман аялдардын кийими боюнча багыттоосу барбы деп сурады.

Эсенгелди Жумакунов: Кыргызстандын мамлекеттик саясаты 2014-жылы кабыл алынган дин чөйрөсү боюнча мамлекеттик концепциянын негизинде жүрөт. Анда бул жерде жүздөгөн жылдар бою карманып келген салттуу исламдын багыттары сунушталган. Ханафи багыты жана матруди бутагынын негизинде диний агартуу, диний маданиятты калыптандыруу иш чаралары жүргүзүлүп келет.

Бул багыт менен бутакта паранжа же арабча никаб парз катары каралбайт.

Би-Би-Си: Демек бетти чүмкөө Куранда жокпу?

Эсенгелди Жумакунов: Куранда түздөн-түз андай аят жок. Бирок төрт багыттын ичинен эки багытта, шафи жана ханбали масхабдарында бул парз катары кабыл алынат. Ал эми ханафи жана маалики масхабдарында бетти жабуу парз болуп эсептелбейт, өзгөчө кырдаал өңдүү айрым учурларда гана парз кылынат делген жерлери бар.

Image caption Эсенгелди Жумакунов чапан, тебетей жана башка улуттук кийимдер исламдын эрежелерине шайкеш дейт

Айрым аалымдар, эл аралык Ислам окуу жайларынын мүдүрлөрү, шейхтер паранжа парз эмес экенин тастыктаган фатфаларын чыгарган. Алардын айрымдары боюнча, паранжа салт катары көрүлгөн.

Би-Би-Си: Кыргызстанда паранжа кийгендер боюнча көрүнүш кандай, канчалык жайылган?

Эсенгелди Жумакунов: Кыргызстандагы мусулмандар арасында паранжа кийгендер өтө аз. Андыктан бул маселе бизде орчундуу эмес. Алар ханафи эмес, ханбали багытындагылар болушу мүмкүн.

Би-Би-Си: Исламдын светтик өлкөдөгү ролу тууралуу өткөн аптада Бишкекте өткөн эл аралык иш чарада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев улуттук каада салтка туура келген кийимди кийүүгө чакырды. Буга чейин деле мамлекет башчысы тарабынан мындай чакырыктар айтылып келди. Демек ага кандайдыр бир негиз барбы?

Эсенгелди Жумакунов: Коргонуу кеңешинин чечиминдеги сунуштардын бири кыргыздын маданиятына жат кийимдерден алыс болуу. Бирок бул албетте башка кийимдерге тыюу салуу же андай кийинген адамдарды террорист же экстремист катары эсептөө маанисин бербейт.

Кыргыз Республикасы укуктук, демократиялык, жарандардын дин тутуусуна эркиндик берилген мамлекет. Ошол себептен сунуштар кандайдыр бир кийим үчүн кысым көрсөтүү, тыюу салуу үчүн иштелип чыккан эмес. Бирок алдыңкы маданиятка жетүү, бири-бири менен карама-каршылыктар жаралбаш үчүн аймакта көпчүлүк туура деп ишенген ислам багытынын негизинде сунуштар берилген.

Жоолук салууну парз деген аяттардын же хадистердин чечмеленишинде маселе жатат. Аалымдар өзү жашаган аймактын салттарынын, географиясынын негизинде чечмелеген. Ханафи багыты либералдык түшүнүктөрдү камтыйт.

Би-Би-Си: Салттуу исламга ылайык аял кишинин кийүүнү эрежелери кандай?

Эсенгелди Жумакунов: Жоолук салынуу, денеси көрүнбөй турган кийимдерди кийүү сыяктуу эрежелер бар. Албетте мамлекет бул эрежени эч кимге таңуулабайт же тескерисинче тыюу сала албайт. Ал дин тутуу эркиндигине жараша жарандын тандоосу.

Чапан, чепкендердин баары сүннөткө ылайыктуу. Ханафи багыты эмнеге салттуу болуп калган, анткени ал салтка карама-каршы келген эмес. Бири-бири менен жуурулушуп, толуктап турган.

Тебетей, мисалы, селдеге окшош. Чапандын ордуна плащ кийсе болот. Орто кылымдагы кийимдерди, пайгамбарыбыздын кийимин карманып алуу ар кимдин түшүнүгүнө байланыштуу маселе.

Негизги эреже – уят жерлерди жабуу жана кенен кийимдерди кийүү. Башкача айтканда, сөзсүз эле пакистандыктын, индустун же арабдын кийимин кийиш керек дегенден алыспыз. Ханафи багытындагы көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө тажрыйба ушундай. Мисалы, Түркияда эркектер костюм кийет, аялдар джынсы кийип, жоолук салат.