Байкоочулар шайлоо алдында мыйзам бузуулар көп дешет

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген Сүрөттүн автордук укугу SOCAIAL MEDIA
Image caption Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген

Президенттикке талапкерлер үгүт учурунда программаларына эмес, жеке өзгөчөлүктөрүнө басым жасап жатат дешти шайлоо жараянынын байкоочулары. Үгүт учурунда эң одоно мыйзам бузуулар бул – кара пиар дешүүдө алар.

Шайлоо алдында ага байланыштуу мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүндө карама-каршылыктардын болушу биринчи жолу орун алууда. Бул тууралуу көз карандысыз байкоочулардын бири, укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

Ал ушул шайлоо алдындагы жараян өтө ыплас иштер менен коштолуп жатат дейт.

“2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу тууралуу көп айтсак, бул жолу административдик ресурсту колдонуу боюнча абдан көп маалымат чыгып жатат. Бийлик аны колдонуп эле жүргөн. Бирок бул шайлоо катуу колдонгону байкалып жатат. Саясий атаандаштарга кысым жасоо, камоолор жана журналисттерди сотко берүү ушул шайлоодо көп экенине күбө болуп жатабыз”, - деди Ошурахунова.

Динара Ошурахунова Башкы прокуратура же башка мамлекеттик органдар көп мыйзам бузууларга көз жумуп, айрым маселеге келгенде гана, терип чара көрүүдө деп эсептейт. Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова бир катар мыйзам бузуулар боюнча иш козгоп, тескеп жатышканын айтууда.

“Маалыматтардын бирине токтоло кете турган болсок, Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн материалдардын биринде президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүттөөчүсүнө карата чара көрүү тууралуу дагы бир жаран кайрылган. Ал жаранга үгүттөөчү Бабановго добуш бердирүү үчүн 1000 сом сунуштаган. Башка бир видеотасмада белгисиз аял башка бир аялга ушундай суммага добушун саткан кишилерди таап берүүсүн сүйлөшүп жаткан”, - деди Би-Би-Сиге Назик Байгазинова.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” президенти Азамат Адилов бул шайлоо өнөктүгүндө “кара пиар” же атаандашын каралоо көп экенин белгиледи. Алар өздөрү Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы онго чукул арыз менен кайрылган. Алардын бири байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү маселеси боюнча. Адилов бул өнөктүктүн дагы бир өзгөчөлүгүн кыстара кетти:

“Президенттикке талапкерлер дагы эле болсо өздөрүнүн прграммаларына, платформаларына көңүл бурбай, өздөрүнүн кандайдыр бир жеке өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп жатышат. Берилген кыска бир ай ичинде алар шайлоочуларга программалырын жеткиргенге аракет кылыш керек деп сунуштайбыз”.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мыйзам бузуулар көп айтылып жаткан менен жазага тартуу дале аз экенин белгиледи. Анын эң незиги себеби теңсиздик, тандап мамиле кылуу дейт. Андан сырткары мыйзам бузууга күбө болгон киши арыздануудан майнап чыгарына ишенбей, ооз эки айтуу менен чектелүүдө деди.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Ага 12 талапкер ат салышууда.