Ирак армиясы «ИМ» тобунун акыркы чебин көзөмөлүнө алды

Аскер жетекчилеринин айтымында, операциянын жүрүшүндө «ИМ» тобунун 196 согушкери өлтүрүлүп, шаарга жакын 98 калктуу конуштар бошотулган. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Аскер жетекчилеринин айтымында, операциянын жүрүшүндө «ИМ» тобунун 196 согушкери өлтүрүлүп, шаарга жакын 98 калктуу конуштар бошотулган.

Ирак армиясынын жетекчилиги ийгиликтүү операциядан кийин өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун акыркы коргонуусу болгон Хавиджа шаары бошотулганын билдирди.

Аскер жетекчилеринин айтымында, операциянын жүрүшүндө «ИМ» тобунун 196 согушкери өлтүрүлүп, шаарга жакын 98 калктуу конуштар бошотулган.

Он миңдеген жайкын тургундар отурукташкан бул аймакты террордук топ 2014-жылы өзүнүн көзөмөлүнө алган эле.

Эми Иракта бир гана аймак «ИМ» тобунун көзөмөлүндө турат. Бул Сирия менен батыш чек арадагы тилке. Экстремисттик топ Сириянын бир катар аймактарын мурдагыдай эле көзөмөлдөп турат.

«Ирак армиясы, полиция жана экстремисттик топко каршы күрөшүп жаткан аскерлештирилген түзүмдөр Хавиджанын борборун бошотуп, андан ары алдыга жылууда»,-деп билдирди операцияны жетектеген генерал-лейтенант Абдель Амир Яралла.

Мамлекеттик телеканалдар Хавиджанын толук бошотулганы тууралуу кабарлашты. Шейшембиде ирак армиясы шаардын түштүк тарабындагы согушкерлер машыгуу лагери катары колдонуп жүргөн аба базасын ээлеп алышкан эле.

Ирактын армиясы акыркы айларда өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топко каршы жүрүшүн тынымсыз улантып келди. Ушул жылдын июль айында тогуз айга созулган камалоодон кийин Ирактагы экинчи ири калаа Мосулду бошоткон эле. (AbA)

Тектеш темалар