Админресурс караанына кабатыр саясатчылар

"Акыйкат шайлоолор үчүн" жарандык кыймылынын мүчөлөрү Феликс Кулов менен Эмилбек Каптагаев.

"Акыйкат шайлоолор үчүн" жарандык кыймылынын мүчөлөрү Феликс Кулов менен Эмилбек Каптагаев үгүт маалындагы админресурстун колдонулушу боюнча кооптонуларын билдиришти. Алар Жогорку Кеңеш депутаттарынан тарта, аттуу-баштуу аткаминерлерге чейин бийлик талапкерин үгүттөөгө аймактарга чыгып, баары "фронтко кеткендей" болуп жатканын айтышты.

№2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө кошумча тизмелердин түзүү менен шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди.

"Баары фронтто"

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Феликс Кулов алардын колуна шайлоого карата админресурс колдонулуп жатабы деген ойго түрткөн тизме түшкөнүн айтты.

"Биздин колубузга Бишкекте ар кандай жогорку кызматтарда иш алып барган аткаминерлердин тизмеси келип түштү. Аларды кичи мекенине жөнөтүшүп, өздөрүнүн кадыр-баркын салып, ириде, бюджеттен айлык алгандарга бийликтеги партиянын талапкерине добуш бердирсин деп атышабы дейм", - деди Кулов.

"Акыйкат шайлоолор үчүн" кыймылынын мүчөсү шайлоого байланыштуу бул тизме боюнча кыймылдын тийиштүү органдарга даттануулары жоопсуз калып жаткандыгына нааразычылык билдирди.

"Учурда көптөгөн депутаттар аймактарды кыдырып кетишти. Алар мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматкерлерге кирет. Ал эми аларга шайлоолоргок атышууга тыю салынган. Эл өкүлдөрү болсо дагы, мыйзам аларга үгүткө формалдуу катышууга жол бербейт. Азыр алардын көбүнүн орду бош калып, баары фронтко кеткендей болуп атат", - деп кошумчалады Феликс Кулов.

Ал, ошондой эле, Коомдук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков жана вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев үгүт жаатында шайлоо мыйзамдарын одоно бузду деп, бирок алардын акыркысына гана сөгүш берилип, жазасы жеңил болуп калды деген пикирде.

Кошумча тизме машакаты

Жыйындын дагы бир катышуучусу, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев №2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө кошумча тизмелерди түзүү боюнча көп суроолор чыгып жаткандыгын белгиледи.

"Кошумча тизме менен 350 миң шайлоочу добеш берүүгө катышат деген маалымат тарады. Бул өтө кооптуу, анткени бул 350 миң добуш бир талапкерге берилсе, шайлоонун жыйынтыгына түздөн түз таасир этүүчү көрсөткүч болуп калат", - деди Каптагаев.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Каптагаев: №2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө кошумча тизмелерди түзүү боюнча көп суроолор чыгууда

Кулов мурунку шайлоолордун тажрыйбасына таянып, кошумча добушканаларда белгилүу партия жеңип, калган башкалары добуш алган эмес деди. Мындан улам ал, ал кошумча шайлоо участкаларда бул жолу кимдин пайдасына добуш берилет түшүнсө болот деди:

"Кошумча участокторда адамдар 2-3 саат туруп добуш беришет. Добуш берем деп тургандар негизинен аскер адамдары жана студенттер болушат. Булар калктын саясий жактан эң активдүү бөлүгүбү? Келгиле мунун үстүнөн да ойлонуп көрөлү"- деди Кулов.

Шайлоолорго байланыштуу БШК бүгүн уюштурган жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев 16-августтан 29-сентябрга чейин №2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө 316 миң 064, ал эми №3 форма менен добуш берүүгө 28 миң 397 шайлоочудан арыз түшкөнүн маалымдады.

Буга чейин Баш прокуратуранын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүнүн мыйзамдык кепилдигин камсыздоо боюнча түзүлгөн штабы шайлоонун жүрүшүндө орун алды деилп жаткан мыйзам бузуулар боюнча фактылардын көбү тастыкталбай жаткандыгын билдирген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар