Кыргызстанда Өзбекстан маданият күндөрү өтүүдө

Өзбекстандын маданият күндөрү Бишкекте, Ошто өтөт
Image caption Өзбекстандын маданият күндөрү Бишкекте, Ошто өтөт

Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтүүдө. Бишкекке артисттерден жана башка маданият өкүлдөрүнөн турган жоон топ келди. Байкоочулар өзбек-кыргыз алакасынын сууп кетиши он жыл мурункуга барып такалат дешүүдө. Эми аны жандандыруу аракетине эки тараптын тең маданий кызматкерлери кубанууда.

Бишкекте Өзбекстандын бюджеттүү кинолорунун бири, алгачкы өзбек фэнтезиси “Ойкиз эртаги” көрсөтүлдү. Кинорежиссер Акбар Бектурдиевдин чакан падышалык тууралуу тасмасы Кыргызстандын чоң экранында сейрек көрсөтүлгөн өзбек тасмаларынын бири болуп калды.

Кыргызстандык кинорежиссер Гүлбара Төлөмүшова Кыргызстан менен Өзбекстандын маданияты тамырынан байланыш дейт. Ал жада калса эки элдин кино тармагы бирге түптөлгөн деп, 1927-жылы Кыргызстанда өзбек кинотобу тарткан тасмага түшкөн өспүрүм кыз Айша Карасаева биринчи кыргыз киноактрисасы эсептелерин белгиледи.

Image caption “Ойкиз эртаги” тасмасы Кыргызстандын чоң экранында сейрек көрсөтүлгөн өзбек тасмаларынын бири болуп калды

Ал ошондой эле өзбек фильмдеринде кыргыз актёрлору арбын түшүп келгенин, кыргыз чыгармаларына, сценарийлерине өзбек фильмдери тартылганын айтты.

Бирок мындай бирге иштешүү советтер союзунда орун алган.

“2012-жылга чейин мен Ташкентке көп барчумун, бир жылда эки-үч жолу десем болот. Көп фестивалдар, семинарлар өтчү. Акыркы жолу 2012-жылы бардым. Андан бери алар Кыргызстанга кирип жатышты. Кандай болгондо да бизди абдан жакшы тосуп алчу. 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин да Ташкентке иш чарага мени чакырышкан. Байланышыбыз дайыма уланды. Акыркы жылдары гана биздин ал тарапка киришибиз оор болуп калды”, - деди Төлөмүшова Би-Би-Сиге.

Гапар Айтиев атындагы музейде Өзбекстандын тарыхы, бүгүнкүсү тууралуу көгөзмө ачылды. Эки тарап Маданият министрлигинде жолугушту. Делегацияда коңшу Кыргызстанга биринчи ирет келгендер арбын.

“Кыргызстанга ушунча артист акыркы жолу качан келгени эсимде жок. Кызматташуу бардык эле тармакта жанданып жатат, бул абдан кубанычтуу. Айрыкча искусство адамдары ушинтип сахналарын алмашып туруш керек. Алар мындан өнүгөт, бири-биринен үйрөнөт. Кааласаң каалабасаң бараткан өлкө элинин сүйүкиүү ырлары, музыкасы кайсы деп изденет экенсиң”, - дейт Өзбекстандын чоң театрынын режиссеру Хайдарали Касымов.

Делегациянын курамында артисттер, режиссерлор, жаш бийчи кыздар, жигиттер бар. Өзбекстандын маданият министрлигинин өкүлү Мавлюда Аскархужаева эки тарап бири бирине тез каттап калаарына ишенет:

“Бул жерде тамашалап биз келгенде күн ачылды, жамгырлуу аба ырайы болуп жаткан дешти. Эки тараптын мамилесин чыңдоо аракети президенттердин деңгээлинде жүрүүдө жана алдыга ар кандай пландар, программалар коюлуп жатат. Балким кайсы бир аралыкта мамилебиз сууп кеткендир, бирок алдыда бат бат жолугуп турабыз деп ойлойм”.

6-октябрда Бишкектеги улуттук филармонияда өзбек артисттери чоң концерт берүүдө. Өзбекстандын маданият күндөрү 7-октябрда Ошто уланат.

'Ойкиз эртаги' тасмасын Оштогу көрөрмандар “Семетей” театрынан көрө алышат.