Вице-премьер министр каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Темир Жумакадыров Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы, айдоочусу каза тапкан жол кырсыгы боюнча иликтөө иштерин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Жол кырсыгына катышкан "КамАЗ" үлгүсүндөгү жүк тарткан унаанын айдоочусу сурак берип жатканы кабарланды.

Кылмыш кодексинин 281-беренеси: транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча иш козголгон.

7-октябрь күнү эрте менен саат 7:30да Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы "КамАЗ" үлгүсүндөгү жүк тарткан унаа менен кагылышкан.

Кырсыктан 38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын 33 жаштагы айдоочусу жана 30 жаштагы жардамчысы каза тапты. Окуя Москва районунун Садовое айылында орун алган. Айрым маалымат булактары "КамАЗ" унаасы бет маңдайынан чыга калган унаадан качып, каршылаш тилкеге чыгып кеткен деп жазууда. Бирок ал унаа боюнча маалымат жок.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан унаа жүк тарткан унаага келип урунган.

Сүрөттөрдөн «Тойота Лэндкрузер» унаасынын алды талкаланып калганын көрүүгө болот. Артында да сокку алган жерлери бар.

Темир Жумакадыров 15-октябрга дайындалган президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык шайлоо штабын жетектеп жаткан эле.

Өкмөттүк булактар Жумакадыров шайлоо даярдыктарын текшерүү үчүн Талас аймагына баратканын тастыкташты.

Сүрөттүн автордук укугу kaktus.media

Жумакадыров ушул жылдын август айында премьерлик кызматка Сапар Исаков дайындалгандан кийин өкмөттүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалган эле. Ага чейин 2015-жылдан баштап Коопсуздук кеңшинин катчылыгы кызматын аркалаган.

Темир Жумакадыров 1979-жылы 4-августта Балыкчы шаарында төрөлгөн.

2011-жылы Кыргыз Улуттук университетин Эл аралык мамилелер факультетин кызыл диплом менен аяктаган. 2006-2011-жылдары БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунда аймактык координатор болуп иштеген. Андан кийин мамлекеттик кызматтарда иштеп, 2013-2015-жылдары Кыргызстандын Копсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, кийин катчысы болду. (AbA)

Тектеш темалар