Молдалиев: күч тармагын парламент деполитизациялаш керек

Орозбек Молдалиев күч тармагы нейтралдуу болбосо конфликтке алып келет дейт
Image caption Орозбек Молдалиев күч тармагы нейтралдуу болбосо конфликтке алып келет дейт

Жарандык активисттер Кыргызстандын күч тармагын саясаттан ажыратуу чакырыгы менен чыкты. Бул тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиевди кепке тартып, адегенде күч тармагынын деполитизация, департизация тажрыйбалары тууралуу сурадык.

Орозбек Молдалиев: Бул Советтер союзу ыдырап, мамлекеттер эгемендик алаар алдында айтылып баштаган маселе. Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин кайра куруу башталган кезде эле күч түзүмдөрүн саясаттан, партиядан ажыраталы деп сунуштаган. Ал аткарылган жок.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин болгон жалгыз партия өзү жабылган үчүн деполитизация, департизация аткарылды деп айтсак болот. Күч органдары саясий партияларга кирбейт, партия түзө албайт деп кийин Конституцияга да жазылды. Бул катуу департизация, жумшак департизация да бар. Мисалы, Германияда, Италияда жумшак, ал жакта күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жумуш учурунда партиянын ишине катышпайт, жумуштан кийин формасын чечип, катыша берет. Катуу департизация жасаган, Америка, Британия, Венгрия, Болгария ж.б.

Күч тармагынын саясаттан оолак болушу эмне үчүн зарыл? Анткени мамлекеттин ичинде ар кандай кризистер, саясий партиялардын арасында талаш, конфликттер болуп калат. Ошол кезде күч түзүмдөрү бир тарапта болсо аралашып калат. Ошондуктан булар нейтралдуу туруш керек. Кризистик учурларда күч түзүмдөрү кимге баш ийери мыйзамда так жазылыш керек.

Би-Би-Си: Кыргызстанда бул маселени жарандык коом эмне үчүн азыр көтөрүп жатат?

Орозбек Молдалиев: Бул маселе бийликтин атаандаштарына каршы кылмыш иши козголгонуна байланыштуу келип чыгып жатат. Камоолордон улам жарандык активисттерде күч органдары бийликтин буйругун аткарып жатат деген пикир пайда болууда.

Шайлоо алдында ар кандай себептер менен, мунапыс берилип же дагы башка жеңилдиктер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү түрмөдөн бошотула баштады. Демек булар шайлоого аралашат деген шек жарандык коомдун өкүлдөрүндө мурда эле бар болчу.

Андан сырткары, саясатчылардын телефондогу сүйлөшүүлөрү туруп туруп эле интернетте пайда болуп калат. Ал эми бийликке ыктаган партия жетекчилери телефондон сүйлөшкөн жокпу деген суроону коюшууда.

Күч түзүмдөрү нейтралдуу болбосо сөзсүз конфликтке алып келет. Айталы, күч түзүмдөрү бийлик тарапта болсо, кийинки бийлик келгенде кандай болот? Сөз жок аларга тоскоол болгонго аракет кылат.

Би-Би-Си: Ушул чукул мезгилде күч органдарын калыс кылуунун кандай жолдору бар?

Орозбек Молдалиев: Жарандык, парламенттик көзөмөл аркылуу ишке ашырса болот. Парламенттин тескөө рычагдары көп. Жогорку Кеңеште коргоо, коопсуздук боюнча комитет оппозициянын колунда. Алар чакырып, угуп туруш керек. Эң негизги көзөмөл бюджет аркылуу болот. Акча кайсы максатка колдонулуп жатканынан баары чыгат.

Андан сырткары бул тармакты реформалоо чакырыктары айтылды. Бул такыр башка маселе, бирок керек.