Президенттикке талапкерлер тууралуу сандар тилинде

Кыргызстандагы президенттик шайлоого саналуу гана күн калды. Бул шайлоо өлкө тарыхындагы эң курч атаандаштыкта өтүп жаткан добуш берүү деп сыпатталууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка 13 талапкерди каттаган. Бирок соңку биригүүлөрдөн кийин талапкерлердин катары эки кишиге азайды.

Би-Би-Си талапкерлердин ишмердүүлүгүн сандар аркылуу көрсөтөт.

Зарлыков Эрнис Зарлыкович

50

жашта

  • 2016-жылдан тарта Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри кызматында иштеген.

  • 1993-жылдан бери карай түрдүү мамлекеттик мекемелерде эмгектенген. Бишкек шаардык финансы башкармалыгында адис, кийин бөлүм башчы.

  • 2011-жылы Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

  • 2 487 970 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Үметалиева Токтайым Жумаковна

«Жашасын Кыргызстан» партиясынын лидери

56

жашта

  • 1984-жылдан баштап жогорку окуу жайында мугалим болуп эмгектенип, кийин гезиттин редакторлугунан тарта, түрдүү уюмдарда жетекчилик кызматтарда иштеген.

  • 2000-жылдан тарта бейөкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдардын Ассоциациясынын төрайымы.

  • 2005-2009-жылдардагы президенттик шайлоодо ат салышкан. Көп жылдан бери саясатта активдүү катышып келе жатат.

  • 2 340 115 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Getty Images

Сариев Темир Аргембаевич

«Ак шумкар» партиясынын лидери

54

жашта

  • 1983-жылдан эмгек жолун баштаган. 2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышына депутат болгон.

  • 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Каржы министри, 2011-жылдан Экономика министри болуп турган.

  • 2015-2016-жылдары премьер-министр болуп эмгектенди.

  • 40 501 000 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

«Жаңы доор» партиясынын төрагасы

43

жашта

  • 2009-жылдан 2010-жылга чейин Салык комитетиндеги башкармалыктын жетекчиси.

  • 2011-жылы «Ата-Журт» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

  • 3 521 465 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Масадыков Таалатбек Шамудинович

57

жашта

  • 1995-жылы чет элдик инвестиция жана экономикалык жардамдар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчи орун басары болуп иштеген.

  • 2002-жылдан тарта Бириккен улуттар уюмунда ишке чакырылып, Ооганстанда, Иранда, Пакистанда иштеген.

  • 2014-жылдан тарта Кыргызстанда коомдук иштер менен алектенет.

  • 4 796 150 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Бабанов Өмүрбек Токтогулович

“Республика” партиясынын лидери

47

жашта

  • 1995-жылдан тарта бизнес чөйрөсүнө аралашкан.

  • 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, саясатта активдүү келе жатат. 2010-жылы биринчи вице-премьер-министр, 2011-2012 –Кыргызстандын премьер-министри кызматында иштеди.

  • 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика –Ата-Журт» партиясы менен парламентке депутат болуп келди.

  • 200 589 866 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

«Эл үчүн» партиясынын лидери

49

жашта

  • 2000-жылдан тарта "Ауирдин" ишканасын негиздеп, анын генералдык директору кызматын аркалап келүүдө.

  • Мурунку президенттик шайлоодо дагы ат салышкан Арстанбек Абдылдаевди кыргыз коомчулугу адаттан сырт айтылган пикирлери аркылуу жакшы тааныйт.

  • 2 300 000 сом шайлоо фондуна түшкон каражат.

Social Media

Бекназаров Азимбек Анаркулович

Бириккен элдик кыймылдын лидери

61

жашта

  • 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптардын активдүү катышуучусу. 1984-жылдан сот тармагында эмгек жолун баштап, 1997-1999-жылдары Бишкекте райондук соттун судьясы болуп иштеген.

  • 2000–2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

  • 2005 –жылы Башкы прокурор болгон. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

  • 2 426 600 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

КСДП мүчөсү

59

жашта

  • 1976-жылы мектепте мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. Көп жылдар бою айыл чарба тармагында түрдүү кызматтарды аркалаган.

  • 1996-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп келген. 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты. 2007-жылы Айыл чарба министри болгон. 2010-2015-жылдары Ош облусун башкарган. Андан кийин президенттик апараттын жетекчи орун басары.

  • 2016-жылдын апрелинен тарта премьер-министр болуп эмгектенди.

  • 103 400 000 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери

53

жашта

  • 1992-1994-жылдары Маалымат министрлигинде референт, “Түрк ааламы” басылмасынын редактору. Андан кийин Мамлекеттик телерадиокомпаниясында эмгектенген.

  • 1995-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болуп шайланган.

  • 2006-жылы вице-премьер министрдин милдетин аткарган. 2006-2007-жылдары Мамлекеттик катчы болуп турган. 2007–2008-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

  • 1 373 888 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Meida

Малиев Арсланбек Касымакунович

«Аалам» партиясыздардын партиясынын лидери

60

жашта

  • 1979-жылдары коомдук тамактануу тармагында иш жүргүзгөн. 1990-2007-жылдары туризм тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

  • 2011-жылы президенттик шайлоого катышып, бирок кыргыз тили боюнча тесттен өтпөй калган.

  • 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Аалам" партиясы менен катышкан.

  • 7 914 300 сом шайлоо фондуна түшкөн каражат.

Social Media

Тектеш темалар