Аида Салянованы сот беш жылга кести

Аида Салянова

Cот Аида Салянованы юстиция министри болуп турганда издөөдө жүргөн Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде күнөөлүү деп таап, аны беш жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды. Соттун чечимине ылайык, Салянованын кичинекей баласы бар экенине байланыштуу, өкүмдү аткаруу анын баласы 14 жашка жеткенче токтотулуп турмакчы.

Алексей Елисеевди кыргыз бийлиги айтылуу Максим Бакиевдин көп кыңыр иштерине кошо аралашкан деп ага издөө жарыялаган.

Соттун өкүмү угузулганда Салянованын жактоочулары катуу нааразы болуп, соттун чечимин талашып, кийинки инстанцияга арызданарын айтышты.

Салянова соңку бир айда эле оппозициялык «Ата мекен» партиясынан соттолгон экинчи чоң саясатчы болуп калды. Буга чейин аталган партиянын лидери Ѳмүрбек Текебаев жана мүчөсү Дүйшөн Чотонов россиялык ишкерден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, сегиз жылга кесилди. Ошондой эле партиянын мүчөсү, ЖКнын мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши сотто каралууда.

Мындан сырткары ЖК Ата Мекен фракциясынын азыркы башчысы Алмамбет Шыкмататовдун дагы ишин сот карап жатат. Ошентип, өлкөнүн эгемен тарыхынын башынан бери келаткан көрүнүктүү партиянын жетекчилери соттук айыптоолордун алдында калды. Алар өз кезегинде сот менен прокуратура жалаң жогорку бийликтин гана саясий буйругун аткарып жатканын жүйөө келтирүүдө.

Оппозициядагы саясатчыларга сот өкүмдөрү президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда чыгып жатат. Ансыз деле шайлоо күнү тополоң чыгарууга камынган деген шек менен оппозициялык талапкердин жакындары кармалып, анын соңунан президент Атамбаевдин коңшу өлкөнүн жетекчилерин шайлоого кийлигишип жатат сындаган сөздөрүнөн кийин өлкөдө кырдаал чыңалган мүнөзгө өттү.

1-декабрда президенттик кызмат мөөнөтү аяктай турган Атамбаев ошол соңку сөзүндө мурдакы саясатчылардын баарын өзү менен кошо ала кете турганын баса белгилеген.

Мындай шартта оппозициядагы саясатчылардын соттолушу өлкөнү кризиске такап, саясий эрегишти күчөтөт деп жатышат. Шайлоодо бийликтин талапкери жеңишке жеткен күндө да ал саясий эрегиштин себептерин жойбойт, кайра тереңдетет деген пикирлер болууда.

Тектеш темалар