Казакстандагы кыргызстандык мигранттарга кысым башталдыбы?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал

Кечээ кечинде Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы "Кордай" өткөрмө бекетинде узун кезек болуп, чек арадан өткөрүүдө тоскоолдуктар болгону тууралуу пикирлер социалдык тармактарда катуу талкууга алынды.

Айрымдар муну президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине карата айткан сын пикирине байланыштырып карап жатышат. Өткөн апта соңунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин президенттик шайлоого кийгилишип жатат деп сындаган эле.

Казак-кыргыз чек арасындагы Талас аймагындагы "Чоң-Капка", Чүй облусундагы «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктар жаралганы айтылып жатат.

«А.Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин биздин бийлик өз күчүн Казакстанда жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандарга көрсөтөм дегени болбогон чечим. «Кордайдагы» жасалма түрдөгү кырдаалды чыңалтуу мындай акциянын башталышы эмес деп үмүттөнөм. Ошол эле учурда Кыргызстан дагы бизге кандайдыр бир нерсени үйрөтө алат. Атамбаев Борбор Азиядагы өз эрки менен Баш мыйзамдын негизинде бийлигин өткөрүп берип жаткан биринчи президенттердин бири»,-деп жазды Фейсбук баракчасына казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption "Кордай" өткөрмө бекетинде узун кезек болуп, чек арадан өткөрүүдө тоскоолдуктар болгону тууралуу пикирлер социалдык тармактарда катуу талкууга алынды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратып, 10-октябрдан тарта президенттик шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн билдирди. Бирок Кыргызстан тараптан эч кандай чектөөлөр жок деди чек ара кызматы.

"10-октябрь күнү саат 18:00дө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында коңшу өлкө чек арачылары күчөтүлгөн тарипте текшерүүнү баштаган. Мунун айынын чек ара бекетинде транспорт каражаттарынын, кишилердин узун кезеги жаралган",-деди чек ара кызматы.

Азырынча казак тарап бул боюнча түшүндүрмө бере элек. "Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын документтерин текшерүү күчөйт экен. Атайын рейддер болот экен деген кептер тарап кетти. Бири-бирине "Ватсап" байланыш тармагы аркылуу ушундай имиштерди таратып жатышат",-деп айтып берди Казакстанда иштеген Мирлан аттуу жигит.

"Алматы шаарында кечээ башталган. Милиция кызматкерлери документтерди текшерүүсүн күчөттү. Тараз, Чымкенттеги тааныштар дагы айтып жатышат. Жөнсүз эле документ текшерүү күчөп, үйлөрүнө чейин келип жатыптыр",-деп айтып берди Алматыда базарда соода кылган кыргызстандык Амир аттуу жаран.

Бирок буга расмий эч кандай тыстыктоолор жок. Мигранттар өздөрү гана дүрбөп жатышканын айткандар болууда.

Кыргызстандын негизги соода жолу Казакстан аркылуу өтөт. Бул өлкөдө 100 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары ар кандай тармактарда, көпчүлүгү соода тармагында эмгектенери айтылып жүрөт. Эки өлкө Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин мигранттарга мамиле жана чек арадан өтүү шарттары жакшырат деп айтылган эле.

Малымат булактары казак тарап Кыргызстан азыркы кезге чейин Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык, санитардык жана фитосантардык талаптарын толук аткарбай жатканы тууралуу кыйытканын жазып жатышат. (AbA)

Тектеш темалар