Дейрдре Тинан: Шайлоо саясий жетилгендиктин көрсөткүчү

Эл аралык Кризис тобунун Борбор Азия боюнча директору Дейрдре Тинан Сүрөттүн автордук укугу crisisgroup.org

Эл аралык Кризис тобунун Борбор Азия боюнча директору Дейрдре Тинан Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдында саясий тирешүү эмне себептен курчуганы жана Кыргызстанда бийликтин тынч өткөрүлүшүнүн шарттары тууралуу сереп салган.

Айтылган анализ менен суроо-жооп ирээтинде тааныштырып өтөлү.

Оппозициячыл саясатчылардын камалышы 2005-2010-жылы орун алган окуялардай саясий чыңалууга түрткү болушу мүмкүнбү?

Президент Акаев менен Бакиев кулатылгандан кийинки окуялар мамлекет үчүн оор болду. Саясий чыңалууга түрткү болгон факторлордун айрымдары бул жолу катталган жок. Мисалы, президенттин үй-бүлөсүнүн өлкөнү башкаруудагы кийлигишүүсү.

Арийне, Атамбаевдин тактикасы кооптуу экени бышык. Адилетсиздик орун алса жергиликтүү тургундардын пикири тез өзгөрүп кетиши ыктымал.

Шайлоо учурунда оппозициячыл саясатчыларды камакка алардан мурун, бул кадам кызматты кыянаттык менен пайдаланууга жатпайбы деген суроо берилип, дыкат таразаланышы абзел. Сот система айтылган жараяндарга калыс мамиле кылуусу да тийиш.

Эки президент бийликтен кулатылганы менен Кыргызстандагы саясий абал катуу өзгөрдү деп айтса жаңылыштык болот. 2010-жылы болгон Оштогу окуялардан кийин деле, коррупцияга малынбаган жаңы саясий күч пайда болгон жок. Кыргызстан дагы деле болсо түндүк-түштүккө бөлүнүп келет, элет жерлерине жетиштүү каражат бөлүнбөй, коррупциянын деңгээли жогору бойдон.

Өкмөт өлкөдөгү экономикалык көйгөлөрдү чечүүгө аракеттенгени менен орчундуу маселелерди жайгара алган жок. Ал себептен Кыргызстандагы саясий абал чыңалган бойдон жана саясий толкундоолорго жол ачышы ыктымал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кыргызстандагы саясий абал чөлкөмдө жана геосаясатта кесепети болобу?

Кыргызстан - басымдуу бөлүгү авторитардык режим болгон Борбор Азиядагы демократиянын үлгүсү. Кыргызстандын коңшулары болсо мамлекетти башаламандыктын үлгүсү катары колдонушат. Бирок чынында, Кыргызстан пост-советтик "күчтүү лидердин бийлиги" деген түшүнүктү жокко чыгарууга аракеттенүүдө. Албетте, демократияны орнотуу оңой эмес. Ал себептен Кыргызстандын аракетине дурус баа берүү зарыл.

Орусиянын Кыргыз өкмөтүнө болгон таасири дале күчтүү. Москва Кыргызстанга финансалык жана коопсуздук жаатында дагы жардам көрсөтүүдө. Владимир Путин Кыргызстандагы Орусиянын аскердик базасынын чөлкөмдө туруктуулукту жана коопсуздукту орнотууда ролу чоң экенин белгилеген.

Кытай дагы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөрүнүн бири. Бээжин мамлекетти Борбор Азияга "дарбаза" катары сыпаттайт. Орусия менен Кытай Кыргызстандагы саясий толкундоолордон, экстремисттик топтор түзгөн коркунучтардан кооптонушат. 2016-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги чабуулга кабылган. Кыргызстандын өкмөтү чабуулчуну Сириядагы экстремисттик топтун мүчөсү деп атаган.

Кыргызстандын демократия жолундагы ийгилиги же кемчиликтери чөлкөмгө таасир этет. Кыргызстандагы саясий толкундоолор коңшу мамлекеттердеги жергиликтүү оюнчуларды кооптондурат. Кыргызстандагы оюнчулар дагы айтылган окуялардын кайталанышынан кооптонуп тургандай.

Буга чейн Кыргызстандагы саясий окуялар негизинен өлкөнүн ичинде болчу. Эми саясий толкундоолор коңшу мамлекеттерге тарабайт деген кепилдик жок. Ал себептен Кыргызстандагы шайлоонун тынч өтүшү Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери үчүн дагы маанилүү.

Бийлик тынч жол менен өткөрүлөбү?

Бийликти жаңы президентке тынч өткөрүп берүү мүмкүнчүлүк бар. Шайлоо демократияны жана туруктуулукту бекемдеген механизм болушу зарыл. Бул жолку шайлоонун Кыргызстандын тарыхында чоң орду бар, саясий жетилгендиктин жолуна түшүү мүмкүнчүлүк бар. Ал себептен саясаттагы оюнчулар өз ара көйгөйлөрүн чечүүнүн жана саясий упайларды топтоонун ордуна, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөөгө умтулушу абзел.

Тектеш темалар