Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөргөн жок

Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөргөн жок

Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы чек ара өтмөктөрүндөгү абал өзгөрүүсүз кала берүүдө.

Кечээгиге салыштырганда бүгүн чек ара өтмөктөрүнөн жөө кишилерди акырындап чек арадан өткөрүп жатышат деп кабарлады "Кордай" аймагында жүргөн кабарчыбыз.

Бирок кезек күткөн унаалар саны кечээгиден да көбөйүп, чек арадан өтө албай турушат.

Кечээ кечинде өкмөттүк булактар Сочидеги Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат бергенин кабарлаган.

"Өкмөт башчы мындан бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жабыркап жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма берди",-деп кабарланган эле.

Ушундан кийин казак тарап чек арадагы катаал текшерүүлөрүн алып салып, кезек күткөн жарандар бат-баттан өтүп жатканы айтылды. Бирок бүгүн таң эртелей чек арадан өтүү тартибин казак тарап кайрадан катаалдаштырып койду.

"Кечээ кечке маал кезек мындан да көп болду. Азыр жарымдап азайып калды. Биз атайын чатырларды тиккенбиз. Жылуулугу, тамак-аш, дары-дармектен маселе жок. Кокус кезек күткөндөр дагы көбөйө турган болсо дагы тиге турган кошумча чатырларыбыз даяр турат. Абал толук жайгарылмайынча биз кызмат көрсөтүүгө даяр турабыз",- деди Аламүдүн районунун акими Касымбек Чодуров.

Кечээтен бери казак-кыргыз чек арасындагы Талас аймагындагы "Чоң-Капка", Чүй облусундагы «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктар жаралганы айтылып жатат. Казак тарап буга түшүндүрмө берип, атайын операция өткөрүп жатканын айткан.

Буга улай эле Казакстандын ар кайсыл шаарларында эмгектенген кыргызстандык мигранттарды ашыкча эле текшерүү күчөгөнү тууралуу маалыматтар келүүдө.

"Бул маселени кантип чечүү керек? Эми ЕАЭСтин жетекчилигине, Орусияга кайрылып ортомулар аркылуу маселени чечүү керек. Экинчи жолу шайлоо өткөнчө күтө туруу керек. Абал өзүнөн өзү да жайгарылат. Бул маселенин чыгышына шайлоо да түрткү бергени ажеп эмес",- дейт мурдагы элчи Жумагул Сооданбеков(AbA)

Тектеш темалар