Талапкерлердин көбү президенттик башкарууга ыкташат

Коомдук телеканалда теледебаттардын экинчи айлампасы башталды Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Коомдук телеканалда теледебаттардын экинчи айлампасы башталды

Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо бул шайлоодогу талапкерлер тарабынан колдонулуп жаткан эң спекулятивдүү темалардан болууда.

Коомдук телеканалдын президенттикке талапкерлер арасында теледебаттардын экинчи айлампасында биринчи тайпада чыккан талапкерлердин көбү Конституциялык реформа аркылуу президенттик башкарууга кайрылып келүү ниетин билдиришти.

КТРКда дебаттардын экинчи бөлүгү старт алып, 11-октябрдагы чыгарылышка Токтайым Үметалиева, Таалатбек Масадыков, Улукбек Кочкоров, Өмүрбек Бабанов жана Арстанбек Абдылдаев катышты.

Дебат эрежеси боюнча ар бир талапкерге программа ичинде 20 мүнөттөн убакыт бөлүндү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстандагы президенттик шайлоо жөнүндө жалпы маалымат

"Азыркы башкаруу системасы менен жаңы президентте маселе көп болот"

57 жаштагы, өзүн өзү жылдыруу жолу менен президенттик жарышка чыккан талапкер Масадыков былтыр референдум аркылуу кабыл алган Баш мыйзамда бийлик балансы тең салмактанбай калганын жүйөө келтирип, кайрадан референдум жолу менен аны өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

«Былтыркы референдум бир гана саясий топтун кызыкчылыгы үчүн өткөн. Эми шайлана турган президент келсе, азыркы системадагы башкаруу формасында аябай көптөгөн кыйынчылыктарга туш болот. Президент да иштей албайт, премьер-министр да иштей албайт. Парламенттин кебетесин өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Анык референдумду кайта өткөрүш керек», - деди талапкер Таалатбек Масадыков.

Бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы делип жаткан Өмүрбек Бабанов дагы мамлекеттик башкаруу формасы маселесинде Кыргызстан Конституциялык реформа муктаждыгын айтты.

«Бизге же президенттик, же парламенттик өлкө керек. 350 миллион калкы бар АКШда бир эле президент бар, ал жакта премьер-министр жок. 80 миллион калкы бар Германияда премьер-министр бар, президентинин укугу жок, бир эле жардамчысы бар. Алты миллион калкы бар Кыргызстанда президентибиз да бар, чоң аппараты менен, премьер-министрибиз да бар, ал да чоң аппараты менен. Ошон үчүн урматтуу элим жашооңор оңолбойт», - деди Өмүрбек Бабанов.

"Президент башында болсун, Элдик Курултай андан жогору болсун"

43 жаштагы «Жаңы доор» партиясынын төрагасы Улукбек Кочкоров «бир баштуу» аткаруу бийлик системасын сунуштап, ага ылайык президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилиши керек деген пикирде.

«Президент саясатты жүргүзгөндөн кийин жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Премь ер-министрлик кызмат жоюлушу керек. Президент алты жылга шайландым, өзүмдү-өзүм билем болбошу үчүн Элдик курултай институтун эң жогорку бийлик органы катары таанып, бардык мамлекеттик органдын башчылары ага жыл сайын отчет бериши керек. Отчету бекибегендер кызматтан кетиши керек», -деди Кочкоров.

Ал сунуштагандай президент башка жогорку кызмат адамдарынан айырмаланып, Курултайга эки жылда бир отчет берсе болот.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Талапкерлердин көбү президенттик башкарууга ыкташат

Таалатбек Масадыков соңку жети жылда парламенттик система өзүн актабандыгын белгиледи, пикиринде ал системанын начардыгынан кабар бербейт, болгону коом ага даяр эмес экен деди.

«Азыркы маалда экономиканы көтөрүү үчүн президенттик система керек. Бир киши президент, ошол эле маалда премьер-министр болот. Чакан гана аппарат керек. Бирок биздин сунуш президенттен баштап, бүт депутаттардын баардыгынан кол тийбестикти алып салуу керек. Баардыгыз тен мыйзам алдында бирдей болушубуз керек», - деди Талатбек Масадыков.

"Кыргызстан парламенттик өлкө боло албады"

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Президенттик шайлоо: тарыхтагы курч атаандаштык

Президенттик жарышка чыккан 12 талапкердин ичиндеги жалгыз айым талапкер Токтайым Үметалиева 2003-жылы кабыл алынган президенттик-парламенттик башкаруу системасына кайтып баруу сунушун бердию

«Биз парламенттик өлкө боло алган жокпуз. Партиялык лидерлердин гана башкаруусу болуп калды. Бир үй-булөлүк башкаруудан качсак, азыр жети-сегиз үй-булөөгө көз карандууу болуп калдык. Ошондуктан мен бир мандаттуу округдарга кайрылып келүүнү талап кылам», -деди талапкер айым.

Үметалиева, ошондой эле, өлкөдө бийлик балансын тең салмакта кармоосу үчүн президент саясий уюмдардан эмес, жарандык коомдон көрсөтүлүүсү керек деген ойдо.

Талапкерлер мындан тышкары терроризм, коррупция менен күрөшүү, өлкөнү таза суу менен камсыздоо боюнча сунуштарын айтышты.

Дебаттардын экинчи айлампасында бүгүн КТРКда Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков чыгары күтүлүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар