БШК "жымжырттык күнүн" жарыялады

Шайлоо Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргыз Ресупубликасынын Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 14-октябрды "жымжырттык күнү" деп жарыялады.

«Бул күнү президентикке талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө укук берилбейт» деп билдирди БШКнын расмий сайты.

Ошондой эле БШК тарабынан аккредитациядан өткөн массалык маалымат каражаттары жана интернет басылмалар эч кандай үгүт материалдарын жарыялабайт.

«Эгерде «жымжырттык күнү» шайлоо өнөктүгүнүн катышуучулары тарабынан мыйзам бузуулар болсо, анда Борбордук шайлоо комиссиясы чара көрөрүн» эскертти.

Президенттик шайлоо ушул жекшембиде өтөт. Шайлоо жарышына 12 талапкер чыгып жаткан эле. Кечинде теледебаттар учурунда талапкерлердин бири, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров талапкерлигин алып саларын жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Буга чейин Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев талапкерлигин алган.

Бирок мыйзам боюнча шайлоо бюллетендери сентябрь башынан тарта эле даярдалып баштаган эле. Башында БШК 13 талапкерди каттап, бюллетенге киргизген.Талапкерлигин алып салгандардын аты-жөнү бюллетенден кол менен чийилет деп айтылды.

Чөлкөмдөгү эң демократиялуу өлкө саналган Кыргызстандагы шайлоонун коңшулары үчүн да мааниси чоң.

Мындан жети жыл мурунку ыңкылаптан кийин парламенттик башкаруу системасын тандап алган өлкөдө бийлик демократиялуу жол менен өткөрүлүп берилгени жатат. Мындай практика Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде да болгон эмес.

2011-жылы өткөөл учурдун президенти катары Роза Отунбаева бир жыл иштеп, шайлоодон кийин Атамбаевге бийлигин өткөрүп бергени бар.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Президенттик шайлоо: тарыхтагы курч атаандаштык

Президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин көбү өлкөнүн Баш мыйзамын кайрадан өзгөртүү керектигин белгилешүүдө. Президенттик башкарууну жактаган талапкерлер көп.

Демек, алдыдагы шайлоо өлкөнүн эртеңки багыты кандай болорун дагы аныктамакчы. (AbA)