Казакстан: 386 кыргызстандык мигрант административдик жоопко тартылды

386 кыргызстандык мигрант административдик жоопко тартылды

Бүгүн деле кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеринде абал жакшы жагына өзгөрбөгөнү белгилүү болду. Өзгөчө оор жүк ташуучу унаалардын катары дагы деле калың бойдон.

Кыргызстандын түштүк аймагын кыдырып жүргөн президент Алмазбек Атамбаев, бүгүн Баткенде күч органдарынын кызматкерлерине үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып, чек арадагы кырдаалга да кайрылып, коңшулардын аракетин кескин сынга алды.

"Үч күн бою региондорду кыдыруу менен бирге кыргыз-казак чек арасында болуп жаткан башаламандыкка көз салып турам. Ал жерде ЕАЭБдин бардык келишимдери бузулуп жатат. Бир нерсени айткым келет. Биздин эл далай сыноону башынан өткөргөн. Мындай үч миң жылдык тарыхы бар элди, үч күн курчоого алып коркутуу мүмкүн эмес",- деди президент Алмазбек Атамбаев.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети чет элдик жарандардын миграция мыйзамдарын сактоо боюнча ички иштер органдары менен биргеликте текшерүү өткөргөнүн маалымдады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды.

«Жалпысы болуп 8 миңден ашуун чет элдик жаран текшерүүгө алынып, анын ичинде эки жарым миңи Кыргызстандын жарандары. Жыйынтыгында 386 киши административдик жоопко тартылды, 242 киши Казакстан аймагынан чыгарылды. 69 кишинин өлкөдө жүрүү мөөнөтү кыскартылды. 21 киши административдик камакка алынды»,-деп жазды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин расмий сайты.

«Ушуну менен катар эле кыргыз бийлигинин президенттик шайлоо күнү криминалды колдонуп массалык башаламандык уюштурууга даярдык болуп жатат деген билдирүүсүн эске алып, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы өлкө аймагына кылмыштуу элементтердин кирип келүүсүнө жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрөт»,-деп кабарлады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Казак тарапка өтүү үчүн кезек күткөндөр көп

Казакстан Улуттук коопсуздук комитети Чек ара кызматынын пландуу операциясынын жүрүшүндө чек арадагы өткөрмө бекеттерден кирип-чыккандар саны кыскарган жок деди.

10-11-октябрда Кыргызстан тараптан 18680 киши чек араны кесип өткөн, Казакстан тараптан 14867 киши өткөн. Чек араны кесип өтүүдө 112 мыйзам бузуу катталды, анын 55и кыргыз жарандары деди Казакстандын атайын кызматы. Чек ара өтмөгүнөн башка жерде 65 кыргызстандык жаран чек ара мыйзамын бузган деп кармалган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы өткөрмө бекеттер тууралуу маалымат.

Эки күндөн бери кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап катуу текшерүүсүн күчөтүп, жөө жүргүнчүлөр дагы унаалар дагы өтө албай узун кезектер жаралган эле. Ошондой эле Казакстандын ар кайсыл шаарларында эмгектенген кыргызстандык мигранттарды ашыкча эле текшерүү күчөгөнү белгилүү болгон.

Айрымдар муну президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине карата айткан сын пикирине байланыштырып карап жатышат. Өткөн апта соңунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин президенттик шайлоого кийгилишип жатат деп сындаган эле. (AbA)